БУУнун өлкөлүк командасы жана Туруктуу координатору

 БУУнун өлкөлүк командасы

Кыргыз Республикасындагы БУУнун агенттиктеринин бардык башчылары БУУ системасынын Өлкөлүк командасына киришет. Алар биргелешкен оперативдүү ишмердүүлүк, өнүгүү максаттары, чукул кырдаалдарга реакция жасоо боюнча жана биргелешкен чечимдерди талап кылган башка маселелер боюнча чечимдерди кабыл алышат.

БУУ системасынын Өлкөлүк командасын БУУ системасынын Туруктуу координатору жетектейт. Ал болсо БУУнун Башкы катчысынын дайындалган өкүлү болуп саналат. Өкмөт менен тыгыз кызматташтыкта Туруктуу координатор БУУнун Өлкөлүк командасын жетектөөдө жана өнүгүү жаатындагы улуттук артыкчылыктарды колдоодо БУУ көрсөткөн колдоого шайкештикти камсыздоо үчүн өнүгүү максатында БУУ системасынын бардык ыкчам ишмердүүлүгүн координациялоодо өзөктүк ролду ойнойт.

БУУ системасынын Туруктуу координатору БУУнун бир нече агенттиктеринин өкүлчүлүктөрүндөй эле БУУ Үйүндө орун алган. БУУ Үйү өлкөдөгү БУУ системасы үчүн негизги имарат жана Өлкөлүк команда жолугушчу жер катары кызмат өтөйт. Бишкектеги БУУ Үйү 2002-жылдын 21-октябрында ачылган. БУУ Үйүнүн ачылышына БУУнун Башкы катчысы Кофи Аннан өзү катышкан.

БУУ системасынын Туруктуу координатордун кеңсеси

To coordinate the work of the UN system at the country level UN Resident Coordinator and UN Country Team has a designated team, Resident Coordinator’s Office (RCO), to support these roles and demands.

Жаныл Рахманова,
UN Coordination Officer
+996-312-611211 (121)
Мээрим Омурбекова,
UN Coordination Associate
+996-312-611211 (169)