2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнү

UNCT-KG-UNAIDS-Dec-rus

“МЕН МАКУЛМУН!” өнөктүгү

Чоң адамдар арасында ВИЧ илдетин жуктургандардын санынын азайышы токтоду. ЮНЭЙДСтин "Prevention gap" отчетунда дүйнө жүзү боюнча жыл сайын болжол менен 1,9 миллион адамда ВИЧ илдети аныкталып жатканы айтылат. Акыркы беш жылда айрым региондордо ВИЧ илдетин жуктургандардын саны өстү. Отчетто белгиленгендей, 2030-жылга СПИД эпидемиясын болтурбоо максатында ВИЧти алдын алуу боюнча аракеттер күчөтүлүшү керек.

2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнүн алдында ВИЧти жок кылуу боюнча “Мен макулмун” өнөктүгүндө илдетти алдын алуунун түрдүү өңүттөрү, анын белгилүү бир топтор, мисалы, секелек кыздар жана жаш аялдар арасында жайылуусу каралат. Сентябрдан баштап өнөктүктүн алкагында ВИЧти болтурбоо боюнча аракеттерди активдештирүү максатында эмнелер жасалышы керектиги тууралуу кадимки адамдарга пикирин билдирүү сунушталат.

2016-жылдын 1-декабры. Тескери эсеп. 9-апта: презервативдер.

2016-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнүн алдында “Мен макулмун! #ВИЧпрофилактикасы” өнөктүгү ВИЧ илдетин алдын алуунун түрдүү өңүттөрүнө жана калктын белгилүү бир тобуна, мисалы, секелек кыздарга жана жаш аялдарга, калктын ВИЧ илдетин жуктуруу тобокелдигине кабылган бөлүгүнө жана СПИД менен жашаган адамдарга назар бурат.

Толук маалымат алуу үчүн: www.unaids.org