ВИЧ/СПИД БОЮНЧА БУУнун БИРИКТИРИЛГЕН ПРОГРАММАСЫ (ЮНЭЙДС)

ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун бириктирилген программасы (ЮНЭЙДС) бирдиктүү идеяга жетүү үчүн жол баштайт жана дүйнөгө дем берет: жаңы ВИЧ илдетин жуктургандар – нөл, басмырлоого дуушар болгондор – нөл жана СПИДдин кесепетинен өлүмдөрдүн саны – нөл. ЮНЭЙДС БУУнун 11 мекемесинин аракеттерин бириктирет. Алар: БУУ КЖКБ, ЮНИСЕФ, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы, ПРООН, ЮНФПА, ЮНОДК, “БУУ-Аялдар”, Эл аралык эмгек уюму, ЮНЕСКО, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана Дүйнөлүк банк. ЮНЭЙДС Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу үчүн глобалдык жана улуттук өнөктөштөр менен тыгыз кызматташат. Сиз толук маалыматты www.unaids.org unaids.org сайтынан таба аласыз, же биз менен FacebookTwitterInstagram жана YouTube аркылуу байланышсаңыз болот.

Чараларды тездетүү: СПИД эпидемиясын 2030-жылга чейин жок кылуу

2030-жылга чейин орто аралыктагы максаттарга жетүү менен дүйнө СПИД эпидемиясын 2030-жылга чейин жок кылуу жолуна түшөт. Мындан пайда эбегейсиз чоң болот. ЮНЭЙДСтин баасына ылайык, 2020-жылга чейин алдыга коюлган максаттарга жетүү учурдагы мамилени колдонууга салыштырмалуу көп кырдуу олуттуу пайда алып келет.

Чараларды тездетүүгө карата мамиле бизге “нөлгө” умтулган максатыбызга жетүүгө жардам берет

Чараларды тездетүүгө карата мамиле – бул глобалдык, регионалдык, улуттук, облустук, райондук жана шаардык деңгээлдерде жүргүзүлгөн иштердин ыргагын күчөтүү, аракеттерди бириктирүү жана кайра түзүү программасы. Ал өзүнө ВИЧке байланыштуу алдын алуу жана дарылоо боюнча жогорку натыйжалуу кызмат көрсөтүүлөрдү тездетүү жана өз алдына дымактуу максаттарды коюу чараларын камтыйт. Бул жакка кызмат көрсөтүүлөрдүн масштабын кеңейтүү үчүн инновацияларды колдонуу, адамдардын керектөөлөрүнө жана кызыкчылыктарына мыкты шайкеш келүүнү камсыздоо, жеринде жана ВИЧ жогору болгон топтордо өзгөчө көңүл буруу кирет. Ал социалдык жана укуктук тоскоолдуктарды жок кылууга багытталып, адам укуктарын өнүктүрүүгө жана гендердик теңдикке көмөктөшөт.

Тездетүү боюнча чаралар 90-90-90 жетүү максатын көздөйт: 2020-жылга чейин ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өз статусу тууралуу билет, ВИЧ-статусун билген адамдардын 90% дарыланат, дарыланып жаткан адамдардын 90% вирустук супрессияга жетет. Мунун натыйжасында алардын иммундук системасы күчтүү бойдон кала берет, ал эми ооруну жуктуруу ыктымалдуулугу бир кыйла азаят. Тездетүү боюнча чаралардын жыйнагына ВИЧти алдын алуу жана басмырлоону толугу менен жок кылуу, анын ичинде өзгөчө калктын эң аярлуу топторунун арасында жаңы ВИЧ илдеттердин санын олуттуу түрдө кыскартуу жана басмырлоочу мыйзамдарды жок кылуу жаатындагы дымактуу максаттар кирет.

ВИЧти алдын алуу, тестирлөөнү күчөтүү, дарылоо боюнча жогорку натыйжалуу максаттуу чараларды, басмырлоого каршы программаларды ишке ашыруу жана адам укуктарын, гендердик теңдикти сактоо, коргоо жана илгерилетүү чараларын бекем кармоо менен ВИЧ илдетин жуктурган адамдардын санын кыскартуу мүмкүн: 2010-жылы 2,1 миллион болсо, 2020-жылга чейин 500 000ге жана 2030-жылга чейин 200 000ге чейин. Бул коомдук саламаттык сактоого коркунуч жараткан СПИД эпидемиясынын жок болушун билдирет.

Толук маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемеге кириңиз: http://www.unaids.org/ru/resources/documents/2015/201506_JC2743_Understanding_FastTrack

ЮНЭЙДСтин 2016-2021-ЖЫЛДАРГА СТРАТЕГИЯСЫ 

ЮНЭЙДС жаңылыктары

  • Жаңы чакырыктар, эми эмне болот?

