Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнүн белгиледи

UNCT-KG-UNHCR-WRD

Knews: Өкмөт өкүлдөрү, дипломатиялык жамааттын элчилери, өнүгүү боюнча ыйгарым укуктуу өнөктөштөр жана бейөкмөт уюмдардын делегаттары Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнүн белгилешти.

БУУ КЖКБнын маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндө жер которууга мажбур болгондордун саны 65 миллионго жетет.

“Алардын ичинен 20 миллиону качкын жана 40 миллион киши өз үйүн таштап кетүүгө мажбур болуп, бирок өз мамлекеттеринин чегинде жашагандар. 20 жылдын ичинде Кыргызстанга маал-маалы менен качкындардын толкуну агылып, Тажикстандан, Ооганстандан, Анжияндан адамдар көчүп келип турду. Бүгүнкү күндө өлкөдө 400гө жакын качкын, же 100 үй-бүлө жашайт. Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча Жогорку Комиссарынын орун басары Волкер Турк Кыргызстан элине атайын кайрылуу жолдоп, качкындарды кабыл алып жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди”, - деп айтылат маалыматта.

“Бүткүл дүйнөлүк Качкындар күнүнө карата мен Кыргызстан элине жана өкмөтүнө качкындарга кам көрүп жатканы үчүн ыраазычылыгымды билдирип, качкындар жамааттын бир бөлүгү болушу үчүн кыргызстандыктарды аларга жардам берүүгө чакырам”, - деп белгиледи БУУнун Качкындар иши боюнча Жогорку комиссарынын орун басары Волкер Турк.

Мамлекеттик миграция кызматынын Качкындар иши боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Сарыбаев Кыргыз Республикасы 1990-жылдан бери 20 миңден ашуун качкынга башпаанек берүү менен, өз милдеттенмелерин аткарып келатканын белгиледи. Ал ошондой эле БУУ КЖКБны эффективдүү улуттук башпаанек системасын түзүүгө жардам бергени үчүн, Кыргыз Республикасында да, дүйнө жүзү боюнча да качкындарга баайланыштуу жасап келаткан иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди. Өкмөттүн жана жергиликтүү жамааттардын аракеттеринин натыйжасында Кыргызстанда башпаанек издеген адамдардын саны 20 миңден 400 адамга чейин кыскарды.

“Биз өлкөдө калган качкын 100 үй-бүлө үчүн узак мөөнөттүү чечимдерди табуу үчүн кыргыз өкмөтү менен чогуу жасалып жаткан иштерди улантуудабыз. Ошондой эле биз өнүгүү боюнча өнөктөштөр менен да иш алып баруудабыз. Алар айрым качкындарга коомдун продуктивдүү мүчөсү болуп калууга жардам берип жатышат”, - деп айтты БУУ КЖКБнын КРдагы өкүлү Маки Шинохара.

Бул жылы 1951-жылдагы Качкындар тууралуу эл аралык Конвенцияга жана анын Протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусунун 20 жылдыгы белгиленүүдө. БУУ КЖКБнын колдоосу алдында өкмөт качкындарды коргоо институттарын түзүп, буга байланыштуу мыйзамдарды иштеп чыгып, качкын статусун жана аларды коргоону аныктоонун жол-жоболорун ишке ашырды.

http://knews.kg/224088/kyrgyzstan-otmetil-vsemirnyj-den-bezhentsev/