Акушерлер – аялдардын, секелек кыздардын жана ымыркайлардын саламаттыгына кам көргөн каармандар

UNCT-KG-UNFPA-midwife

Эл аралык акушерлер күнү - 2016

Эл аралык акушерлер күнү ЮНФПА (БУУнун Калк фонду) кээде өтө оор жагдайларда, алыскы айылдарда, гуманитардык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарда, туруксуз жана жаңжалдар токтобогон өлкөлөрдө аялдардын, секелек кыздардын жана ымыркайлардын өмүрүн сактап келаткан акушерлердин салымын өзгөчө баалагысы келет.

Жакшы окуудан өткөн жана колдоого ээ болгон акушерлер жергиликтүү жамааттарда иштеп, аялдарга кош бойлуулук жана төрөт маалында боорукер, сый жана маданий өзгөчөлүктөрдү эсепке алган жардам көрсөтүүнүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ. Акушерлердин эмгеги ымыркай төрөлгөндөн кийин көп нерсени чечүүчү алгачкы айларда өтө маанилүү болуп эсептелет жана сексуалдык, репродуктивдүү саламаттыкка олуттуу салым кошот.

Ошондуктан акушерлердин эмгеги Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн өтө маанилүү. Акыркы 25 жылда дүйнөдө эне өлүмү дээрлик эки эсе кыскарды. Бирок дагы деле жыл сайын 300 000ге жакын аял кош бойлуулук жана төрөт маалында жарык дүйнө менен кош айтышса, дээрлик 3 миллион бала төрөттөн кийинки алгачкы төрт аптада чарчап калат. Бул өлүмдөрдүн басымдуу бөлүгүн болтурбай коюу мүмкүн болчу жана булар өнүгүп келаткан, кризистик өлкөлөрдө орун алган көрүнүш. Эгерде окуудан өткөн акушерлердин саны көбүрөөк болгондо алар бул өлүмдөрдүн үчтөн экисин алдын алмак. эгерде дүйнө энелердин жана балдардын арасында өлүмдүн санын кыскартуу боюнча дымактуу максаттарга жеткиси келсе, анда акушерликке олуттуу инвестицияларды кошуу зарыл.

ЮНФПА жүздөн ашуун өлкөдө миңдеген акушерлерге колдоо көрсөтүп келатат. Жакында эле бул өлкөлөрдүн 57синде жүргүзүлгөн изилдөөнүн баасына ылайык, акыркы жети жылда ЮНФПА 66 000 акушерге окуу өткөргөн. Бул маанилүү медициналык кызматкерлер жыл сайын 11 миллиондон ашык аялдын көз жаруусуна жардам беришет. Буга карабастан дагы жасачу иш көп.

Эл аралык акушерлер күнү ЮНФПА акушердик көндүмдөрдү бекемдөө жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча глобалдык өнөктөштөр жана өлкөлөр менен кайрадан иштөө ниетин билдирди.

Биз өлкөлөрдү татаал жана алыскы аймактарда иштеген акушерлердин эмгегин баалап, сыйлык тапшырууга чакырабыз. Анткени дал ушул аймактарда алардын кызмат көрсөтүүлөрү өтө зарыл. Ошондой эле биз өлкөлөрдү акушерлерге сапаттуу билим берүүгө, жакшы иш шарттарын түзүүгө, татыктуу маяна берүүгө, талаптагыдай кадр саясатын жүргүзүүгө жана кесипкөй өсүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү берүүгө чакырабыз.

Акушерлер – бул биздин каармандар жана сексуалдык, репродуктивдүү саламаттыктын негизи. Келиңиз, акушерлерди, ошондой эле алар кам көрүп жаткан аялдар менен ымыркайларды колдой жүрөбүз.

Доктор, ЮНФПАнын аткаруучу директору Бабатунде Осотимехиндин билдирүүсү