Кыргызстандын БУУдагы өкүлү БУУнун жогорку комиссары менен адам укуктары чөйрөсүндөгү кызматташтык маселелерин талкуулады

 Zeid Ra’ad Al Hussein

Akipress - 6-ноябрда Кыргызстандын Женевадагы БУУ жана башка эл аралык уюмдардагы убактылуу өкүлү Улан Жусупов БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары, канзада Зейд Раад аль-Хусейн менен жолугушту.

10-ноябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жогорку комиссар Кыргызстандагы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын канааттануу менен белгилеп, БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине ийгиликтүү шайлануусу менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгы менен Кыргызстандын өз ара аракетине тиешелүү темалар талкууланды. Ошондой эле Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча Кеңешине 2016-2018-жылдар мезгилине мүчө катары шайланышы менен БУУнун аянтчаларында адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү кызматташуу маселелери, Кыргызстан миссиясынын Женевадагы Адам укуктары боюнча Азия-Тынч Океан регионалдык тобундагы төрагалыгы талкууланды.

Кыргыз тарап адам укуктарынын жана негизги эркиндиктердин жалпы тарабынан урматталышына жетүү максатында эл аралык кызматташтыкты өркүндөтүүдө Кеңештин ролун бекемдөө боюнча иштерге жигердүү катышууга даярдыгын билдирди. Ошондой эле өз ишинде урматтоо, сабырдуулук жана тилектештик принциптеринин негизинде өлкөлөрдүн көп сандагы маданий, диний жана цивилизациялык айырмачылыктарын эсепке алуу менен кызматташтыкты колдонмого алаарын белгиледи.