Башкы Ассамблея португалиялык Антониу Гутерришти БУУнун жаңы Башкы катчысы кылып дайындады

UNCT-KG-UN-Antonio-speechSecretary-General-designate António Guterres addresses the General Assembly meeting which appointed him by acclamation to be the next Secretary-General of the United Nations. UN Photo/Cia Pak

Бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясы Коопсуздук Кеңешинин сунуштамасы боюнча добуш берүүсүз Качкындар иши боюнча БУУнун мурдагы Жогорку комиссары (КЖКБ), португалиялык Антониу Гутерришти 2017-жылдын 1-январынан 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилге БУУнун Башкы катчысы кылып дайындады.

Бул маселеге арналган пленардык отурумда Коопсуздук Кеңешинин төрагасы, Орусия Федерациясынын БУУдагы Туруктуу өкүлү сөз сүйлөп, Кеңештин сунуштамасын окуп берди.

Анын артынан эле Башкы Ассамблеянын 71-сессиясынын Төрагасы регионалдык топтордун координаторлорунун атынан чыгып, жаңы Башкы катчыны дайындоо тууралуу резолюциянын долбоору менен тааныштырды. Резолюцияны добуш берүүгө койгусу келгендер болбогондуктан Антониу Гутерриш аккламация жолу менен БУУнун жаңы Башкы катчысы деп жарыяланды.

Дайындалгандан кийин сүйлөгөн сөзүндө Антониу Гутерриш БУУга, тынчтык, адилеттүүлүк, адамдын ар-намысы, сабырдуулук жана тилектештик өңдүү универсалдуу баалуулуктарына бекем ишене турганын айтты. Жаңы Башкы катчы Уюмду ушул принциптерге таянуу менен башкарууга сөз берди.

БУУнун жаңы Башкы катчысы адамзаты алдында турган негизги маселелерди чечүүнүн кызыкчылыгында дүйнөлүк жамааттын биримдигине жетүү үчүн колунан келгендин баарын жасай турганын айтты.

“БУУ кандай гана чакырыктарга туш болуп, Башкы катчынын чектөөлөрү канчалык көп болгонун баамдап турам. Азыркыдай татаал дүйнөдө жеңил эмес маселелерди чечүүгө карата мамиле Башкы катчы бардык суроолорго жооп бере албайт жана өз көз карашын таңуулай албайт деген жөнөкөй түшүнүккө таянышы мүмкүн”, - деп билдирди Антониу Гутерриш. Ал Башкы катчы өзүнүн ак ниет кызмат көрсөтүүсүн сунуштап, уюштуруучу, ортомчу катары чыгып, көпүрө болуп, бардык тараптардын кызыкчылыктарына шайкеш келе турган чечимдерди табууга жардам бере турганын кошумчалады.

Антониу Гутерриш Жогорку комиссар катары кызмат өтөгөндө өзгөчө жаңжалдар орун алган аймактарга жана качкындар үчүн лагерлерге барганда адамдар кандай азаптуу күндөрдү башынан өткөрүп жатканын көргөнүн баса белгиледи.

БУУнун болочоктогу Башкы катчысы БУУ системасында гендердик теңдикке жетүүгө болгон аракетин жумшай турганын да кошумчалады.

Антониу Гутерриш 2005-жылдын июнь айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссары катары эмгектенип келди. Ал Экинчи Дүйнөлүк согуш мезгилинен бери болуп көрбөгөндөй дүйнөдөгү качкындар агымы менен алышкан Башкармалыкта институционалдык реформаларды жүргүздү.

Антониу Гутерриш 1949-жылдын 30-апрелинде Лиссабондо төрөлгөн. Ал Жогорку техникалык институтта инженердик иш жана физика адистигине ээ болуп, жогорку окуу жайында мугалим болуп эмгектенген. 1974-жылы Антониу Гутерриш Социалисттик партияга өткөн. 1995-жылы, социалисттердин башкы катчысы кызматына шайлангандан соң үч жылдан кийин Португалиянын премьер-министри болуп дайындалган.

Бүгүн пленардык отурумда Башкы Ассамблеянын Төрагасы, азыркы Башкы катчы Пан Ги Мун, АКШнын БУУдагы өкүлү жана беш регионалдык топтун төрагалары куттуктоо сөздөрүн айтышты.

БУУнун учурдагы Башкы катчысы Пан Ги Мун Антониу Гутерришти жаңы кызматы менен куттуктады. Пан Ги Мун өзү да, анын командасы да ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү үчүн БУУнун болочоктогу башчысы менен тыгыз кызматташат деп убада берди.

Пан Ги Мунга чейин бул кызматта ганалык Кофи Аннан иштеген. Кофи Аннанга чейин бул кызматты төм. ээлеген: Бутрос Бутрос-Гали (1992-1996), Хавьер Перес де Куэльяр (1982-1991), Курт Вальдхайм (1972-1981), У Тан (1961-1971), Даг Хаммаршельд (1953-1961) жана Трюгве Ли (1946-1952). БУУ негизделгенден берки тарыхында БУУнун Катчылыгын Батыш Европанын үч өкүлү, Африкадан жана Азиядан экиден өкүл жана Латын Америкасынан бир өкүл жетектеген.