    Жаңы чакырыктар, эми эмне болот?

    18-19 – сентябрда Бишкекте узак убакыттан бери алгачкы ирет “АИВ менен кургак учуктун жаңы чакырыктары” аттуу жогорку деңгээлдеги улуттук конференция болуп өттү. Өткөрүлгөн иш-чаранын негизги максаты – АИВ жана кургак учук боюнча алдын алуучулук программаларга инновациялык мамиле кылууну ишке киргизүү жана өз ара иштешүүнү күчөтүү үчүн саясатчылар менен чечим кабыл алуучу адамдардын көңүлүн аймактагы жана өлкөдөгү АИВ-инфекциясы менен кургак учукка байланышкан көйгөйлөргө буруу болуп саналат.

  • Ыктыярдуу элчи Вера Брежнева жана жергиликтүү жылдыздар  Кыргызстанда ВИЧ менен жашаган адамдарга колдоосун көрсөтүүдө

    Ыктыярдуу элчи Вера Брежнева жана жергиликтүү жылдыздар Кыргызстанда ВИЧ менен жашаган адамдарга колдоосун көрсөтүүдө

    2017-жылдын 16-май күнү Бишкек шаарында Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүндө БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен программасынын Ыктыярдуу элчиси, ырчы, актриса жана телеалып баруучу Вера Брежневанын катышуусу менен маалымат жыйыны өтүүдө.

  • Ар бир адамга юридикалык жардам

    Ар бир адамга юридикалык жардам

    “Аракет плюс” коомдук фонду “Прецедент” юридикалык компаниясы менен биргеликте ВИЧ менен жашагандарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө комплекстүү социалдык жана юридикалык кызмат көрсөтүү маселелери боюнча мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери, ошондой эле социалдык коргоо, ички иштер органдарынын өкүлдөрү үчүн консультацияларды өткөрүүдө.

  • Туруктуулук жана институционалдаштыруу жолунда

    Туруктуулук жана институционалдаштыруу жолунда

    2017-жылдын 15-17-февраль күндөрү стратегиялык пландоо маселелери боюнча мультидисциплинардык команданын мүчөлөрү үчүн семинар-тренинг өттү.

  • ЮНЕСКОнун БМТИ жана ЮНЭЙДС Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧ тууралуу видеосабак тартуулайт

    ЮНЕСКОнун БМТИ жана ЮНЭЙДС Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧ тууралуу видеосабак тартуулайт

    1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү алдында көптөгөн мектептерде ВИЧти алдын алуу жана ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоону болтурбоого арналган сабактар жана атайын иш-чаралар өтөт. Мугалимдерге жана өсүп келаткан муундун саламаттыгы менен бакубатчылыгына кам көргөн бардык адамдарга жардам катары ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалымат технологиялары боюнча Институту (ЮНЕСКОнун БМТИ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын Аймакты колдоо тобу (ЮНЭЙДС) Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү (ЧЕБА) үчүн Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧти алдын алуу тууралуу видеосабак даярдашты. Белгилүү болгондой, Вера Брежнева – ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси.

  • ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Сарыбаева Мээрим мультидисциплинардык командалар менен жолукту

    ЮНЭЙДСтин өлкөлүк директору Сарыбаева Мээрим мультидисциплинардык командалар менен жолукту

    МДК кабинеттерин кыдырган маалда Сарыбаева Мээрим команда мүчөлөрү менен жолугушуп, үй-бүлөлүк медицина борборлорунун кардарлары жана жетекчилиги менен баарлашты. Өлкөлүк директор медициналык мекемелердин администрациясын ЮНЭЙДСтин жаңы ыкмасы менен тааныштырды. Ага ылайык, 2020-жылга чейин ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өз илдети тууралуу билиши үчүн ВИЧке тестирлөөнүн кызмат көрсөтүүлөрүн бир кыйла кеңейтүү зарыл. Кеңири аудиторияны камтый ала турган жаңы өнөктөштөрдү тартуу бул максатка жетүү жолунда өтө маанилүү кадам болуп эсептелет.

  • 2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

    2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

    Чоң адамдар арасында ВИЧ илдетин жуктургандардын санынын азайышы токтоду. ЮНЭЙДСтин "Prevention gap" отчетунда дүйнө жүзү боюнча жыл сайын болжол менен 1,9 миллион адамда ВИЧ илдети аныкталып жатканы айтылат. Акыркы беш жылда айрым региондордо ВИЧ илдетин жуктургандардын саны өстү. Отчетто белгиленгендей, 2030-жылга СПИД эпидемиясын болтурбоо максатында ВИЧти алдын алуу боюнча аракеттер күчөтүлүшү керек.

