Кыргызстандагы ПРООН жана Бишкектеги Орхус борбору БУУнун 70 жылдыгына арналган лекцияларды өткөрүштү

 Vladimir Grebnev lecturing

CA-news - 7-октябрда Бишкекте БУУнун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) КРдагы координатору К.Гребнев менен Орхус борборунун жетекчиси А.Нурбеков К.Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук агрардык университеттин Жаратылыш ресурстарын башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолушту.

Бишкектеги Орхус борборунан маалымдашкандай, жолугушуу учурунда В.Гребнев “Айлана-чөйрөнү коргоо жана туруктуу өнүгүүнүн максаттарын ишке ашыруу”, ал эми А.Нурбеков “Орхус Конвенциясы – айлана-чөйрөнү коргоонун жана сактоонун аспабы” деп аталган темаларга лекцияларды окушту.

ПРООНдун КРдагы программаларынын координатору В.Гребнев Адамзатынын туруктуу өнүгүүсү жаатындагы негизги максаттар, турмуш-тиричиликти коргоо, инновациялык өзгөрүүлөрдү колдоо жана бул максаттарга жетүүдө кошумча таасир тийгизүүлөр, биокөптүрдүүлүк, суу жана жер ресурстарын коргоо, климаттын өзгөрүүсү маселелеринде жаратылышты сактоонун айрым багыттары тууралуу айтып берди. Бул баяндама БУУнун 70 жылдыгына арналды. Бул мааракени дүйнө өлкөлөрү ушул жылдын октябрынын этегинде белгилешет. 

Бишкек шаарындагы Орхус борборунун жетекчиси А.Нурбеков Орхус Конвенциясы тууралуу маалымат берип, Конвенциянын принциптери жана жоболору, КРда кантип жана кандай усулдар менен ишке ашырылып жатканы жөнүндө айтып берди. Ошондой эле Бишкек шаарындагы Орхус борбору жөнүндө баяндама жасалып, анын иш планы, иш-чаралары тууралуу маалымат берилди.

 

Булак: http://www.ca-news.org/news:1165637/?from=rss