Башкы Ассамблея БУУнун алдыдагы эки жылына бюджетин 5,5 миллиард АКШ доллары көлөмүндө бекитти

 General Assembly. UN Photo/Rick Bajornas (file)

БУУнун Нью-Йорктогу баш кеңсесинде Башкы Ассамблеянын 68-сессиясынын негизги бөлүгү жыйынтыкталды. Жума күнү кечинде көп күнгө созулган кыйын сүйлөшүүлөрдөн кийин делегаттар Бешинчи комитеттин бир катар резолюцияларын жактырышты. Анын ичинде БУУнун 2014 – 2015-жылдарга бюджетин 5,5 миллиард доллар көлөмүндө бекитишти.

Баш катчы Пан Ги Мун бул оңой эмес чечимди кубаттады. Мындай чечим жогорку стандарттарды жана максималдык майнаптуулукту кармануу менен Уюмга маанилүү миссияны улантууга жол берет.

Баш катчынын Башкы Ассамблеяга бюджет боюнча жолдогон кайрылуусу менен анын канцеляриясынын жетекчиси Сусана Малькорра тааныштырды. Кайрылууда жаңы бюджет учурдагы эки жылдык мезгилдин бюджетинен аз болгону, бул Катчылыктын финансылык жоопкерчиликти жогорулатууга болгон жамааттык умтулуусун көрсөтөрү белгиленет.

Октябрда БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын 68-сессиясынын Бешинчи комитетинин делегаттарынын кароосуна Уюмдун 2014-2015-жылдар мезгилине бюджети боюнча сунушту жолдоп, анда бюджетти 5,4 миллиард АКШ доллары көлөмүндө бекитип берүүнү өтүнгөн. Ошондо Баш катчы бул бюджет мунун алдындагы эки жылдын бюджетинен 2,9% аз экенин белгилеген.

Мындай үнөмдөөгө 219 кызматты кыскартуу жолу менен жетүүгө мүмкүн болду.

“Бардык бюджеттик жылдар оор. Бирок бул жолу өзгөчө оор болду”, - деп белгиледи БУУнун башчысы. Ал БУУ оңой эмес шарттарда иштөөгө мажбур болгонун, анткени каржылоо кыскарганы менен, БУУнун ишине суроо-талап өсүп жатканын кошумчалады.

Пан Ги Мун тынчтыкты камсыздоого, өнүгүүнү жайылтууга жана адам укуктарын коргоого байланышкан Уюмдун милдеттерин майнаптуу аткаруу үчүн өзү жана БУУнун бардык персоналы болгон күч аракеттерин жумшай турганын белгиледи.

“Драмалуу өзгөрүүлөр жана бири-бирибизге болгон көз карандуулук өсүп жаткан мезгилде Бириккен Улуттар Уюму майнаптуулуктун жана отчеттуулуктун мындан да жогорку стандарттарына жооп берүүгө тийиш”, - деп билдирди Баш катчы.

Өз сөзүндө Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын делегаттары кызматкерлердин мобилдүүлүгү жана Уюмдун жеке секторлор менен кызматташуу саясаты боюнча маселелерде макулдашууга жете албаганына өкүнүчүн билдирди. БУУнун башчысы делегаттар Уюмдун реформасына байланышкан бул маанилүү маселелерди келечекте сөзсүз карайт деген үмүтүн билдирди.

Эскерте кетсек, регулярдуу бюджетке ар бир мамлекеттин салымынын көлөмү Уюмдун жалпы чыгашаларынан пайыздар менен эсептелет. Салымдардын шкаласын ар бир үч жыл сайын БУУнун Башкы Ассамблеясы аныктайт. Ушуну менен бирге экономиканын өнүгүү деңгээли жана мүчө өлкөлөрдүн калкынын саны эсепке алынат.