Юкиэ Мокуо

 Yukie Mokuo

Юкиэ Мокуо айым ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлү болуп эсептелет. Мокуо айым Кыргызстандагы балдардын жана аялдардын абалын жакшыртууга көмөктөшүү менен, ЮНИСЕФтин программаларынын кеңири өңүтүн (гуманитардык программалар жана өнүгүү программалары) пландоо, координациялоо жана баалоо үчүн жооп берет. Ал ошондой эле ЮНИСЕФтин кызматташтык боюнча өлкөлүк программаларын иштеп чыгуу жана башкаруу үчүн да жооптуу.

БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргыз Республикасындагы Өкүлү болуп дайындалганга чейин Мокуо айым 2009-жылдын июль айынан 2014-жылдын июль айына чейин ЮНИСЕФтин Украинадагы Өкүлү болгон. 2001-жылдын сентябрь айынан 2009-жылдын июль айына чейин Мокуо айым ЮНИСЕФтин Тажикстандагы Өкүлү болуп эмгектенген.

Мокуо айым 1995-жылдын февраль айында БУУнун Балдар фондундагы (ЮНИСЕФ) ишин ЮНИСЕФтин Монголиядагы (Улан-Батор ш.) кеңсесинин программалык координатору катары баштаган. 1997-жылы Мокуо айым ЮНИСЕФтин Косоводогу (Приштина ш.) кеңсесинин жетекчиси/негизги социалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча долбоордун координатору болуп эмгектенген. Бул жерде 2001-жылдын сентябрына чейин – БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлү кызматына дайындалганга чейин иштеген.

ЮНИСЕФте иштегенге чейин 1983-жылдын апрель айынан 1987-жылдын август айына чейин Мокуо айым Токио шаарындагы изилдөө институтунда аймактык өнүгүүнү пландоо боюнча кызматкери болгон. 1987-жылдын сентябрь айынан 1990-жылдын июль айына чейин Мокуо айым Фиджидеги Сува шаарында Шаарларды жана кыштактарды пландоо боюнча Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча департаментинде шаар куруучу катары иштеген. 1991-жылдын май айынан июль айына чейин Мокуо айым Бириккен Улуттар Уюмунун Түркиядагы Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын Башкармалыгында программалык кызматкер болуп иштеген.

Мокуо айым Жапониянын жараны. 1993-жылы Жапониянын Аялдар университетин экономика тармагындагы бакалавр даражасы боюнча аяктаган. 1995-жылы Мокуо айым АКШнын Корнели университетинде аймакты пландоо/өнүктүрүү жаатында магистр даражасын алган. Мокуа айым үй-бүлөлүү, кызы бар.