2016-жылдын 24-октябрында Бириккен Улуттар Уюмунун Күнүнө карата кайрылуу

UNCT-UN-UNDAy-messageA

Бул жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Күнүн белгилөө дүйнө жүзү жана БУУнун өзү үчүн өткөөл мезгилге туура келди.

Адамзаты туруктуулук дооруна кирди. Дүйнө жүзү боюнча 2030-жылга чейинки мезгилде туруктуу өнүгүү жаатындагы Күн тартибинин маанилүү перспективалары ишке ашырыла баштады. Уюмдун 71-майрамында биз тынч планетада баары үчүн мыкты келечекти камсыздоого багытталган 17 максатка жетүү боюнча болгон аракеттерди жасап жатабыз.

Казып алынган отунду өрттөөнү өсүп-өнүгүүнүн жолу катары карап келген дүйнө да акыры ой жүгүртүүнүн алкагынан чыга баштады. Аба температурасы болуп көрбөгөндөй жогору кармалып турган доордо БУУга мүчө мамлекеттер кыска мөөнөттүн ичинде климаттын өзгөрүүсү тууралуу Париж макулдашуусун кабыл алышты. Бул тарыхый келишим 4-ноябрда күчүнө кирет. Бул келишим мурдагыдан да экологиялык, таза келечекке жол ачат.

Бириккен Улуттар Уюму да тогуз жолдун тоомунда турат – Уюмдун сегизинчи Башкы катчысын тогузунчусу алмаштырууда. Мен үчүн акыркы он жыл бою “биз, элдер” деп атап келгендер үчүн кызмат кылуу чоң сыймык болду. Кеңешип отуруп биз жалпы прогресс үчүн бекем пайдубалды түптөдүк. Аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, жаштардын чечим кабыл алууга катышуусун жана адам укуктарынын баары үчүн сакталышын камсыздоо үчүн бул иштерди мындан да жигердүү улантышыбыз керек. Ошону менен бирге биз катуу көңүл калууларга да дуушар болдук. Жакынкы Чыгыш, Түшкү Судан, Сехель жана башка аймактардагы жөнгө салынбай жаткан жаңжалдар адамзатын өлчөөгө мүмкүн болбогон азапка салууда. Зордук-зомбулук жана табигый кырсыктар орун алган ушул жана башка аймактарда Бириккен Улуттар Уюмунун эр жүрөк кызматкерлери өзүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүп, калктын аярлуу катмарларына жардам берип келүүдө.

Мен дүйнө жүзүндөгү адамдардын баарына колдоосу үчүн ыраазычылыгымды билдирип, биздин глобалдык тынчтык миссиябызды, туруктуу өнүгүүбүздү жана адам укуктарын мындан ары да ишке ашырууда жаңы Башкы катчы Антониу Гуттеришке ар тараптан көмөк көрсөтүүгө чакырам.