ЮНЕСКОнун БМТИ жана ЮНЭЙДС Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧ тууралуу видеосабак тартуулайт

UNCT-KG-UNAIDS-VEra

1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү алдында көптөгөн мектептерде ВИЧти алдын алуу жана ВИЧ менен жашаган адамдарды басмырлоону болтурбоого арналган сабактар жана атайын иш-чаралар өтөт.

Мугалимдерге жана өсүп келаткан муундун саламаттыгы менен бакубатчылыгына кам көргөн бардык адамдарга жардам катары ЮНЕСКОнун Билим берүүдөгү маалымат технологиялары боюнча Институту (ЮНЕСКОнун БМТИ) жана БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча Бириккен программасынын Аймакты колдоо тобу (ЮНЭЙДС) Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү (ЧЕБА) үчүн Вера Брежневанын катышуусу менен ВИЧти алдын алуу тууралуу видеосабак даярдашты. Белгилүү болгондой, Вера Брежнева – ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси.

Тасманын өзөгүндө 14 жаштагы окуучу Катя Полякованын окуясы жатат. Окуучу мектепте ВИЧ жана СПИД тууралуу сабакка маалымат чогултуу тапшырмасын алган. Вера Брежнева ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси экенин, коомчулукка ВИЧ тууралуу маалымат жеткирүү үчүн көп иштерди жасап жүргөнүн билген окуучу Верага кайрылып, андан мектепке келип, бул тууралуу өзү айтып берүүсүн өтүнгөн. Вера Брежнева Катя жана анын курбусу Марина менен жолугушкан. Окуучулардын өздөрүнүн жана алардын ата-энелеринин макулдугу менен үчөөнүн баарлашуусу тасмага тартылган. Мына ушинтип бул видеосабак пайда болду.

Окуучулар менен баарлашып отуруп, Вера Брежнева ВИЧ жана аны кантип алдын алууга болорун, илдетти өз убагында аныктоо жана ден соолукту сактап, өзүн жакшы сезип, узак жылдарга эмгекке жарамдуулугун сактап калуу үчүн тесттен өтүү эмне үчүн маанилүү болгонун түшүндүрүп берген. Маектешүүдө ВИЧ менен жашаган адамдардын жоопкерчиликтүү жүрүм-турумуна жана аларды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

Видеосабак 14 жана андан жогору жаштагы окуучулар менен ВИЧти алдын алуу, сергек жана коопсуз жашоо маданиятын калыптандыруу боюнча сабактан тышкаркы окууларды өткөрүү үчүн колдонууга сунушталат. Педагогдорго жардам катары бул видеону колдонуу менен ушундай сабактарды өткөрүү үчүн методикалык сунуштамалар да иштелип чыккан.

Маалымат үчүн: дүйнө жүзү боюнча 36,7 миллион адам ВИЧ менен жашайт; алардын ичинен бир миллиондон ашыгы Орусияда жашашат. Орусиянын калкынын 40% ашыгы жашаган 26 регионунда ВИЧ-инфекциясы ар бир эки жүзүнчү адамда, ал эми айрым шаарларда ар бир элүүнчү адамда табылган. Дүйнөдөгү бардык аймактардын ичинен Чыгыш Европада, Борбор Азияда, Жакынкы Чыгышта жана Түндүк Африкада ВИЧ эпидемиясынын өнүгүүсүн токтотуу мүмкүн болгон эмес.

ВИЧти жок кылуу үчүн медициналык вакцина табыла элек. Бирок социалдык вакцина бар. Ал – билим.

Видеону, методикалык сунуштамаларды жана аларды колдонуу тууралуу Орусия Федерациясынын Билим берүү жана илими министрлигинин катын төмөнкү шилтеме боюнча жүктөй аласыз:

ЮНЭЙДСтин Ыктыярдуу элчиси Вера Брежневанын катышуусу менен маалыматтык тасма (Жүктөп алуу үчүн: http://iite.unesco.org/files/news/639288/68d4334d.mp4)