БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (БУУ ФАО)

Туруктуу азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактанууну жакшыртууга жетүү максатында биргелешип иш алып баруу

Баары үчүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо ФАОнун негизги тапшырмаларынын бири болуп эсептелет. Тагыраак айтканда, активдүү жана сергек жашоо үчүн зарыл болгон жогорку сапаттагы тамакка туруктуу жеткиликтүүлүктү кепилдейт.

ФАО көздөгөн негизги үч максаттар төмөнкүлөр: ачарчылыкты, азык-түлүк коопсуздугун жана чала тоюуну жок кылуу; жакырчылыкты жоюу жана баары үчүн экономикалык-социалдык өнүгүүгө дем берүү, ошондой эле азыркы жана келечек муундардын жыргалы үчүн жерди, сууну, абаны, климатты жана генетикалык ресурстарды туруктуу башкаруу жана колдонуу.

1993-жылы Кыргызстан ФАОго мүчө болгондон бери өнөктөш мамилелер сакталып келүүдө. Биринчи жолу ФАОнун бөлүмү өлкөдө 2009-жылы ачылган. 2012-жылы ал кеңейтилип, 2014-жылы ФАОнун Кыргыз Республикасындагы Өкүлү дайындалган. ФАО жүргүзгөн техникалык экспертиза айыл чарба тармагын, анын ичинде өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал жана балык чарбачылыгы жаатындагы долбоорлорду камтыйт. Ошондой эле климат өзгөрүп жаткан шарттарда жер жана токой ресурстарын үнөмдүү пайдалануу бөлүгүндө колдоо көрсөтүп келет.

Кыргызстанга жардам ФАОнун 2015-2017-жылдарга Өлкөлүк программаларынын механизминин (ӨПМ) алкагында уюштурулат. Ал төрт артыкчылыктуу багыт боюнча иш алып барат:­

  • Туруктуу азык-түлүк коопсуздугуна жетүү жана тамактанууну жакшыртуу боюнча иш-чараларды баалоо, пландоо жана ишке ашыруу жаатындагы потенциалды өркүндөтүү­
  • Жаратылыш ресурстарын үнөмдүү пайдалануу максатында кесипкөй жана институционалдык потенциалды, ченемдик укуктук базасын жана колдоо кызматтарын бекемдөө. Бул болсо айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгүнүн өсүшүн камсыздоо, эффективдүү инклюзивдүү өндүрүштүк-тиричилик айыл чарба чынжырын түзүү жана балык чарбасы менен малчылык тармактарына басым жасоо менен, элет аймактарынын жашоочуларынын кирешелерин жогорулатуу үчүн жасалат
  • Элет калкынын аярлуу топторуна колдоо көрсөтүүнү кошкондо, табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана чукул кырдаалдарга реакция көрүү чараларын уюштуруу боюнча атайын стратегияларды иштеп чыгуу жолу менен климаттын өзгөрүүсүнө, кризистерге жана жаратылыш кырсыктарына туруктуулукту жогорулатуу. ­
  • Өзгөчө башында аялдар турган үй чарбалыктар арасында, элет райондорунда жакырчылыктын масштабын кыскартуу максатында социалдык жактан багытталган базар экономикасын бекемдөө боюнча дараметти күчтөндүрүү.

ФАО жаңылыктары

  • Өкмөттө БУУ мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду

    Өкмөттө БУУ мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду

    Кыргыз Республикасынын Өкмөт Үйүндө бүгүн, 19-майда, Бириккен Улуттар Уюмунун мекемелер системасы тарабынан Кыргызстанды 2018-2020-жылдар аралыгында өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жаатында кызматташуу тууралу келишимге кол коюлду.

  • Чүй облусунун Москва районунун Жайыл токой чарбасынын «Предтеченка» бөлүмүндө таттуу бадамдын уруктары себилет

    Чүй облусунун Москва районунун Жайыл токой чарбасынын «Предтеченка» бөлүмүндө таттуу бадамдын уруктары себилет

    Азыркы мезгилде Кыргызстандын кургак токойлуу жерлери деградацияга учуроодо, ошону менен бирге эле көптөгөн экологиялык, социалдык жана экономикалык пайдаларды алып келүүчү токойлорду туруктуу башкаруучу инновациялык технологияларды үйрөнүп, иштетүүгө ар кандай тоскоолдуктар байкалууда.

