БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН)

БУУнун Өнүктүрүү программасы өлкөлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн глобалдык келечекти сунуштайт жана жеринде жардам көрсөтөт. Кыргызстандагы ПРООН демократиялык институттарды бекемдөө жана мыйзам үстөмдүгү маселелеринде мамлекет менен тыгыз кызматташып, негизги көңүлдү жаштарга жана аялдарга буруу менен, жакырчылыкты кыскартууга көмөктөшөт. Программа табигый байлыктарды туруктуу башкарууда жана жаратылыш кырсыктарынын тобокелдиктерин кыскартууда, жаңжалдарды алдын алуу саясатын ишке ашырууда жана ВИЧке, кургак учукка жана безгекке жооп чараларын бекемдөөдө улуттук аракеттерди колдойт.

ПРООН жаңылыктары

  • Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» темасында семинар өткөрүү боюнча окуу куралы

    Ички иштер органдарынын кызматкерлери үчүн «Гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу» темасында семинар өткөрүү боюнча окуу куралы

    Бул окуу куралы, гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, жана ага таасир этүүнү ишке ашырууга ыйгарым укуктуу ички иштер органдарынын кызматкерлеринин арасында семинарларды өткөрүү боюнча окуу куралы катары тренерлер үчүн иштелип чыкты. Окуу куралы, гендердик теория, анын табияты жана гендердик зомбулуктун түрлөрү боюнча базалык түшүнүктөрдү өздөштүрүү материалдарынын кыскача топтомун камтыйт. Окуу куралында Кыргыз Республикасынын «Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө» мыйзамын өздөштүрүүгө жана аны ички иштер органдарынын системасында аткаруунун механизмдерине өзгөчө көӊүл бурулат. Окуу куралында ошондой эле, семинарларды өткөрүүдө колдонулуучу куралдардын сыпаттамасы камтылган, сунушталган темаларды өздөштүрүү үчүн усулдар менен көнүгүүлөрдүн топтому сунушталат. Окуу куралы бир гана жаӊыдан үйрөнүп жаткан теренерлер үчүн пайдалуу болбостон, ошондой эле тажрыйбалуу тренерлер үчүн дагы, ал тургай гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып барган жарандардын кеӊири тобу үчүн дагы пайдалуу болуп саналат.

  • Аялдарга карата гендердик зомбулуктун алдын алуу көйгөйлөрүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларынын жыйнагы

    Аялдарга карата гендердик зомбулуктун алдын алуу көйгөйлөрүн жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларынын жыйнагы

    Бул жыйнакка гендердик зомбулуктун алдын алуу, ага таасир этүү жана аны токтотуу көйгөйлөрүнө тиешелүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынан жана эл аралык-укуктук документтерден үзүндүлөр, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлүк зомбулук менен иш алып баруу жаатындагы милдеттерин бекитүүчү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин акттары киргизилди. Жыйнак, ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана угуучуларына, ИИМ, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, прокуратуранын кызматкерлерине, юридикалык жогорку жана орто окуу жайларынын студенттерине, ошондой эле гендердик зомбулук жаатындагы мыйзамдарга кызыкдар окурмандардын кеӊири чөйрөсүнө арналды.

  • Кыргызстан БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнүн колдоосу менен электрондук өкмөткө карай дагы бир кадам жасады

    Кыргызстан БУУӨП жана Япониянын Өкмөтүнүн колдоосу менен электрондук өкмөткө карай дагы бир кадам жасады

    6-февралда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков, БУУ тутумунун Туруктуу Координатору/БУУӨП Туруктуу Өкүлү Озонниа Ожиело мырза жана Япониянын КРдеги өкүлү Улуу Урматтуу Ёсихиро Ямамура мырза Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматына 16 ыкчам комплексти (автомашинелерди) өткөрүп берүү аземине катышты. Атайын жабдуулары бар бул автомашинелер Мамлекеттик каттоо кызматынын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын жна ыкчамдуулугун арттырууга көмөктөшөт.

