ЮНЕСКО Кыргызстанда

Бириккен Улуттар Уюмунун Билим берүү, илим жана маданият боюнча адистештирилген мекемеси (ЮНЕСКО) 1945-жылы түзүлгөн. ЮНЕСКОнун Алматыдагы Бюросу 1994-жылы ачылган жана төрт өлкөдө иш алып барат. Алар: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан. Ар бир өлкөдөгү ишмердүүлүгү ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиялар жана өз компетенциясындагы чөйрөлөрүндөгү өнөктөштөрдүн тармагы аркылуу жүзөгө ашырылат.

Уюмдун негизги миссиясы – билим берүү, илим, маданият, коммуникация жана маалымат аркылуу тынчтыкты бекемдөөгө жана адамдарды өнүктүрүүгө салым кошуу.

Ишмердүүлүгүнүн түрү боюнча ЮНЕСКО бир катар функцияларды аткарат:

  • идеялар лабораториясы: ЮНЕСКО өз компетенциясынын чөйрөсүндө өзгөчө маанилүү көйгөйлөрдү алдын алууда жана аныктоодо өзөктүк ролду ойнойт, аларды чечүү стратегиясын жана саясатын аныктайт.
  • эл аралык нормаларды иштеп чыгуу: ЮНЕСКО биздин замандын этикалык, ченемдик жана интеллектуалдык маселелерин талкуулоо үчүн форум катары кызмат өтөйт, бул маселелер боюнча универсалдуу макулдашууларды иштеп чыгат.
  • маалыматтык ресурс: ЮНЕСКО өз компетенциясынын чөйрөсүндө жеткиликтүү маалыматтарды, билимди жана алдыңкы тажрыйбаларды чогултат, өткөрүп берет, жайылтат жана алар менен алмашат. Бул үчүн инновациялык чечимдерди аныктайт жана аларды пилоттук долбоорлору аркылуу сыноодон өткөрөт.
  • катышуучу өлкөлөрдүн потенциалын жогорулатуу: ЮНЕСКО өнөктөштөрүнө адамдык жана институционалдык потенциалды жогорулатууга жардам берүү менен, эл аралык кызматташтыкка дем берет.
  • эл аралык кызматташтыктын катализатору: ЮНЕСКО – кызматташтыкты өнүктүрүүдө катализдик ролду ойногон адистештирилген көп тармактуу агенттик.

ЮНЕСКО жаңылыктары

  • 2016-ж., 23-ноя.

    ЮНЕСКОнун БМТИ жана ЮНЭЙДС Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧ тууралуу видеосабак тартуулайт

    1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү алдында көптөгөн мектептерде ВИЧти алдын алуу жана ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоону болтурбоого арналган сабактар жана атайын иш-чаралар өтөт. Мугалимдерге жана өсүп келаткан муундун саламаттыгы менен бакубатчылыгына кам көргөн бардык адамдарга жардам катары ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалымат технологиялары боюнча Институту (ЮНЕСКОнун БМТИ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын Аймакты колдоо тобу (ЮНЭЙДС) Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү (ЧЕБА) үчүн Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧти алдын алуу тууралуу видеосабак даярдашты. Белгилүү болгондой, Вера Брежнева – ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси.

  • 2016-ж., 7-ноя.

    Борбор Азияда мөңгүлөрдүн эриши Бишкекте талкууланат

    Кыргызстанда климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында мөңгүлөрдүн эришинин Борбор Азиядагы суу ресурстарынын абалына тийгизген таасирине арналган эл аралык семинар өттү. Бул семинар Борбор Азия жана ЮНЕСКО үчүн алдын алуу дипломатиясы боюнча Аймактык борбордун эгидасы алдында өттү. Семинардын катышуучулары суу ресурстарын башкарууга байланышкан көйгөйлөрдү талкуулашты.