Кыргыз Республикасы боюнча баяндама

2010-жылдын июнь айындагы кайгылуу окуялардан кийин тынчтыкты жана туруктуулукту орнотууда жана колдоодо Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык куруу Фонду (БУУ ТКФ) Кыргыз Республикасына колдоо көрсөтүп келет. 2010-жылы БУУ ТКФ Кыргызстанга өлкөнүн чыр-чатактар болгон региондорунда тынчтыкты жана ишенимди орнотуу максатында токтоосуз жооп кайтаруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 10 миллион АКШ долларын бөлүп берген. 2013-жылдын жаз айында Президент Алмазбек Атамбаевдин Жарлыгы менен тынчтык орнотуу боюнча планды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу үчүн долбоорлорду долбоорлорду бекитүү максатында Биргелешкен жетектөөчү комитет (БЖК) түзүлгөн. Биргелешкен жетектөөчү комитет (БЖК) өлкөнүн парламентинен, КР Президентинин жана Өкмөтүнүнү аппараттарынан, мамлекеттик ведомстволордон, улуттук Бейөкмөт уюмдардан жана БУУ агенттигинен иш алып бара турган 28 адамдан турат. БЖК Тынчтык куруунун артыкчылыктарынын планын (ТАП) иштеп чыгуу жана ишке ашыруу процесстери үчүн стратегиялык жетекчиликти жана ага көзөмөлдү ишке ашырат.

Тынчтык орнотуунун керектөөлөрүнө талдоо жүргүзүүгө негизденип, 2013-жылдын июнь айында БЖК Кыргызстан үчүн (2013-2016-ж.) Тынчтык куруунун артыкчылыктарынын планын (ТАП) иштеп чыккан жана жактырган. БУУ ТОФ Кыргыз Республикасына ТАПты ишке ашырууну колдоо үчүн 15,1 миллион АКШ доллары өлчөмүндө сумманы бөлүп берүүнү жактырган. Аны ишке ашыруу үчүн БУУ агенттиктери улуттук өнөктөштөрү менен кызматташтыкта долбоордук 10 сунуштарды иштеп чыгышкан, алар БЖК тарабынан каралып чыккан жана жактырылган.

ТОФ менен кызматташтыктын акыркы 7 жылында Кыргызстан жалпы суммасы 31 миллионго жакын АКШ долларындагы каражаттарды алган. 2017-жылы жаңы Тынчтык куруунун артыкчылыктарынын планы жактырылган. Жаңы ТАП радикалдашуунун алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн күч-аракеттерин колдоого багытталган, радикалдашуу болсо зордук көрсөтүүчү экстремизмге алып келет. ТАПты ишке ашыруудан күтүлүүчү натыйжалар – максаттуу коомчулуктардын радикалдашууга жана зомбулук экстремизмине жогорку туруктуулугу, тынчтык курууну контекстинде талдоого алынган бул феноменди пайда кылуучу негизги көйгөйлөрдү чечүү боюнча мамлекеттин жакшыртылган институционалдык мүмкүндүктөрү. Анын жыйынтык максаты чет өлкөлүк террористтер катары Сирияга жана башка өлкөгө кетип жаткан Кыргызстандын жарандарынын санынын, коомдук жана диний коомчулуктар менен мамлекеттик өнөктөштүктү бекемдөө аркылуу экстремисттик жана террористтик актылар учурларынын санынын кыскаруусунда жатат