Эл аралык Тынчтык күнүнө карата кайрылуу

GA am

Жыл сайын Эл аралык Тынчтык күнүндө Бириккен Улуттар Уюму бардык тирешип жаткан тараптарды куралдарын таштап, глобалдык ок атышууну 24 саатка токтотууга үндөп келет. Согуштук аракеттерсиз өткөн бир күн жаңжалдарды токтотууга мүмкүн болгону жана бул зарыл экени тууралуу мыкты эскертүүнүн символу.

Анткен менен тынчтык – бул жөн гана курал-жаракты таштап салуу эмес. Тынчтык – бул дүйнө жүзүндө адамдар жакырчылыктан эркин болуп, өсүп-өнүгүүнүн жемишин чогуу пайдалана турган коомду түптөө. Тынчтык – бул чогуу өнүгүү жана бири-бирин чоң глобалдык үй-бүлө катары колдоо.

Бул жылы Тынчтык күнү Туруктуу Өнүгүү жаатындагы максаттарга (ТӨМ) арналды. Бул 17 максат тынчтыктын негизги идеясы болуп эсептелет. Адамдар чектелүү ресурстар үчүн күрөшүүгө мажбур болгон учурда жаңжалдар башталат. 2030-жылга чейинки мезгил аралыгында туруктуу өнүгүү жаатындагы күн тартиби – ушундай жаңжалдарды болтурбоого жардам берген план. Бул планда баарынын жана ар бир адамдын кызыкчылыктары эсепке алынган.

Өткөн жылдын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү – бардык 193 мамлекет туруктуу өнүгүү жаатындагы 17 максатты бир добуштан кабыл алып, ачык белги жиберишкен.

Туруктуу өнүгүү бекем ынтымактын милдеттүү шарты болуп эсептелет. Ушуну менен бирге адам укуктары сакталган учурда гана туруктуу өнүгүүгө да, тынчтыкка да жетүү мүмкүн. Биз планетабызды сактап калышыбыз керек. Биргелешкен аракеттер менен гана жалпыбыздын үйүбүздү келечек муун үчүн коопсуз кыла алабыз.

Ар бирибиз туруктуу өнүгүүнүн жактоочусу жана 2030-жылга Күн тартибинин жарчысы боло алабыз. Ар  бирибиз өз өлкөбүздүн өкмөттөрүнөн тарых алдындагы милдеттенмелерин аткаруусун талап кыла алабыз.

Келиңиз, бардык адамдардын теңдигине жана алардын ар-намысын урматтоого жетүүнүн, планетабызды жашыл кылып, баарынын жана ар бир адамдын кызыкчылыктары эсеп алынышын камсыздоонун үстүнөн чогуу иштейли.

Бүгүнкү күн – Эл аралык Тынчтык күнү – ар бирибизге туруктуу өнүгүү жаатындагы максаттардын жактоочусу болуу менен, тынчтыкты эңсегенибизди иш жүзүндө далилдөөгө мүмкүнчүлүк берет.