БУУ ТКФ Кыргызстанда

БУУнун Тынчтык куруу фонду (ТКФ) 2010-жылдын июнь айындагы трагедиялуу окуялардан кийин тынчтыкты жана туруктуулукту бекемдөө чөйрөсүндө Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүп келатат.

2010-жылы БУУ ТКФ өлкөдө жаңжалдан жабыркаган аймактарында тынчтыкты жана ишенимди калыбына келтирүү боюнча чукул чара көрүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 10 миллион АКШ долларын бөлдү.

2013-жылы өлкө жетекчилигинин өтүнүчүнө жооп катары БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун Кыргызстанда тынчтыкты бекемдөө жана келечекте жаңжалдарды алдын алуунун институционалдык негиздерин камсыздоо боюнча системалуу маселелерди чечүүгө кошумча каражат бөлүп берүүнү жактырды.

Мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө

Тынчтык куруунун артыкчылыктар Планынын (ТАП) негизги максаты – өлкөдө тынчтык куруу жаатындагы ишмердүүлүк үчүн стратегиялык багыттарды берүү. Бул укук үстөмдүгүн өнүктүрүүнү жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыздоону илгерилетүү үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерди түзүү жаатында негизги чакырыктарды/көйгөйлөрдү чечүү аркылуу ишке ашат.

1-ТАП багыты: Сот адилеттигин жана мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө
Тынчтык куруу жаатындагы муктаждыктарды жана керектөөлөрдү Баалоо боюнча отчет (ТМКБ) көрсөткөндөй, тынчтык куруудагы көптөгөн чакырыктар жана көйгөйлөр өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: сот адилеттигине жеткиликтүүлүктүн жоктугу (анын ичинде өткөн чакта болгон жаңжалдарга байланыштуу), адам укуктарынын чабал корголуп, көп жакшы жайылтылбаганы, азчылыктардын жетишсиз катышуусу, мыйзамдарды акыйкатсыз колдонуу, отчеттуулуктун жоктугу, жазасыз калуу жана мамлекеттик бийлик органдарына ишенимдин жетишсиздиги. Кыргыз Республикасында сот адилеттигине тең жеткиликтүүлүктү жана стандарттарга ылайык адам укуктарын камсыздоо үчүн улуттук жана жергиликтүү мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун потенциалын жогорулатуу, ошондой эле укук үстөмдүгүн сактоо маанилүү.

Буга байланыштуу каралган демилгелер сот адилеттигине тең жеткиликтүүлүк, адам укуктарын сактоо жана илгерилетүү, жазасыз калуу менен күрөшүү, азчылыктардын натыйжалуу катышуусу жана көрсөтүлүшү (анын ичинде мамлекеттик кызматта) көз карашынан алганда узак мөөнөттүү өзгөрүүлөр үчүн, теңсиздикти жана коомдон обочодо калууну жеңүү үчүн, аны менен катар экономикалык мүмкүнчүлүктөргө, жаратылыш ресурстарына жана кызмат көрсөтүүлөргө тең жеткиликтүүлүктү берүү үчүн шарттарды түзөт.

Бул жыйынтыкка жетүү үчүн иштелип чыга турган долбоорлор мыйзам алдындагы теңдикке жана басмырлабоого жетүүгө гана көмөктөшпөстөн, ошону менен бирге жынысына, улутуна, динине жана башка айырмачылыктарына карабастан адамдарга өз укуктарын коргоого ыйгарым укуктарды берет. Алар мисалы, 2010-жылдын июнь айындагы окуялардын кайталануу ыктымалдыгы болбой турган жалпы келечекке жетүү үчүн  өткөн жаңжалдарга карата сот адилеттигине байланышкан маселелер кантип чечилгенине тиешелүү диалогду өнүктүрүүгө багытталат.

Ошол эле маалда жарандарда зарыл болгон өзгөрүүлөрдү баамдап, аларды жигердүү талап кылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Иш-чаралар жаштарга жана аялдарга, ошондой эле азчылыктар өңдүү башка топторго чечим кабыл алына турган форумдарда негизги ролду берүүгө жана тынчтык куруу боюнча иштерде лидерликти өнүктүрүүгө багытталат. Алар мындай өзгөрүүлөргө жетүү үчүн бардык мүмкүн болгон варианттарды талкуулоо үчүн мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү менен диалогго катышат. Инклюзивдүү диалогго негизделген мамиле мамлекеттик бийлик органдары менен жарандар ортосундагы ишенимди бекемдөөгө багытталган.

