Эл аралык Миграция Уюму

Эл аралык Миграция Уюму / Бириккен Улуттардын Уюмунун миграция боюнча агенттиги

Миграция боюнча эл аралык уюму (МЭАУ) Бириккен Улуттардын Уюмунун миграция боюнча агенттиги катары гумандуу жана тартипке келтирилген миграция баардык тараптарга пайдасы бар деген принцибин илгерлетүү максатында 1951-жылы түзүлгөн.

Уюмдун негизги максаты - бул өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө жана мигранттарга кызмат көрсөтүү жана кеп-кеңеш берүү.

Миграция боюнча эл аралык уюму миграция маселелери боюнча эл аралык кызматташууга көмөктөшөт; миграциялык процесстер чөйрөсүндө чечимдерди издөөгө жардам көрсөтөт; муктаж болгон мигранттарга, качкындарга же жер которгон мигранттарга гуманитардык жардам берет.

Миграция боюнча эл аралык уюму Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө жана элине туруктуу саясатты иштеп чыгуу жана аларды жүзөгө ашыруу, мыйзамдарды жана тиешелүү түзүмдөрдү жакшыртуу боюнча өзүнүн жардамын көрсөтөт.

Кыргызстанда иштеп жаткан программалар жана долбоорлор мигранттардын муктаждыктарын канааттандырууга багытталган мамлекеттик, өкмөттүк эмес жана жеке сектордогу өнөктөштөрдүн дараметин жогорулатуу боюнча маанилүү компоненттерди камтыйт.