Бороондон башпаанек. Кризис алдындагы дүйнөдө аялдар жана кыздар үчүн иш-аракеттерди өзгөртүүчү программа

 Illustrative photo

2015-жылдын 4-декабрь күнү саат 9:30да БУУ үйүндө “2015-жылы дүйнөдөгү элдин абалы” аттуу Глобалдык отчет тартууланат.

Элестетип көрүңүзчү, сиз кош бойлуусуз, көз жараарыңызга саналуу сааттар калып, толгооңуз башталып калды дейли. Бирок айылда жер титирөө болуп, кошуналар, досторуңуз менен байланыша албай, медициналык жардам алууга мүмкүнчүлүгүңүз жок. Мындай учурда өз күчүңүз менен төрөгөнгө мажбур болосуз.

Дагы бир кырдаалды элестетип көрсөңүз. Сиз балдарыңыз менен качкындар башпаанек тапкан лагерде жашайсыз дейли. Өспүрүм курактагы кызыңыз суу алып келиши керек, ал эми суу колонкасы лагерден 500 метр алыстыкта жайгашкан. Суу алганы бараткан кызыңызды белгисиз адамдар зордуктап кетишти. Эч кимден жардам ала албайсыз.

2015-жылы дүйнөдөгү элдин абалы тууралуу ЮНФПАнын бүгүн жарык көргөн жаңы отчетуна ылайык:

Жыл сайын 507 аял жана өспүрүм кыз жер титирөө жана жаңжалдар өңдүү кризис шарттарында кош бойлуулук жана төрөт маалында көз жумат.

100 миллион адам бул жылы гуманитардык жардамга муктаж болду. Алардын ичинен 25 миллиону – аялдар жана өспүрүм курактагы кыздар.

Дээрлик 60 миллион адам жаңжалдардын натыйжасында мекенинен куулуп, тамырларынан ажыраган. Бул – Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан берки качкындардын эң көп саны.

Кыргызстан “Борбор Азиядагы сейсмологиялык жактан өзгөчө кооптуу өлкө” жана жер көчкүсү, ташкындар жана селдер көп болчу өлкө катары классификацияланган. Кыргызстанда жыл сайын болжол менен 3000ге жакын жер титирөө катталып турат.

Атүгүл, өлкөдө жаңжалдарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар пайда болуу ыктымалдыгы да жогору. Ички жана мамлекеттер аралык жаңжалдар тобокелдиги жогору. Өлкөдө туруксуз райондор дале бар жана алар жаңжалдарга себепчи болуп, оор чукул кырдаалдарды жаратышы ыктымал. Регионалдык саясий туруктуулукка жер, суу, электр энергиясы жана башка маанилүү ресурстардын тегерегинде бүткүл регионду өзүнө камтыган мамлекеттер аралык талаш-тартыштар коркунуч жаратууда”.

“Бул маселелерди чечүүгө карата буга чейин жасалып келген мамиле таасирин жоготту. Биз калктын аярлуу катмарына, өзгөчө өспүрүм кыздарга жардам көрсөтүү менен мындан дагы көп иштерди жасашыбыз керек. Биз кризистик кырдаалда жашап кетүүгө жөндөмдүү туруктуу дүйнөгө инвестиция салышыбыз керек”, - деп айтты БУУнун Башкы катчысынын орун басары жана Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фондунун (ЮНФПА) Аткаруучу директору, доктор Бабатунде Осотимехин.

“2015-жылы дүйнөдөгү элдин абалы” отчету аялдарга жана өспүрүм кыздарга бүгүнкү күндө болуп жаткан табият кырсыктарында жана жаңжалдарда жардам берип, аларды коргоону камсыздоого чакырат.

ЮНФПА гуманитардык программаны аялдардын жана кыздардын кызыкчылыгына жараша өзгөртүп чыгууга үндөйт. Бул болсо кризистерге реакция жасап, аларга каршы туруудан тобокелдиктерди азайтып, кризистерге каршы туруу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө басым жасоого жардам бермек.

______________________________________________________________________

Кошумча маалымат алуу үчүн Программалык адис Нора Сүйүналиевага кайрылууңузду өтүнөбүз, тел.: 611202, email: suyunalieva@unfpa.org