  • Кыргыз Республикасында ВИЧ илдетин стабилдештирүү боюнча жаңы мамлекеттик программанын өзөктүк багыттары аныкталды

    Кыргыз Республикасында ВИЧ илдетин стабилдештирүү боюнча жаңы мамлекеттик программанын өзөктүк багыттары аныкталды

    22-23-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында 2017-2020-ж.ж. ВИЧ илдетин стабилдештирүү боюнча жаңы мамлекеттик программаны иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун кеңейтилген отуруму өттү.

  • ЮНЭЙДС демөөрчүлөрдөн Глобалдык фондду толугу менен каржылап берүүнү өтүндү

    ЮНЭЙДС демөөрчүлөрдөн Глобалдык фондду толугу менен каржылап берүүнү өтүндү

    СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү максатында Глобалдык фонддун ресурстарын толуктоо боюнча Монреалда (Канада) 16-17-сентябрда өтө турган бешинчи Конференциянын алдында БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча биргелешкен программасы (ЮНЭЙДС) демөөрчүлөргө кайрылып, Глобалдык фондду толугу менен каржылоону өтүндү. Глобалдык фонд – СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча программаларды колдоо үчүн каражаттарды тарткан жана инвестициялаган финансы мекемеси – үч жылга (2017-2019) 13 млн. АКШ доллары көлөмүндө каражат берүүнү өтүндү.

  • Эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат.

    Эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат.

    Эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалыматты ушул шилтемеден таап, окуй аласыз. Булак: http://aidscenter.kg/ru/

  • ВИЧ жана СПИД боюнча саясий декларация: 2030-жылга чейин ВИЧ менен күрөштү активдештирүүгө жана СПИД эпидемиясын токтотууга тездетилген ыргак менен

    ВИЧ жана СПИД боюнча саясий декларация: 2030-жылга чейин ВИЧ менен күрөштү активдештирүүгө жана СПИД эпидемиясын токтотууга тездетилген ыргак менен

    ЮНЭЙДС 2016-жылы БУУнун Башкы Ассамблеясы кабыл алган СПИДди токтотуу боюнча Саясий декларациясында бекитилген жаңы максаттарды, тапшырмаларды жана милдеттенмелерди кубаттайт. Өлкөлөр 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу үчүн аракеттерди активдештирүү боюнча тарыхый жактан маанилүү жана чукул планды бекитишти. Саясий декларация кийинки беш жыл ичинде СПИД менен күрөшүү боюнча чараларды тездетүүгө глобалдык мандат берет.

  • Новаторлорго, аткаруучуларга, инвесторлорго, активисттерге жана лидерлерге 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотууну тездетүү чакырыгы

    Новаторлорго, аткаруучуларга, инвесторлорго, активисттерге жана лидерлерге 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотууну тездетүү чакырыгы

    СПИД эпидемиясы бүтүндөй бир муун үчүн саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык күн тартибин аныктады. СПИДге байланыштуу алгачкы өлүмдөр мындан 30 жыл мурда катталган жана ВИЧ эпидемиясы глобалдык масштабга жетти. Бул эпидемия бардык өлкөлөр үчүн коркунуч жаратып, алардын ичинен эң аярлуу өлкөлөрдү дестабилдештирүүгө жөндөмдүү. 2000-жылы СПИД өнүктүрүү жаатындагы он жылдык ийгиликтерди жокко чыгарып койду.

  • Терминология боюнча ЮНЭЙДСтин колдонмосу - 2015

    Терминология боюнча ЮНЭЙДСтин колдонмосу - 2015

    Тил элести калыптандырып, жүрүм-турумга таасирин тийгизе алат. Тилди тең салмактуу колдонуу эпидемияга байланыштуу көрүлүп жаткан глобалдык жооп чараларды күчөтүүгө жол ачат. Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ/СПИД боюнча программасы (ЮНЭЙДС) ылайыктуу деп табылган терминология боюнча ушул колдонмону кеңири коомчулукка сунуштайт. Бул жандуу жана дайыма өзгөртүлүп турган документ.

  • СПИД сандарда – 2015

    СПИД сандарда – 2015

    Дүйнө эли ВИЧтин жайылуусун токтотуп, илдеттин артка чегинүүсүн мүмкүн кылды. Адамзаты эпидемиянын азайышына шарт түздү. ВИЧ-илдетин жуктургандардын жана СПИДдин кесепетинен өлгөндөрдүн саны эпидемия катуу күчөп турган мезгилге салыштырмалуу олуттуу түрдө кыскарды. Учурда илдетке каршы туруу боюнча көрүлгөн чаралар жаңы максатты көздөйт – 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу.