Бишкекте алдыдагы 15 жылга Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттары талкууланды

UNCT-KG-UNDP-Press-release

Акчабар: Өткөн жылдын сентябрь айында дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн лидерлери Туруктуу өнүгүүнүн 17 глобалдык максатына (ТӨМ) жетүү тууралуу макулдашкан эле. ТӨМ үч негизги максатты чечүүгө жардам берет: жакырчылыкты жоюу, теңсиздик жана акыйкатсыздык менен күрөшүү, климаттын өзгөрүүсүн токтотуу. Жигердүү иш-аракеттердин планы алдыдагы 15 жылдын ичинде чукул глобалдык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган.

Кыргызстан бул максаттарды талкуулоо боюнча аймактык иш-чаралардын жигердүү катышуучусу болуп эсептелет. Атүгүл, биздин өлкөдө премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында Туруктуу өнүгүү максаттарын адаптациялоо жана ишке ашыруу, ошондой эле аларга мониторинг жүргүзүү боюнча координациялык комитет да түзүлгөн. Бул тууралуу КР вице-премьер-министри Олег Панкратов маалымат жыйынында билдирди.

“Бүгүнкү күндө биздин өлкө Туруктуу өнүгүүнүн глобалдык максаттарын түзүүгө өз салымын кошо алганын ишенимдүү түрдө айта алабыз", - деп белгиледи Панкратов.

Ал ошондой эле КР өкмөтү эксперттик жамааттын жана өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен кезектеги беш жылдык мезгилге туруктуу өнүгүүнүн стратегиясын даярдап жатканын кошумчалады. Бул стратегия улуттук туруктуу өнүгүү концепциясына тикелей багытталып, 2030-жылга чейинки мезгил аралыгындагы негизги концепция менен байланышта болот. Туруктуу өнүгүүгө жетүү боюнча стратегиялык документтердин долбоорлору кеңири коомчулуктун талкуусуна коюлат жана анын жыйынтыктары долбоорлорду иштеп чыгуу жана андан кийин бекитүү үчүн колдонулат.

БУУ системасынын Кыргыз Республикасындагы туруктуу координатору Александр Аванесов өлкөнүн ар бир жараны белгиленген 17 максаттын ишке ашырылышына кызыкдар экенин, анткени бул максаттар өзүнө бакубатчылык, саламаттык, экология, жумуш орундары өңдүү көптөгөн негизги темаларды камтый турганын кошумчалады.

“2030-жылга чейинки ТӨМдүн күн тартибине ылайык, мамлекет өлкө жакынкы 15 жыл ичинде кантип жана кайсы багытта өнүгөөрү тууралуу планы аркылуу калк менен диалог түзөт. Бул маанилүү стратегиялык документтер калктын бардык катмарларына, өзгөчө жаштарга тиешелүү. Ошондуктан жакынкы жылдарга өлкөнүн өнүгүүсүнүн векторлорун түшүнүү маанилүү”, - деп белгиледи Аванесов.

ТУРУКТУУ ӨНҮГҮҮНҮН ГЛОБАЛДЫК МАКСАТТАРЫ:

  • Жакырчылыкты бардык жерде, болгон формасында жоюу;
  • Ачарчылыкты жоюу;
  • Бекем ден соолук жана бакубатчылык;
  • Сапаттуу билим берүү;
  • Гендердик теңдик;
  • Таза суу жана санитария;
  • Кымбат эмес жана таза энергия;
  • Татыктуу жумуш жана экономикалык өсүш;
  • Индустриализация, инновациялар жана инфраструктура;
  • Теңсиздикти азайтуу;
  • Туруктуу шаарлар жана калктуу конуштар;
  • Жоопкерчиликтүү керектөө жана өндүрүш;
  • Климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү;
  • Деңиз экосистемаларын сактап калуу;
  • Кургактагы экосистеманы сактап калуу;
  • Тынчтык, сот адилеттиги жана эффективдүү аспаптар;
  • Туруктуу өнүгүүнүн кызыкчылыгында өнөктөштүк.

https://www.akchabar.kg/news/v-bishkeke-obsudili-globalnye-celi-ustojchivogo-razvitiya-na-blizhajshie-15-let/