ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдар арасында тубаса ооруларды болтурбоо үчүн унду байытуу иш-аракеттерин колдоодо

UNCT-KG-UNICEF-WBDD_KGЭки айлык Абдурахимге бир нече аптадан кийин операция жасалат. © ЮНИСЕФ Кыргызстан/2016/Влад Ушаков

Абдурахим* эки ай мурда жарык дүйнөгө келген. Ошондон бери Алима баласы эмне себептен улам тубаса оору менен төрөлгөнүн түшүнө албай келет. Абдурахимге тубаса жүлүн чурку деген диагноз коюлган. Бул нерв түтүгүнүн өнүгүүсүндө өтө олуттуу кемтик бар дегенди билдирет.

Бул оору кош бойлуулуктун экинчи айында болочок эне антибиотиктерди ичкен үчүн пайда болдубу? Ооруга оор үй-бүлөлүк абал таасирин тийгиздиби? Балким айылда жашаган аял оор иштерди жасаганы түйүлдүктөгү баланын туура өнүгүүсүнө таасирин тийгизен чыгаар?

Кош бойлуулук маалы тууралуу айтып берип жатып, ошол эле кезде өзүнө өзү берген суроолорго жооп издеп отурган Алиманын үнү акырын чыгып турду. Анда-санда билинээр-билинбес жылмайып койгону болбосо, анын түйүлгөн муштумдары ичи уйгу-туйгу болуп жатканынан кабар берет.

“Бул пландалган эле кош бойлуулук болчу, экинчи балам”, - дейт Алима. “Жолдошум экөөбүз жети жыл бою балалуу боло албай жүрдүк. Эки жыл мурда тилегибиз орундалып, кыздуу болгонбуз. Ал аман-эсен, дени сак болуп төрөлгөн. Бир жылдан кийин кайрадан боюма бүттү”.

Кош бойлуулуктун биринчи айы

Биз Бишкектеги Эне-баланы коргоо боюнча улуттук борбордун неврология бөлүмүндөбүз. Алиманын кызы Баткен облусунун түштүк-чыгышында жайгашкан айылдагы үйүндө калды. Алима Бишкекке уулу Абдурахим менен келген. Аларды борбор калаага жергиликтүү оорукананын дарыгерлери жиберишкен. Анткени балада оор вирустук инфекция аныкталганда жергиликтүү дарыгерлер айыктыра алышкан жок.

“Биз шаарга чоң үмүт артып келдик”, - дейт Алима. Инфекцияны жок кылгандан кийин он күн өткөн соң дарыгерлер канткенде нерв түтүгүнүн кемтигин айыктырса болоорун чечишүүдө.

Ооруканадагы керебетте Абдурахимдин жанында жаткан Алима неврология бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Карачевден көзүн албай турат. Дарыгер Абдурахимдин көйнөгүн өйдө түрүп, аркасындагы таңгычын акырын чечип, нык болуп турган чуркуну көрсөттү. Баланын териси кызыл болуп, жукара түшкөн. Теринин алдында жүлүндөн агып чыккан суюктук бар.   

Жүлүн чуркусу нерв түтүгүнүн эң кеңири жайылган кемтиги болуп эсептелет. Бул оору мээни, жүлүндү, же кыр арка сөөгүн жабыркатат. Кош бойлуулук мезгилде баланын жүлүн каналы толугу менен жабылбай калуусунун жыйынтыгы дал ушундай болот.  

Ошондой эле Абдурахим гидроцефалия менен да ооруйт Гидроцефалия – бул мээде жүлүн суюктугунун көбөйүшү. Жүлүн суюктугунун начар алмашуусунан улам мээнин өнүгүүсүнө доо кетет.

Фолий кислотасынын жетишсиздиги көп ооруларга себепчи

Кыргызстанда болжол менен 500 баланын ичинен бир ымыркай нерв түтүгүндөгү кемтик менен жарык дүйнөгө келет. Оору болочок эне кош бойлуу экенин билбей жүргөн алгачкы айда пайда болот. Бул оорунун пайда болуу себептери азырынча так белгилүү эмес. Анткен менен, эгерде аял күнүмдүк тамагында фолий кислотасын аз колдонсо, бала ушундай кемтик менен төрөлөт деген тобокелдик жогору болот. Фолий кислотасы – В тобуна кирген витаминдердин бири.

Гидроцефалия оорусу да адатта кош бойлуу аялга фолий кислотасы жетишпеген учурда пайда болот. Бул оору башка азыктандыруучу заттардын жетишсиздиги менен да байланыштуу.

