Өлкөлөр “Европа региону безгектен эркин аймак” деген статусту сактап калуу боюнча өз милдеттенмелерин аткаруу ниетин тастыкташууда

Original Title: A.funestus_1.50sRGB

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионуна кирген безгек оорусу кайтып келүү тобокелдиги бар өлкөлөрү бул аймактын безгектен эркин деген статусун сактап калуу боюнча милдеттенмелерин аткаруу ниетин тастыкташты. Ушул эле өлкөлөр 2005-жылы Ташкент декларациясына да кол коюшкан болчу.

Европа региону безгектин күч алуусун токтото алган дүйнөдөгү биринчи регион болуп эсептелет. 1995-жылы 90 712 учур катталса, 2015-жылга карата бул оорунун саны нөлгө түшкөн.

2016-жылдын 21 – 22-июль күндөрү Азербайжан, Армения, Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Орусия Федерациясы, Тажикстан жана Түркмөнстандын өкүлдөрү Ашхабадда безгектин жайылуусун болтурбоо боюнча жогорку деңгээлдеги алгачкы кеңешмеге чогулушту.

Бардык 50 катышуучу бир добуштан:

  • безгектин башка өлкөлөрдөн келбешин көзөмөлдөө үчүн саламаттык сактоо системасын бекемдөө боюнча мындан кийинки аракеттерди, туруктуу саясий эркти жана кыраакылыкты сактоо, бул оорунун жайылуусун болтурбоо жана безгек пайда болсо аны тез арада басуу зарылчылыгын таанышты;
  • транс чек аралык кызматташтыкты жана муктаж өлкөлөргө жардам берүү үчүн ресурстарды мобилдештирүүнү уланта берүү зарыл экенин белгилешти;
  • Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европалык регионалдык бюросун бул жаатта көрүлүп жаткан аракеттерди колдой берүүгө чакырышты.

Кеңешмени Түркмөнстан Өкмөтү менен кызматташтыкта Европалык регионалдык бюросу уюштурду.