Кыргызстан балдар өлүмүнүн деңгээлин азайтканы үчүн БУУдан сыйлык алды

 Kyrgyz PM Sariev is accepting award from UNRC Avanessov

Zanoza - Кыргызстан балдар өлүмүнүн деңгээлин азайтканы үчүн БУУдан сыйлык алды. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Бүгүн, 18-декабрда 2015 ж. “Эрте курактагы балдардын жашап кетүүсү жаатындагы жетишкендиктер жана Кыргызстандагы балдардын өнүгүүсүнүн кийинки кадамдары” аттуу темада тегерек стол өттү.

Премьер-министр Темир Сариев Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзү боюнча да балдардын турмуш шартын жакшыртууга көмөктөшкөн программаларды ишке ашырып жатканы жана колдоосу үчүн ЮНИСЕФке ыраазычылыгын билдирди.

"Бүгүнкү күндө дүйнөлүк кризис экономикалык өсүштүн темпине терс таасирин тийгизип, жаратылыш кырсыктары көбөйүп, биз климаттын өзгөрүүсүнүн терс кесепеттерин сезип жаткан чакта биринчи кезекте балдарга, алардын эрте куракта жашап кетүү маселелерине жана аларга комплекстүү жардам көрсөтүү системаларын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Өкмөт балдарга жардам көрсөтүүнүн мамлекеттик системасын өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерине дайыма көңүл буруп келерин белгилегим келет. Анткен менен, тилекке каршы, биздин өлкөдө көрүлүп жаткан чараларга карабастан бул чөйрөдө чечилбей жаткан бир катар көйгөйлөр кала берүүдө”, - деп айтты премьер-министр.

Өкмөт башчы мамлекет балдарга жагымдуу чөйрөнү камсыздап бериш керектигин, балдар коркпостон, түрдүү зордук-зомбулуктардан корголгон чөйрөдө өсүп, заманбап жашоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн колдонушу керектигин белгиледи.

"Көптөгөн өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан да Миң жылдыктын Декларациясына кошулуп, Миң жылдыктын өнүгүү максаттарына жетүү боюнча өзүнө милдеттенмелерди алган. Бүгүнкү күндө эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу алдында балдардын турмушун жакшыртуу боюнча белгилүү бир натыйжаларга жете алдык. Ошону менен бирге Кыргызстан 1990-жылдан 2015-жылга чейинки мезгил аралыгында балдар өлүмүнүн деңгээлин үчтөн экиге азайтуу боюнча алдыга коюлган максаттарга жете алды. Бул мезгил ичинде өлкөдө 5 жашка чейинки курактагы 100 миң баланын өлүмүн алдын алуу мүмкүн болду. Албетте мындай жыйынтыкка мамлекеттик органдардын аракети, эл аралык өнөктөштөрдүн, бейөкмөт сектордун, бизнес жамааттын жана Кыргызстандын бардык кайдыгер эмес жарандарынын колдоосу менен жетише алдык”, - деп билдирди Темир Сариев.

Премьер-министр болтурбоого мүмкүн болгон өлүмдөрдүн санын азайтуу жана балдардын жашап кетүүсү – бул алгачкы гана кадам болгонун кошумчалады. Баланын толук кандуу өнүгүүсү үчүн балага коопсуз чөйрөдө билим алуу мүмкүнчүлүгүн берүү менен, тарбияга жооптуу мамиле жасоо керек.

"Бул өңүттөн алып караганда ата-эненин жана үй-бүлөнүн ролун өзүнчө белгилегим келет. Мамлекет болочок муунга канчалык кам көрбөсүн, тарбия процессинде ата-эненин жигердүү катышуусу болмоюнча жана алар үй-бүлөдө жагымдуу шарт түзмөйүнчө көп нерсеге жетүү мүмкүн болбойт. Адамдар өз балдарынын келечегине капиталды инвестициялаш керектигин баамдашы зарыл. Үй-бүлө институтун бекемдөө жана үй-бүлөлүк чөйрөнү өнүктүрүү, балдардын билим берүү жана саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүлөрүнө жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, аларды социалдык жактан коргоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу милдеттенмелери болуп эсептелет. Балдар – биздин келечегибиз”, - деп сөзүн жыйынтыктады өкмөт башчы Темир Сариев.

Тегерек столдун жүрүшүндө Кыргызстан Миң жылдыктын өнүгүү максатынын №4 максатына жеткени үчүн – балдар өлүмүнүн деңгээлин азайтканы үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө сыйлык тапшыруу аземи болду. Премьер-министр Темир Сариевге сыйлыкты БУУнун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Александр Аванесов тапшырды. 

Булак: http://zanoza.kg/330101