  • БУУ системасынын Туруктуу координатору / ПРООНдун Туруктуу өкүлү Озонния Ожиело кызматтык милдетин аткарууга киришти.

    БУУ системасынын Туруктуу координатору / ПРООНдун Туруктуу өкүлү Озонния Ожиело кызматтык милдетин аткарууга киришти.

    Бүгүн Озонния Ожиелло мырза Кыргыз Республикасында БУУ системасынын Туруктуу координатору / ПРООНдун Туруктуу өкүлү катары кызматтык милдетин аткарууга киришти.

  • Өкмөттө БУУ мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду

    Өкмөттө БУУ мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду

    Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө бүгүн, 19-майда, Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду.

  • Жапониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасы үчүн БУУӨП жана ЮНИСЕФ ишке ашыра турган үч гранттык долбоорго 11,9 миллион доллар бөлүп берди

    Жапониянын Өкмөтү Кыргыз Республикасы үчүн БУУӨП жана ЮНИСЕФ ишке ашыра турган үч гранттык долбоорго 11,9 миллион доллар бөлүп берди

    Бишкек, 2017-жылдын 7-марты. Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөт үйүндө Кыргыз Республикасындагы Жапониянын Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун системасынын Туруктуу Координатору, Кыргыз Республикасындагы БУУнун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) Туруктуу Өкүлү Александр Аванесов мырза жана Кыргыз Республикасындагы БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Өкүлү Юкиэ Мокуо айымдын ортосунда үч гранттык долбоорлор боюнча алмашуу ноталарына кол койуу болду. Долбоорлор БУУнун агенттиктери тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдөн жана кеңешүүлөрдөн кийин, улуттук артыкчылыктарды жана кызыкчылыктарды эске алуу менен даярдалган.

  • Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүнүн сунушталган көрсөткүчтөрүнүн акыркы тизмеги

    Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүнүн сунушталган көрсөткүчтөрүнүн акыркы тизмеги

    Туруктуу өнүгүү чөйрөсүндөгү максаттарга жетүүнүн көрсөткүчтөрү орундуу болгондо, кирешенин деңгээли, жынысы, курагы, расасы, этностук таандыктуулугу, миграциялык статусу, майыптуулугу, жашаган жери жана Расмий статистиканын негизги принциптерине ылайык башка белгилер боюнча бөлүү менен берилиши керек (Башкы Ассамблеянын 68/261 резолюциясы).

  • “Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”, - деп билдирди депутаттар менен жолугушууга катышкан өспүрүм.

    “Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”, - деп билдирди депутаттар менен жолугушууга катышкан өспүрүм.

    Бала чагыбыздагы ыр саптары эсиңиздеби? – “Биздин кыздар-кызгалдактар, эмнеден, эмнеден жасалган? Гүлдөрдөн, коңгуроо гүлдөрдөн”. Бүгүнкү күндө кыздар өлкөнүн өнүгүүсүнө толук кандуу катышууда. Буга мисал катары милицияга жардам берген секелек кыздарды келтирсек болот жана мында аларды гүлдөргө салыштыруу орунсуз болчудай.

  • Аял менен эркектин бирдей көрсөтүлүшү чечим кабыл алууда тең укуктуулукту билдирет

    Аял менен эркектин бирдей көрсөтүлүшү чечим кабыл алууда тең укуктуулукту билдирет

    2016-жылдын 6-7-октябрь күндөрү “Саясий партиялардын гендердик рейтинги: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечеги” аттуу эки күндүк семинар өттү. Семинар Румыния Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

  • Кыргызстанда ТӨМгө мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө

    Кыргызстанда ТӨМгө мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү боюнча эл аралык конференция өтүүдө

    КМШ өлкөлөрүнүн улуттук статистикалык кызматтарынын, Жогорку Кеңештин, КР Президенттик аппаратынын, КР Өкмөттүк аппаратынын, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Туруктуу өнүгүү максаттарына (ТӨМ) мониторинг жүргүзүүнүн улуттук системасын киргизүү боюнча Эл аралык конференцияга катышууда. Конференция 2016-жылдын 19-20-сентябрь күндөрү Бишкекте өтүп жатат.

