Озонниа Ожиело

UNCT-KG-UNDP-RR-front

Озонниа Ожиело мырза Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу координатору / ПРООНдун Туруктуу өкүлү катары кызматтык милдетин аткарууга киришти. 

Бул дайындоого чейин, 2014-2017-жылдар аралыгында, Ожиелло мырза Аддис-Абебада Африкада тынчтык куруу жана башкаруу маселелери боюнча регионалдык директор катары иштеген.

Ал 2011-2014-жылдары ПРООНдун Нью-Йоркто жайгашкан кризистердин алдын алуу жана калыбына келтирүү бюросунда кризистердин алдын алуу жана калыбына келтирүү маселелери боюнча координатору болуп иштеген. Ага чейин ал Кенияда БУУнун Туруктуу жана гуманитардык маселелер боюнча координатордун тынчтык жана өнүктүрүү боюнча улук кеңешчиси жана Кенияда ПРООНдун Тынчтык куруу программасынын жетекчиси болгон (2008-2011-ж.); Ганада БУУнун Туруктуу координаторунун башкаруу маселелери боюнча улук кеңешчиси жана Ганада ПРООНдун башкаруу боюнча программанын жетекчиси катары иштеген (2004-2008-ж.).

2002-2004-жылдары ал Сьерра-Леондо чындык орнотуу жана ынтымакташтыруу боюнча комиссиясында офис жана башкаруу жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп иштеген. 

Ожиелло мырза Анабра штатынын (Нигерия) Илим жана технология мамлекеттик университетинин юриспруденция багытында бакалавр дипломуна ээ; Нигерия университетинин тарых боюнча магистр, Париждин менеджмент боюнча жогорку мектебинин стратегиялык башкаруу жана долбоорлорду башкаруу боюнча магистр даражаларына ээ. Ага кошумча ал Ибадана (Нигерия) университетинде тынчтык жана конфликт изилдөө боюнча илимдер доктору.