ЮНЭЙДС демөөрчүлөрдөн Глобалдык фондду толугу менен каржылап берүүнү өтүндү

UNCT-KG-UNAIDS_GF

СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү максатында Глобалдык фонддун ресурстарын толуктоо боюнча Монреалда (Канада) 16-17-сентябрда өтө турган бешинчи Конференциянын алдында БУУнун ВИЧ/СПИД боюнча биргелешкен программасы (ЮНЭЙДС) демөөрчүлөргө кайрылып, Глобалдык фондду толугу менен каржылоону өтүндү. Глобалдык фонд – СПИД, кургак учук жана безгек менен күрөшүү боюнча программаларды колдоо үчүн каражаттарды тарткан жана инвестициялаган финансы мекемеси – үч жылга (2017-2019) 13 млн. АКШ доллары көлөмүндө каражат берүүнү өтүндү.

Глобалдык фонддун ВИЧ менен күрөшүү боюнча программаларга инвестициялары соңку 15 жылда болуп көрбөгөндөй прогрессте маанилүү ролду ойноду. Бул прогресс катышуучу мамлекеттерди 2030-жылга чейин калктын саламаттыгына коркунуч туудурган СПИД эпидемиясын токтотуу боюнча өзүнө глобалдык милдеттенмелерди алууга түрттү.  Бул милдеттенмелерди ишке ашыруу үчүн инвестицияланган каражаттардын масштабын кеңейтүү жана эффективдүү колдонуу талап кылынат.

“Глобалдык фонддун ресурстарын ийгиликтүү толуктоо бул максаттарга жетүү үчүн маанилүү фактор болуп эсептелинет”, - деп билдирди ЮНЭЙДСтин аткаруучу директору Мишель Сидибе. "Биз чечүүчү учурга жакындадык. Ал СПИДди акыры токтото алабызбы, бул эпидемиянын аягы көрүнбөй эле улана береби – мына ушуну аныктайт".

2016-жылдын июнь айында БУУнун Башкы Ассамблеясында саясий декларация кабыл алынган. Анда катышуучу мамлекеттер 2020-жылга чейин үч өзөктүк максатка жетүүдө ыкчам реакция жасоо милдеттенмесин алышкан:

ВИЧ илдетин жуктургандардын глобалдык санын 500 000ге чейин азайтуу.

СПИДден көз жумгандардын глобалдык деңгээлин 500 000ге чейин азайтуу.

ВИЧ илдеттүүлөрдү социалдык жактан куугунтуктоолорго жана басынтууларга каршы туруу.

ЮНЭЙДСтин бардык өнөктөштөрү тийиштүү материалдык-техникалык камсыздоого ээ болушу керек. Ал системалык-структуралык көйгөйлөрдү чечүүгө жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттарынын бири катары СПИД эпидемиясын токтотууга жол ачат.

Бүгүнкү күндө эпидемия башталгандан бери 78 млн. ВИЧ илдеттүү адам катталган жана СПИД чакырган оорулардан өлгөн адамдардын саны 35 миллионго жетет. Жакында эле ЮНЭЙДС улуу адамдар арасында ВИЧ илдети туруктуу жогорку деңгээлде сакталганына байланыштуу эпидемиологиялык тынчсыздануусун билдирди. ВИЧ илдеттүү адамдар бүгүнкү күндө маанилүү антиретровирустук терапияны алып жатканына карабастан илдетти жуктургандардын саны азайган жок. ЮНЭЙДС эскертет: эгерде ВИЧ илдети жаңы күч менен жайыла турган болсо, СПИД эпидемиясын көзөмөлдөө мүмкүн болбой калат. Эгерде глобалдык камсыздоо максаттары ишке ашпаса, ВИЧти жуктургандардын жана СПИДден көз жумгандардын саны азайбайт.

"Глобалдык фонд СПИД эпидемиясын токтотуу боюнча биздин жалпы милдеттенмелерибизди ишке ашырууда өзөктүк ролду ойнойт жана өз демөөрчүлөрүнүн толук саясий жана финансылык колдоосуна муктаж ", - деп билдирди Сибиде мырза.