Д-р Ярно Хабихт

UNCT-KG-WHo-Jarno

Д-р Ярно Хабихт Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Өкүлү жана ДСУнун Кыргызстандагы Өлкөлүк кеңсесинин Башчысы болуп 2015-жылдын сентябрь айында дайындалган.

2011-жылдын январь айынан баштап жакынкы мезгилге чейин д-р Ярно Хабихт ДСУнун Өкүлү жана ДСУнун Молдова Республикасындагы Өлкөлүк кеңсесинин Башчысы болуп эмгектенген. Эстониянын жараны д-р Хабихт 2003-жылдан бери ДСУда өлкөлүк деңгээлде иштеп келатат. Ошол эле маалда Чыгыш Европанын жана Европа Биримдигинин бир катар өлкөлөрүндө ден соолукту коргоо жана коомдук саламаттык сактоо боюнча демилгелерге тартылган. Алар: саламаттык сактоо системасын жакшыртуу, саламаттык сактоону жана кызмат көрсөтүүлөрдү каржылоо, стратегиялык диалог түзүү. Ошондой эле 2008-жылы Таллин шаарында саламаттык сактоо системалары боюнча ДСУнун Европалык министрлер конференциясын уюштурууга да тартылган.

Буга чейин ал Эстониянын Медициналык камсыздандыруу фондунда саламаттык сактоо маселелери боюнча адис, Эстониянын Социалдык иштер боюнча министрлигинде жана Тарту университетинде коомдук саламаттык сактоо бөлүмүндө маалыматтык саламаттык сактоо боюнча демилгелерде жана бир катар долбоорлордо консультант жана илимий кызматкер болуп иштеген. Кесиби боюнча дарыгер (MD) жана Тарту университетинин (Эстония) доктордук даражасы (PhD) бар.