КР тышкы иштер министринин орун басары БУУнун АУЖКБ башчысы менен кызматташтык маселелерин талкуулашты

 Hulan Tsedev and Askar Beshimov

кызматташтык маселелерин талкуулашты

Кабар: 2015-жылдын 3-сентябрында КР тышкы иштер министринин орун басары А.Бешимов менен БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын  Башкармалыгынын Миссиялар менен иштөө жана техникалык кызматташтык боюнча Департаментинин Европа жана Борбор Азия секциясынын директору Хулан Цедев жолугушту.

ТИМ басма сөз кызматы кабарлагандай, Х.Тседев “БУУнун адам укуктары боюнча механизмдеринин сунуштарын имплементациялоо маселелери боюнча Улуттук Жумушчу жолугушуу” темасына семинардын ишине катышуу үчүн Кыргызстанга келген. Семинарды КРнын Адам укуктары боюнча Координациялык кеңеши (КР АУКК) АУЖКБ менен биргеликте Бишкек шаарында уюштурган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен БУУ АУЖКБ ортосунда адам укуктарын коргоо жаатында мындан кийинки кызматташуу маселелери талкууланды.

А.Бешимов БУУ АУЖКБ өкүлүнө Кыргызстан адам укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерди кантип аткарып жатканы тууралуу маалымат берди. КР АУКК 2014-2015-жылдары жасаган негизги иштердин бири – 2015-жылдын июнь айында Кыргызстан БУУнун адам укуктары боюнча жети комитетинде өзүнүн улуттук докладдарын коргоонун кезектеги циклин жыйынтыктады. Ошондой эле БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү серебинин экинчи циклинен өттү.

Семинардын катышуучулары докладдарды коргоонун жыйынтыгында БУУ комитеттеринин сунуштарын Кыргызстан кантип ишке ашырып жатканын талкуулашты.

Өз кезегинде Х.Тседев Кыргызстандын адам укуктарын жайылтуу чөйрөсүндөгү оң жетишкендиктерин белгилеп, БУУ АУЖКБ КР менен кызматташтыкты жогору баалай турганын билдирди.

Жолугушуунун соңунда БУУ АУЖКБ өкүлү Кыргызстан менен жемиштүү кызматташууну улантууга жана ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даярдыгын белгиледи.

http://kabar.kg/society/full/96042