Туруктуу өнүгүү максаттары доорунда эмнелер кыздардын баркын арттырууда?

UNCT-KG-UNFPA-11oct

БУУнун Калк фондунун (ЮНФПА) Аткаруучу директору, доктор Бабатунде Осотимехиндин 2016-жылдын 11-октябрындагы Кыздардын эл аралык күнүнө карата билдирүүсү.

“Кимдир бирөө качандыр бир кезде канткенде жашообуз оңолот деп ойлонуп көрдү беле?” деп суроо узатат Индиянын Одиша аймагында жашаган өспүрүм Сусмита.

Сусмита эч качан мектепке барган эмес. Ал мал карайт, анын үй-бүлөсү үй чарбачылыгы менен жан багат. Сусмита үч курбусундай эле 18 жашка толгончо турмушка чыгат. Ал жок дегенде бир күн болсо да мектепке барууну кыялданат.

Кыздардын эл аралык күнүнүн бул жылдагы темасы – “Кыздардын прогресси – максатка жетүүдө прогресс: маалыматтардын глобалдык кыймылы” кыздарга көңүл буруу өтө маанилүү экенин белгилейт. Дүйнөнүн булуң-бурчунда ар бир кыздын жашоосун көзгө илине тургандай жана жеткиликтүү кылуу туруктуу прогресске жетүү үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет. Мындай түрдөгү маалыматка жетүү үчүн саясатчылар, жарандык коом жана уюмдар, активисттер жана кыздардын өздөрү да дүйнө жүзү боюнча миллиондогон кыздардын жашоосуна оң таасирин тийгизе турган демилгелерди көтөрүп, саясатты иштеп чыга алат.

Сусмита өңдүү секелек кыздарга инвестиция салуу алардын билим алып, практикалык көндүмдөрдү үйрөнүп, кечирээк турмуш куруп, азыраак санда, бирок ден соолугу бекем балдарды төрөп, үй-бүлөгө жана коомго салым кошо ала тургандай кирешесин көбөйтүүгө жол ачат. Мындай инвестициялар мүмкүн болушунча көп натыйжага жана жыйынтыктарга жетүү үчүн, ошондой эле прогрессти көзөмөлдөп туруу үчүн жогорку квалификациялуу маалыматтар менен башкарылууга тийиш. Бул өзгөчө көңүл сыртында кала берген кыздардын муктаждыктарын аныктап, баамдоо үчүн өтө маанилүү.

Элүүдөн ашпаган өлкө жынысы жана жаш курагы боюнча бөлүштүрүлгөн маалыматтарды бере алат. Жакырчылыктын, сексуалдык зомбулуктун курмандыгы болуп, же өзгөчө 10-14 жашында төрөгөндүн натыйжасында өспүрүмдөр арасындагы өлүм жаатындагы маалыматтарда олуттуу ажырымды байкоого болот. Жыйынтыгында көпчүлүк кыздар дуушар болгон кыйынчылыктар көңүл сыртында кала берүүдө. Бул болсо коомдун басымдуу бөлүгү өз потенциалын толук кандуу ишке ашыра албай калуусуна алып келүүдө.

Биз Туруктуу Өнүгүүнүн Максаттарына жетүүнүн үстүнөн чогуу иштеп жаткандыктан, биздин жамааттык ийгилигибиз Сусмитанын суроосуна кандай жооп кайтарганыбызга тикелей көз каранды болуп турат.

Ар бир кыздын чоң турмушка коопсуз жана ийгиликтүү кадам таштоо укугу бар. Кыздарда ошондой эле келечек сунуштап жаткан жакшы мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу укугу да бар. Азыр секелек кыздардын өнүгүүсү, укуктарын коргоо жана илгерилетүү үчүн башкы аспап катары таасирлүү маалыматтарды колдонуп калуу учуру.

Ушул айдын соңунда ЮНФПА чыгара турган дүйнөдөгү калктын абалы тууралуу жаңы отчету өспүрүм кыздарга колдоо көрсөтүүнү изилдөөгө багытталып, келечекте биздин биргелешкен бакубатчылыгыбызды аныктоого жардам берет.

Биз ЮНФПАда өспүрүм кыздар өз потенциалын толук кандуу ачып, өз багыттарын аныктап алуусуна жардам берүү үчүн аларга колдоо көрсөтө бермекчибиз.

Ар бир кыз барктуу.