Тынчтык куруу Артыкчылыктарынын Планы

Тынчтык куруу Артыкчылыктарынын Планы (2013-2016)

Тынчтык куруунун артыкчылыктар Планынын (ТАП) негизги максаты – өлкөдө тынчтык куруу жаатындагы ишмердүүлүк үчүн стратегиялык багыттарды берүү. Бул укук үстөмдүгүн өнүктүрүүнү жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыздоону илгерилетүү үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерди түзүү жаатында негизги чакырыктарды/көйгөйлөрдү чечүү аркылуу ишке ашат.

ТАПты ишке ашыруу максатында БУУнун Тынчтык куруу фонду Кыргыз Республикасына 15,1 миллион АКШ доллары көлөмүндө каражат бөлдү. БУУ агенттиктери улуттук өнөктөштөр менен кызматташтыкта ТАПты ишке ашыруусу үчүн 10 долбоордук сунуш иштелип чыкты, аларды Биргелешкен жетектөөчү комитет карап чыгып, жактырды.

Аталган талдоонун негизинде иштелип чыккан Тынчтыкты курууда артыкчылыктар Планы өзүнө үч артыкчылыктуу багыттарды камтыйт:
1. Адам укуктарын коргоо механизмдери боюнча өтө маанилүү мыйзамдар, саясаттар/стратегиялар, реформалар жана сунуштар, анын ичинде Универсалдуу мезгилдүү сереп. Булар укук үстөмдүгүн колдоо, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана адам укуктарын сыйлоо, коргоо, аткаруу үчүн ишке ашырылат.

Тынчтык куруу жаатындагы муктаждыктарды жана керектөөлөрдү Баалоо боюнча отчет (ТМКБ) көрсөткөндөй, тынчтык куруудагы көптөгөн чакырыктар жана көйгөйлөр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: сот адилеттигине жеткиликтүүлүктүн жоктугу (анын ичинде өткөн чакта болгон жаңжалдарга байланыштуу), адам укуктарынын чабал корголуп, көп жакшы жайылтылбаганы, азчылыктардын жетишсиз катышуусу, мыйзамдарды акыйкатсыз колдонуу, отчеттуулуктун жоктугу, жазасыз калуу жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимдин жетишсиздиги. Кыргыз Республикасында сот адилеттигине тең жеткиликтүүлүктү жана стандарттарга ылайык адам укуктарын камсыздоо үчүн улуттук жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле укук үстөмдүгүн сактоо маанилүү.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары жана жарандык коом менен биргеликте жергиликтүү деңгээлде ажырымды жеңип, чыңалууну азайтуу үчүн потенциалга ээ.

Тынчтык куруу жаатында муктаждыктарды жана керектөөлөрдү баалоо (ТМКБ) боюнча отчет көрсөткөндөй, жергиликтүү бийлик дайыма эле элдин ишенимине ээ боло бербейт жана жергиликтүү бийлик да, адамдар да кээде борбордук мамлекеттик башкаруу органдарына ишенбөөчүлүгүн бидирип турушат. Ишенбөөчүлүктүн түрдүү даражасы жана масштабы байланыштарды бузуп, түшүнбөстүккө жеткирип, жаңжалдын курчушуна жана жайылышына себепчи болушу ыктымал.

3. Пилоттук мүнөздөгү саясаттар, демилгелер жана жалпы жарандык иденттүүлүктү, көп тилдүү билим берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө, көп түрдүүлүктү жана азчылыктардын укуктарын урматтоого жол берген мамилелер иштелип чыкты жана жайылтылды.

 

Тынчтык куруу Артыкчылыктарынын Планы (2017-2020)

Жаңыланган ТАП өткөн фазадагы (2013-2016) жетишкендиктерге негизденет, алар 2010-жылдагы окуялардан кийин ТОФ, ошондой эле башка эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылган.

1-артыкчылыктуу натыйжа: Сот адилеттигинин органдары жана коопсуздук секторунун мекемелери, бийликтин улуттук жана жергиликтүү органдары социалдык-инклюзивдик мамилелерди колдонушат, коомчулуктардын катышуусу менен чечимдерди кабыл алат жана коомдук мейкиндиктин кеңейишине кепилдик беришет (ПРООН, ЮНИСЕФ, БУУ АУАКБ (УВКПЧ), “БУУ-аялдар” түзүмү)
Социалдык-инклюзивдик, гендер маселесине сезимтал жана жаш курагынын ыкмасы менен радикалдашуунун жана зомбулук экстремизмдин алдын алуучу чараларды кабыл алуу боюнча экспертизаны жана мүмкүндүктөрдү өнүктүрүү үчүн улуттук жана жергиликтүү органдарга жардам көрсөтүлөт: зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү боюнча мамилелерди иштеп чыгууда укук коргоочу уюмдардын өкүлдөрүн, эксперттерин жана коомчулуктарын кошо алганда, ар кандай кызыкдар болгон тараптардан милиция, прокурорлор жана соттор консультациялык колдоо алышат.

2-артыкчылыктуу натыйжа: Жазаларды аткаруу кызматынын, шарттуу жоопко тартуу системасынын кызматкерлери, ошондой эле милициянын кызматкерлери жана соттук-медициналык эксперттер тиешелүү коргоо чараларын камсыз кылуу жана улуттук жана эл аралык стандарттарды сактоо менен зомбулук экстремизмин пайда кылуучу радикалдашуунун алдын алууга жана жоюуга жөндөмдүү болушат (БУУ КББ, ПРООН)
Дерадикалдашуу боюнча методологияларды иштеп чыгуу жана коомго экс-соттолгондорду реинтеграциялоо/ресоциалдаштыруу боюнча программаларды кабыл алуу жолу менен түрмөлөрдө радикалдаштыруу менен күрөшүү боюнча кадрдык потенциалды жогорулатуу боюнча (кызматкерлерге) Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК) колдоо көрсөтүлөт. Сириядан жана Жакынкы Чыгыштын башка өлкөлөрүнөн кайтып келгендерди реаблитациялоо жана реинтеграциялоо программаларын колдонууга киргизүү боюнча бийликтерге жардам көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматтын эксперттери жогорку сапаттагы диний компоненттер менен комплекстүү психологиялык-лингвистикалык экспертизаны ишке ашырышат.

3-артыкчылыктуу натыйжа: Аялдар жана эркектер, балдар жана кыздар максаттуу коомчулуктарда зомбулуктарды жайылтууга өбөлгө түзүүчү идеологияларга карата өтө критикалуу позицияны ээлешет жана көпчүлүк учурларда өздөрүнүн коомчулуктарына тийиштүү экендигин сезишет, зомбулук экстремизмине каршы күрөшүү маселелери боюнча жергиликтүү өнүктүрүүлөргө жана диалогдорго катышат (ЮНИСЕФ, ЮНФПА, "БУУ-аялдар” түзүмү)
Тобокелдик топторундагы жаштар, өспүрүмдөр, аялдар мектептерде, үй-бүлөдө жана коомдо зомбулуксуз маданияттын каражаттары жана көндүмдөрү жана жарандык компетенциялар жана өздөрүнүн билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана өлкөнүн социалдык, экономикалык жана саясий турмушуна катышуу үчүн жакшыртылган көндүмдөр жана компетенциялар аркылуу көп тилдүү окуу жолу менен өнүктүрүүгө каражаттар менен камсыз болушат. Лидерлер, жарандык коом жана диний лидерлер альтернативаларды жана жакшы идеяларды берүүгө жана аң-сезимдүү диалог курууга жана ой-пикирлерди алмашууга жөндөмдүү болушат.