Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарынын кайсы түрлөрүн өнүктүрсө болот?

UNCT-KG_UNIDO-Marat

 

Азаттык (2016-жылдын 3-ноябры) – Парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков жакында эле Кытайга болгон сапарынын жүрүшүндө Кыргызстан электр энергиясынын альтернативалык буактарына муктаж экенин билдирди. Биз Кыргызстан электр энергиясынын кандай альтернативалык, жаңыланма булактарын колдоно алаарына кызыктык.

Кыргызстандын Климаттык тармактарынын координациялык кеңешинин башчысы Нурзат Абдырасулова белгилегендей, Кыргызстанда энергиянын жаңыланма булактарынын бардык түрлөрү бар. Бирок чакан гидроэнергетика жана күн энергиясы өнүгүү үчүн келечеги бар, экономикалык жактан өзүн актаган булак болуп эсептелет. Дал ушуларга кененирээк токтололу.

Чакан гидроэнергетика

Жаңыланма булактарды өнүктүрүүнүн келечеги жана потенциалы абдан жакшы, - дейт ЮНИДО Бюросунун жетекчиси Марат Усупов (ЮНИДО – Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму быйыл ноябрда Кыргызстанда түзүлгөнүнүн 50 жылдыгын белгилейт).

Анын айтымында, ушул тапта Кыргызстан үчүн өзгөчө келечектүү вариант болуп чакан гидроэнергетика эсептелет. Ал жагы энергиянын жаңыланма булагына кирет. Айрым эксперттик баалоолорго ылайык, электр энергияны жеткирүү кымбатка турчу өзгөчө алыскы райондордо чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу да, кирешелүү да болот.

Совет маалында чакан гидроэнергетикага чоң көңүл бурулуп келген. Токтогул ГЭСи ишке берилгенге чейин Кыргызстанда 161 чакан ГЭС бар болчу. Постсоветтик мейкиндикте чакан ГЭСтерди өнүктүрүүдө Грузия менен Армения чоң ийгиликтерге жетише алды, - деп айтты Марат Усупов. – Айталы, Арменияда акыркы беш жылда жалпы кубаттуулугу 150 мегаваттан ашкан чакан ГЭСтерди курушту. Буга чакан гидроэнергетикага инвестиция салуу үчүн жагымдуу болгон, заман талабына шайкеш келген ченемдик укуктук база чоң салым кошту.

Кыргызстан чакан ГЭСтердин көп саны менен мактана албайт, азырынча республикада алар аз эле. КРдагы ЮНИДО кеңсесинин башчысынын айтымында, германиялык фонддордун биринин көмөгү менен ARK курулуш фирмасы Ысык-Ата районунда чакан ГЭС курган (кубаттуулугу 1,6 мегаватт), француз компаниясы Калинин ГЭСин (1,4 мегаватт) реконструкциялап ишке берген. Беловодск районунда кубаттуулугу 500 кВт болгон чакан ГЭС курулду. ЮСАИДдин көмөгү менен Жалал-Абад облусунда Найман чакан ГЭСи (600 Вт), Ош облусунда кубаттуулугу 250 кВт ишке берилген.

Жакын арада кыргызстандык жеке инвесторлор курган Тегирмен гидроэлектрстанциясы ишке берилет деп күтүлүүдө (3 мегаватт). Чет өлкөлүк инвесторлор да бар. Мисалы, испаниялык ишкер Рикардо Томас Григорьевка капчыгайында чакан ГЭС куруу тууралуу өкмөт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Атүгүл, ал чакан ГЭСтерди өнүктүрүү боюнча программага катышып, кошумча чет өлкөлүк инвестицияларды тарткысы келет. Ишкерди бир гана нерсе токтотуп турат – чакан ГЭСтердин өнүгүүсүн жөнгө салган учурдагы ченемдик укуктук база.

ЮНИДО башчысы Марат Усупов ушул тапта жогоруда аталган айрым компаниялар депутат Экмат Байпакбаев түзгөн демилгелүү жумушчу топко киришти. Анын жетекчилиги менен жумушчу топ ченемдик укуктук базага түзөтүүлөрдү киргизүүнүн, инвестор үчүн да жагымдуу, калк үчүн да алгылыктуу боло тургандай тарифтерди оптималдаштыруунун үстүнөн иш алып барууда. Жумушчу топко депутаттар, жеке инвесторлор жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да кирген.

Марат Усупов Кыргызстан ЮНИДОнун региондор аралык “Айырм өлкөлөрдө чакан ГЭСтерди өнүктүрүү масштабдарын кеңейтүү” долбооруна катышууда. Бул долбоорго Перу, Эфиопия, Нигерия, Мьянма кирет. Долбоордун негизги өнөктөшү – ЮНИДОнун, Кытайдын Коммерция министрлигинин жана Суу ресурстары министрлигинин эгидасы алдында Ханьчжоудагы Чакан энергетика боюнча эл аралык борбор. Долбоорду Кытай каржылайт жана аны ишке ашырууга 800 миң доллар бөлүп берген. Долбоордун алкагында потенциалды бекемдөөдөн, окуу программаларынан тышкары, техникалык-экономикалык негиздемесин гранттын негизинде даярап чыгуу пландалууда. Ошондо өкмөт же компания ага насыя алып, чакан ГЭСтердин курулушун баштайт.

Ошондой эле Усупов 2016-жылдын 29-30-ноябрь күндөр Бишкекте  Green World Conferences аттуу британиялык компания “Борбор Азиядагы гидроэнергетиканын келечеги” аттуу көргөзмөнү жана конференция өткөрүүнү пландап жатат. Бул иш-чарага аймактык жана эл аралык гидроэнергетикалык компаниялардын өкүлдөрү, кошуна өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана инвесторлор чакырылган.

http://rus.azattyk.org/a/28090103.html