Бул жыйынтыктын алкагында каралган өзгөрүүлөр катализдик мүнөзгө ээ. Бул болсо адам укуктары боюнча өтө маанилүү мыйзамдарды, саясатты/стратегияларды, реформаларды жана механизмдердин сунуштарын, анын ичинде Универсалдуу мезгилдүү серепти (УМС) ишке ашырууда прогресстин жоктугу менен мүнөздөлгөн кырдаалды чечүүгө жардам берет. Бул максатка укук үстөмдүгүн камсыздоо, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана адам укуктарын коргоо жолундагы негизги тоскоолдуктарды/тосмолорду жок кылуунун эсебинен жетүүгө мүмкүн болот.

Потенциалды күчөтүү

Бейшемби, 23-апрель, 2015-жыл

Тынчтык куруунун артыкчылыктар Планынын (ТАП) негизги максаты – укук үстөмдүгүн өнүктүрүүнү илгерилетүү жана сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыздоо үчүн мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелерди түзүүнү кошкондо, негизги чакырыктарды/көйгөйлөрдү чечүү аркылуу өлкөдө тынчтык куруу жаатындагы ишмердүүлүк үчүн стратегиялык багыттарды берүү.

2-ТАП багыты: тынчтыкты жана ынтымакты колдоодо ЖӨБдүн потенциалын күчтөндүрүү
Тынчтык куруу жаатында муктаждыктарды жана керектөөлөрдү баалоо (ТМКБ) боюнча отчет көрсөткөндөй, жергиликтүү бийлик дайыма эле элдин ишенимине ээ боло бербейт жана жергиликтүү бийлик да, адамдар да кээде борбордук мамлекеттик башкаруу органдарына ишенбөөчүлүгүн бидирип турушат. Ишенбөөчүлүктүн түрдүү даражасы жана масштабы байланыштарды бузуп, түшүнбөстүккө жеткирип, жаңжалдын курчушуна жана жайылышына себепчи болушу ыктымал.

 

ЖӨБ органдары тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдарынын жана жарандык коомдун колдоосу менен жергиликтүү деңгээлде көйгөйлөрдү чечүү үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөргө ээ болот. Анткен менен аларды жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүктөрү адатта чектелүү. 2013-жылы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик негизделген. Муну менен ажырымды кыскартып, чыңалууну азайтуу максатында ЖӨБ органдарына жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү каралган. Мындан тышкары бир катар башка мамлекеттик институттар бирдей даражада ЖӨБ органдарына мындан дагы эффективдүү ролду ойноого жол бере алышат.

Бул жыйынтыктын алкагында каралган негизги өзгөрүү – өзгөчө жаңжалга көбүрөөк кабылган тармактарда ЖӨБ органдары инклюзивдүү диалогду жана жергиликтүү жамааттын тынчтыкты бекемдөө боюнча демилгелерин жетекчиликке алуу үчүн көбүрөөк потенциалга ээ болушат. Бул аракеттер жеринде бөлүнүүнү жок кылып, чыңалууну азайтууга көмөктөшөт. Бул нерсеге жетүү үчүн  ЖӨБ органдары, ошондой эле тийиштүү мамлекеттик органдар менен жарандык коом жергиликтүү деңгээлде тынчтыкты бекемдөөдө сезилээрлик жыйынтыктарды алып келе турган биргелешкен ишинде колдоого алынат. Ошондой эле тынтыкты бекемдөө боюнча артыкчылыктар Планын ишке ашырган мезгилде гана эмес, аны ишке ашыруу жыйынтыкталгандан кийин да колдоого ээ болушат. Тынчтык куруу жаатында жергиликтүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө көмөктөшүү үчүн ЖӨБ органдары менен биргеликте жарандык коом менен иштөө жана тийиштүү демилгелерди колдоо (анын ичинде жаштар, аялдар, диниятчылар, жеке сектор/ишкерлер, суу пайдалануучулар ассоциациялары, тынчтыкты бекемдөө боюнча комитеттер жана консультативдик комитеттер, жаштар борборлору ж.б.) өтө чоң мааниге ээ болот.

БУУ агенттиктери ЖӨБ органдары менен иш-чараларды 36 жерде жүзөгө ашырышат.