  • Япония өкмөтү Кыргызстанга 21 автоунаа бөлүп берди

    Япония өкмөтү Кыргызстанга 21 автоунаа бөлүп берди

    Бүгүн Сокулук районунда Япония өкмөту тартуулаган автоунааларды өткөрүп берүү салтанаты болуп өттү. Тойота хайлукс унаалары Кыргыз Республиканынын айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация Министрилигинин алдындагы химиялаштыруу жана өсүмдүтөктөрдү коргоо департаменинин Сокулуктагы бөлүмү үчүн алып келинген. Иш чараны Кыргыз Республикасынын Премьер министри Сооронай Жеенбеков, Кыргыз Республикасындагы Япония элчиси Яшихиро Ямамура жана Кыргыз Республикасындагы ФАО ООНдун окулу Дорджи Кинлай ачышты. Ошондой эле, иш чарада Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак аш өнөр жай жана мелиорация министри Мурашев Нурбек, финансы министри Адылбек Касымалиев, өкмоттун Чүй областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Кудайбергенов жана Премьер министрдин аппаратынын агро өнөр жай жана экология бөлүмүнүн жетекчиси Таалайбек Далбаев катышышты.

  • Европада жана Борбор Азияда FSN форуму

    Европада жана Борбор Азияда FSN форуму

    “Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу программасы аракетте. Бул багыттагы саясатты мындан дагы майнаптуу ишке ашыруунун кандай жолдору бар?” онлайн-консультациясы Түштүк-Түштүк линиясы боюнча Кызматташтык тарабынан берилген финансылык колдоо алдында Кыргызстандагы ФАО бөлүмүнүн жана Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча ФАО глобалдык форумунун (FSN форуму) демилгеси менен өткөрүлүп жатат.

  • Климат өзгөрүүдө, ал эми аны менен кошо азык-түлүк жана айыл чарбасы да кошо өзгөрүп жатат

    Климат өзгөрүүдө, ал эми аны менен кошо азык-түлүк жана айыл чарбасы да кошо өзгөрүп жатат

    2016-жылдын 16-октябры – Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк күнү 1946-жылы дал ушул күнү ФАО түзүлүп, ошондон бери жыл сайын 16-октябрда Бүткүл дүйнөлүк азык-түлү күнү белгиленип келет. Иш-чара дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүндө өтөт жана бул БУУнун календарындагы өзгөчө кеңири белгиленген күндөрдүн бири. Бул иш-чаралар дүйнө коомчулугунун маалымдуулугун жогорулатып, ишмердүүлүктү ачарчылыктан азап чеккендердин санын кыскартууга, ошондой эле ар бир адам үчүн азык-түлүк коопсуздугун жана толук кандуу тамактанууну камсыздоого жардам берет.

  • Кыргызстандык аялдарга саан уйлар жана айыл чарба техникасы берилди

    Кыргызстандык аялдарга саан уйлар жана айыл чарба техникасы берилди

    Өткөн аптада Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жашаган элеттик аялдар 54 баш саан уй алышты. Бодо мал, ошондой эле бир нече айыл чарба техникасы менен камсыздоо Шейцария өкмөтүнүн финансылык колдоосунун арты менен мүмкүн болду.

  • Кыргызстандык фермер-жол баштоочу киноанын “толкунун кармады”

    Кыргызстандык фермер-жол баштоочу киноанын “толкунун кармады”

    Протеинге бай киноа дүйнөдө популярдуу продукт болуп жаткан чакта кыргыз айылындагы фермер өз эмгегинин үзүрүн көрө баштады. Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жашаган Азамат Касеев ушул айдын башында киноанын түшүмүн чогултту. Жабдуу, окуу, талаа сыноолору – мунун баарын ал БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) долбоорунун алкагында алды. Бул долбоор Түштүк Американын плантацияларында өскөн киноаны Кыргызстанда өстүрүү мүмкүнчүлүгүн сыноо максатын көздөйт.

  • Кыргызстанда жаңы балык питомниги жана аквамаданият үчүн тоют өндүрүү цехи ачылды

    Кыргызстанда жаңы балык питомниги жана аквамаданият үчүн тоют өндүрүү цехи ачылды

    Өткөн аптада Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда жаңы балык питомниги жана балыктар үчүн тоют өндүрүү боюнча цех ачылды. Бул Советтер Союзу урагандан кийинки аквамаданият жаатындагы инфраструктуралык колдоонун алгачкы мисалы.

  • Статистика Борбор Азиядагы элеттик аялдардын абалын чагылдырат

    Статистика Борбор Азиядагы элеттик аялдардын абалын чагылдырат

    Ушул аптада Түркиянын Стамбул шаарында эки күндүк семинар өтүп, анда Тажикстан менен Кыргызстандын айыл чарба жана айыл тармактарынын гендердик мазмуну, муну менен катар айыл чарба статистикасынын жаңы инструментарийи да тааныштырылды.