Новаторлорго, аткаруучуларга, инвесторлорго, активисттерге жана лидерлерге 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотууну тездетүү чакырыгы

UNCT-KG-UNAIDS-appeal

СПИД эпидемиясы бүтүндөй бир муун үчүн саламаттык сактоо жаатындагы глобалдык күн тартибин аныктады. СПИДге байланыштуу алгачкы өлүмдөр мындан 30 жыл мурда катталган жана ВИЧ эпидемиясы глобалдык масштабга жетти. Бул эпидемия бардык өлкөлөр үчүн коркунуч жаратып, алардын ичинен эң аярлуу өлкөлөрдү дестабилдештирүүгө жөндөмдүү. 2000-жылы СПИД өнүктүрүү жаатындагы он жылдык ийгиликтерди жокко чыгарып койду.

Көпчүлүк өлкөлөр эпидемияны болтурбоо жаатында чоң кадамдарды жасай алышты. Мисалы, Түштүк Африкада ВИЧ илдетин жуктургандардын саны 2000-жылы 600 000 болсо, 2014-жылы 340 000 болгон. Сахаранын түштүгүндөгү Африканын өзгөчө көбүрөөк жабыркаган өлкөлөрүндө ВИЧти алдын алууга, тесттен өтүүгө жана дарылоого жеткиликтүүлүк кеңейген сайын  жашоонун орточо узактыгы да көбөйө берди. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча ВИЧ менен жашаган жана антиретровирустук терапияга жете алгандардын саны 17 миллиондон ашты.

Калктын жапырт жер которуусу, климаттын өзгөрүүсү жана экономиканын болжолдоого мүмкүн болбогон абалы өндүү глобалдык көйгөйлөрдүн жана коркунучтардын саны өскөн сайын  дүйнө лидерлери ВИЧ менен күрөш боюнча чараларды азайтса, анда бул туура эмес кадам болот. СПИДге каршы турууда мындан кийин көңүлдү жана күчөтүлгөн мамилени талап кылуунун үч себеби төмөнкүлөр:

1.    СПИД менен күрөшүүдө көңүл сыртында кала берген адамдардын ар-намысын, ден соолугун жана үмүтүн калыбына келтирүү керек;

2.    саламаттык сактоо жаатында келечекте болчу кризистерди жеңүүгө даяр ишенимдүү жана туруктуу жамааттарды түптөө зарыл;

3.    эл аралык тилектештиктин жана саясий эрктин жардамы менен жетишүүгө мүмкүн болчу багыт катары кызмат өтөш керек.

Биздин муунга баш тартууга болбой турган мүмкүнчүлүк берилген. Бизде 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу үчүн технологиялар, дары-дармектер жана аспаптар бар. Алардын жардамы менен ВИЧ илдетин жуктурган жаңы 17 миллион учурду болтурбай, 11 миллион адамдын өмүрүн сактап калууга болот.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын бир нече күндөн кийин өтчү СПИД менен күрөшүү маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги Кеңешмеси адамдарды жалпы максаттын тегерегинде бириктирет. Ал максат – Туруктуу өнүктүрүү жаатындагы Максаттардын алкагында 2030-жылга чейин СПИДди жок кылуу.

Новаторлор, аткаруучулар, инвесторлор, активисттер жана лидерлер үчүн бул глобалдык платформа 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотууга багыт алууга чакырат. Кемчиликтерди жоюу жана жаңы глобалдык максаттарга жетүү үчүн туруктуу чечимдерди табуу максатында биргелешкен аракеттер талап кылынат.

Бул көйгөйлөрдү чукул арада жок кылуу зарыл. СПИДге байланыштуу оорулар дүйнө жүзүндө репродуктивдүү курактагы аялдар арасында өлүмдүн жана Африкадагы өспүрүмдөр арасындагы өлүмдүн негизги себебине айланды. Стигматизация жана басмырлоо мурдагыдай эле адамдарга медициналык жардам алууга, анын ичинде жаңы жуктургандардын санын азайтып, адам өмүрүн сактоого жардам берген ВИЧти болтурбоо жана дарылоо жаатындагы кызмат көрсөтүүлөргө жетүүгө тоскоол болуп келатат. Дүйнөнүн айрым аймактарында ВИЧ илдетин жуктургандардын саны өсүүдө.

Ушул тапта ВИЧ менен жашаган 36,7 миллион кишинин ичинен жарымында дарыланууга мүмкүнчүлүгү жок. Биз өзгөчө муктаж адамдарга жете албай жатабыз. Алардын арасында секелек кыздар жана аялдар, гомосексуалисттер жана эркектер менен жыныстык катнашта болгон эркектер, транссексуалдар, абакта отургандар жана баңгизат колдонгон адамдар бар.

2020-жылга чейин 90-90-90 максатына жетүү СПИД эпидемиясын токтотуу ишинде өзөктүк ролду ойнойт. Бул максат ВИЧ менен жашаган адамдардын 90% өз статусу тууралуу билүүсүнө, ВИЧ-статусун билген адамдардын 90% антиретровирустук дарыланууга жете алуусуна, ал эми дарыланып жаткан адамдардын 90% вирустук супрессия байкала башташына чакырат.

Бул максаттуу көрсөткүчкө жеткенден кийин дүйнө 2030-жылга чейин СПИД эпидемиясын токтотуу жолуна түшөт. Бирок бул үчүн чечкиндүү лидерлик жана инвестицияларды көбөйтүү талап кылынат. 2020-жылга чейин бул максатка жетүү үчүн ички жана эл аралык ресурстарды 26,2 миллиард АКШ долларына чейин көбөйтүү талап кылынууда. Учурда инвестициялардын жетишсиздиги эпидемияны белгисиз мөөнөткө узартууга алып келүүдө – бул жасалма үнөмдөө.

СПИД эпидемиясын токтотуу үчүн тездетилген мамиле дымактуу максаттуу көрсөткүчтөрдү иштеп чыгууну, анда жетүү мөөнөтүн макулдашып алууну талап кылууда. Мисалы, ВИЧ жуктурган адамдардын саны 2015-жылы 2,1 миллион болсо, 2020-жылы 500 000ге чейин азайтуу; СПИДге байланыштуу оорулардан көз жумгандардын саны 2015-жылы 1,1 миллион болсо, 2020-жылга чейин 500 000ге чейин азайтуу, ошондой эле ВИЧ менен байланышкан басмырлоону жок кылуу.

Эгерде биз 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетип, калктын ден соолугуна коркунуч катары СПИД эпидемиясын токтоткубуз келсе, Нью-Йоркто эрктүү жана жаңы дымактуу милдеттенмелерди кабыл алууга туура келет. Алар адам укуктарынын жана “эч ким унутулбаш керек” деген принциптин негизинде кабыл алынат.

СПИД жеңиле элек, бирок жеңишке жетүүгө болот.

Толук маалымат алуу үчүн: http://www.unaids.org/ru