Абдурахимдин оорусуна себепчи болушу ыктымал башка факторлорду санап берип жатып, Алима тамактануу тууралуу ооз ачкан жок. Бул суроону педиатр жана Саламаттык сактоо министрлигинин тамактануу боюнча алдыңкы адиси Эльмира Кабылова көтөрдү. Дарыгер Кабылова биз менен кошо ооруканага келген эле.

“Мен алгачкы кош бойлуулук маалда дарыгердин сунушу менен йод кабыл алчумун. Бул жолу дарыгер муну эскертпегендиктен кадимкидей эле тамактанып жүрдүм”, - дейт Алима.

“Алыскы аймактарда жашаган аялдар толук кандуу медициналык кеп-кеңештерди алалбайт. Жакшы адистердин баары башка шаарларга иш издеп кетип калышкан”, - деп белгилейт доктор Карачев.

Мыйзамдар азык-түлүктү байытууга милдеттендирет

Жакыр турмушта жашаган үй-бүлөнүн күнүмдүк тамактануусунда адатта азыктандыруучу заттар жетишпейт. Бул болсо кош бойлуу аялдардын саламаттыгына жана баланын өнүгүүсүнө да терс таасирин тийгизүүдө. ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2009-жылы өткөрүлгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда кош бойлуу эмес аялдардын 42 пайызында фолий кислотасынын таңсыктыгы аныкталган. Ошондой эле аялдардын 27 пайызы аз кандуулуктан жапа чексе, кош бойлуу аялдардын 61.6 пайызынын организминде йод жетишпей турганы аныкталган.

Кыргызстанда ун чыгарган ири ишканалар мыйзам боюнча продукциясын фолий кислотасы менен байытууга милдеттүү. Буга байланыштуу мыйзамдар ЮНИСЕФтин маалыматтык-түшүндүрүү иштеринен кийин 2009-жылы кабыл алынган. Ошондой эле ЮНИСЕФ өлкө боюнча ун тартуучу ишканаларга техникалык колдоо көрсөтүп келет. Бирок өлкөдө ун тартуучу тегирмендер өтө көп жана баары эле мыйзамдын талаптарын аткара беришпейт.  

Мындан тышкары ундун ири көлөмү Казакстандан жана Орусиядан импорттолот. Ал эми бул өлкөлөрдө фортификация жүргүзүлбөйт. Импорттолгон, арзан ун Алиманын айылында да сатылып, анын үй-бүлөсү ошол унду колдонорун өзү айтып берип отурду.

Мыйзамды аткарып, маалымдуулукту жогорулатуу зарыл

Жыл сайын доктор Карачев жүлүн чуркусун алып салуу боюнча 20дан ашуун, гидроцефалияны айыктыруу үчүн 80 операция жасайт. Бир нече аптадан кийин Абдурахимге да кезек жетет. Ушул тапта дарыгерди тынчсыздандырган негизги маселе – гидроцефалия. Себеби бул үчүн канчалык инвазивдүү процедуралар талап кылынары азырынча белгисиз болуп турат.  

Баланын нерв түтүгүндөгү кемтик менен төрөлүшү үй-бүлө үчүн өтө чоң финансы чыгымдарды алып келет. Алима акчадан кыйналып жатышканын айтып берди: “Жолдошум экөөбүз тең жумушсузбуз. Кайним биз менен жашайт; ал майып болгондуктан иштей албайт”, - дейт Алима. Чөнтөгү жука үй-бүлө айылдагы жерди иштетип, жашылча-жемишти сатуу менен жан багат.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФ Швейцария Улуттук комитетинин финансылык колдоосу менен мүмкүн болушунча көбүрөөк баланын нерв түтүгүндөгү кемтикти алдын алуу боюнча иш алып барат жана кош бойлуу аялдарды медициналык текшерүүдөн өтүүгө үндөп келет. Азык-түлүктөрдү фортификациялоо тууралуу мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Өкмөткө жардам берүү максатында ЮНИСЕФ мыйзамды сактабаган ун тартуучуларга айып салуу үчүн актыларды даярдоону колдойт. Ошол эле маалда ЮНИСЕФ мыйзамдын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү үчүн массалык маалымат каражаттары жана жарандык коом менен кызматташат.  

ЮНИСЕФ болочок энелер өздөрүнө жана балдарына абдан пайдалуу тамакты тандашы үчүн аялдар арасында маалымдуулукту жогорулатуу боюнча чараларды көрүп жатканы өтө маанилүү.

Автору Свен Дж. Симонсен

* Эненин жана баланын ысымдары өзгөртүлдү.