ТЫНЧТЫК КУРУУДА АРТЫКЧЫЛЫКТАР ПЛАНЫ

Өлкө боюнча жүргүзүлгөн 120дан ашык маектешүүлөр, Ош жана Бишкек шаарларындагы топтук талкуулар, жаңжалга себеп болчу факторлорду талдоо боюнча түрдүү отчеттор, ошондой эле Туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын (2013-2017-ж.ж.), 2013-жылы бекитилген Элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө концепциясынын, 2012-2016-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү максатында жардам берүү боюнча Алкактык программасынын (ЮНДАФ) негизги учурлары жана жаңжалдан кийинки мезгилде өлкөнү өнүктүрүүдө муктаждыктарды эсепке алган башка документтер биздин өлкөдө тынчтык куруу чөйрөсүндөгү керектөөлөргө жасалган анализдин өзөгүн түзөт.

Аталган талдоонун негизинде иштелип чыккан Тынчтыкты курууда артыкчылыктар Планы өзүнө үч артыкчылыктуу багыттарды камтыйт:

1.     Адам укуктарын коргоо механизмдери боюнча өтө маанилүү мыйзамдар, саясаттар/стратегиялар, реформалар жана сунуштар, анын ичинде Универсалдуу мезгилдүү сереп. Булар укук үстөмдүгүн колдоо, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү жакшыртуу жана адам укуктарын сыйлоо, коргоо, аткаруу үчүн ишке ашырылат.

2.     Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тийиштүү мамлекеттик башкаруу органдары жана жарандык коом менен биргеликте жергиликтүү деңгээлде ажырымды жеңип, чыңалууну азайтуу үчүн потенциалга ээ.

3.     Пилоттук мүнөздөгү саясаттар, демилгелер жана жалпы жарандык иденттүүлүктү, көп тилдүү билим берүүнү мындан ары өнүктүрүүгө, көп түрдүүлүктү жана азчылыктардын укуктарын урматтоого жол берген мамилелер иштелип чыкты жана жайылтылды.

ТАПты ишке ашыруу максатында БУУнун Тынчтык куруу фонду Кыргыз Республикасына 15,1 миллион АКШ доллары көлөмүндө каражат бөлдү. БУУ агенттиктери улуттук өнөктөштөр менен кызматташтыкта ТАПты ишке ашыруусу үчүн 10 долбоордук сунуш иштелип чыкты, аларды Биргелешкен жетектөөчү комитет карап чыгып, жактырды.

БУУ ТКФ жаңылыктар

  • 2018-ж., 18-июн.

    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) менен өнөктөштүктө төрт социалдык, шыктандыруучу мүнөздөгү «Жашоого кошул» роликтерин жайылта баштады. Бул роликтер жаштарды спортко тартуунун маанилүүлүгүнө арналган.

  • 2018-ж., 6-мар.

    Жапон Өкмөтү эки программаны ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 6,2 миллион доллар бөлөт. "Эл аралык кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы туруу" жана "Эне-баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө" деп аталган эки программаны БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы (БУУ БККБ) ишке ашырууда.

  • 2018-ж., 22-фев.

    Бул окуу куралы, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жана ага таасир этүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында семинарларды өткөрүү боюнча окуу куралы катары тренерлер үчүн иштелип чыкты. Окуу куралы, гендердик теория, анын табияты жана гендердик зомбулуктун түрлөрү боюнча базалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү материалдарынын кыскача топтомун камтыйт. Окуу куралында Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын өздөштүрүүгө жана аны ички иштер органдарынын системасында аткаруунун механизмдерине өзгөчө көӊүл бурулат. Окуу куралында ошондой эле, семинарларды өткөрүүдө колдонулуучу куралдардын сыпаттамасы камтылган, сунушталган темаларды өздөштүрүү үчүн усулдар менен көнүгүүлөрдүн топтому сунушталат. Окуу куралы бир гана жаӊыдан үйрөнүп жаткан теренерлер үчүн пайдалуу болбостон, ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер үчүн дагы, ал тургай гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып барган жарандардын кеӊири тобу үчүн дагы пайдалуу болуп саналат.

  • 2018-ж., 21-фев.

    Бул жыйнакка гендердик зомбулуктун алдын алуу, ага таасир этүү жана аны токтотуу көйгөйлөрүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана эл аралык-укуктук документтерден үзүндүлөр, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып баруу жаатындагы милдеттерин бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин акттары киргизилди. Жыйнак, ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана угуучуларына, ИИМ, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, прокуратуранын кызматкерлерине, юридикалык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине, ошондой эле гендердик зомбулук жаатындагы мыйзамдарга кызыкдар окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө арналды.