БУУнун Коргоо жана коопсуздук департаменти (БУУ ККД)

БУУнун Коргоо жана Коопсуздук Департаменти БУУнун Башкы Ассамблеясынын Резолюциясы менен БУУнун Катчылыгындагы кеңсе катары 2005-жылы негизделген. Департамент коопсуздукту камсыздоо системасын башкаруу, ыкчам колдоо көрсөтүү жана анын иштешине көзөмөл жүргүзүү үчүн жооп берген уникалдуу мандатка ээ. Коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча департамент коопсуздук маселелери боюнча координаторлордун жана кеңешчилердин тармагын камтыйт. Алар БУУ программалары жүзөгө ашырылган бардык жерлерде жайгаштырылган. БУУ ККДнын жүздөн ашуун өлкөдө бөлүмдөрү бар. БУУ кызматкерлеринин коопсуздугу үчүн негизги жоопкерчилик кабыл алган өлкөнүн өкмөтүнө жүктөлгөнүнө карабастан, БУУ ККД кызматкерлердин, алардын багуусунда болгондордун коопсуздугу үчүн зарыл чараларды көрөт, Бириккен Улуттар Уюмунун системасынын алкагындагы программалардын жана ишмердиктин коопсуз жана эффективдүү жүзөгө ашуусуна көмөктөшөт.