  • Дүйнөнү сурдокотормо менен угуу

    Дүйнөнү сурдокотормо менен угуу

    2016-жылдын август айынан баштап Коомдук телерадиокомпаниянын каналында кечки жаңылыктар сурдокотормо менен коштоло баштайт. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн КТРК менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү программасынын ортосунда макулдашууга кол коюлду.

  • Эрте никесиз дени сак улут

    Эрте никесиз дени сак улут

    Кээде маалымат агенттиктеринде жарыяланган кабарларды окуп отуруп, бир маалыматтын өмүрү канчалык кыска болгону тууралуу ойлонуп кетем. Күн сайын ушунчалык көп сандагы кабарлар башка жаңылыктарга аралашып отуруп, кээде адамдын башына бардык нерсени батырса болот деген ой келет. Бирок алардын баары канчалык деңгээлде талданып, кийин тыянактар жасалат? Анткени кезекте башка он чакты жаңылык турбайбы.

  • Өлкө смартфондогу сандарда

    Өлкө смартфондогу сандарда

    Маалыматтар автордук укук, патенттер жана көзөмөлдүн башка механизмдери тарабынан чектелбестен андан ары колдонуу жана жайылтуу үчүн машина окуучу форматта жеткиликтүү болушу керек деген идеяны карманган ачык маалыматтар Концепциясы дүйнө жүзүндө кеңири жайылды. Data.gov өңдүү өкмөттүк демилгелер ачык маалыматтарга болгон кызыгуунун өсүшүнө таасирин тийгизди.

  • Кыргызстандагы ПРООН улуттук өнөктөштөр менен “Демократиялык башкаруу” программалык багыты боюнча иштин жыйынтыктарын талкуулады

    Кыргызстандагы ПРООН улуттук өнөктөштөр менен “Демократиялык башкаруу” программалык багыты боюнча иштин жыйынтыктарын талкуулады

    БУУнун Кыргыз Республикасындагы Өнүгүү программасы (ПРООН) улуттук жана эл аралык өнөктөштөр менен жылдык координациялык жолугушууну өткөрдү. Экинчи ирет өтүп жаткан бул жолугушууда 2015-жыл үчүн “Демократиялык башкаруу” программасынын негизги жыйынтыктары талкууланды. Ошондой Кыргызстан үчүн ПРООНдун 2011-жылдын 9-августунда кабыл алынган Өлкөлүк программалык документин (2012-2017-жылдар) ишке ашыруу жана өнүгүүнүн улуттук артыкчылыктарын эсепке алуу менен 2016-жылы жасалчу иштин багыттары талкууланды.

  • Кыргыз сериалы – эркекте калыптанып калган көз карашка чакырык

    Кыргыз сериалы – эркекте калыптанып калган көз карашка чакырык

    Мен бөлмөгө кирээр замат айланадагы декорациялар көзүмө жылуу учурады. Бул аптасына бир жолу улуттук телеканалдан көрсөтүлүп турган “10-канал” кыргыз комедиялуу телесериалынын студиясы эле. Бул бөлмө өзүнчө эле “согуш талаасы”. Бул жерде сценарий боюнча аялдар өз үнүн жеткирүү үчүн кээде аргасы кеткен чараларга да барышат. Бул оңой эмес кармашта бирде жеңиш аялдар тарапта болсо, бирде алар жеңилүү ызасын тартышат.

  • Кыргызстандагы ПРООН жана Бишкектеги Орхус борбору БУУнун 70 жылдыгына арналган лекцияларды өткөрүштү

    Кыргызстандагы ПРООН жана Бишкектеги Орхус борбору БУУнун 70 жылдыгына арналган лекцияларды өткөрүштү

    7-октябрда Бишкекте БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) КРдагы координатору К.Гребнев менен Орхус борборунун жетекчиси А.Нурбеков К.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университеттин Жаратылыш ресурстарын башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолушту.