Кыргызстандын түштүгүндө көп тилдүү билим берүү жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана жалпы элдин биримдигине шарт түзүүдө

241017_2Көп тилдүү билим берүү программасынын жардамы менен 7-класстын бул окуучуларында университетке тапшырып, өзүнүн карьералык пландарын ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрү кеңири болуп калды. ©ЮНИСЕФ Кыргызстан/2017/Свен Симонсен

биримдигине шарт түзүүдө

Автору – Свен Симонсен

Биология, тарых жана башка предметтерди үч түрдүү тилде окутуу бир караганда өтө оор тапшырмадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстандын түштүгүндөгү бул орто мектеп кыйынчылыктарды жеңип, мындан да оор тапшырмаларды аткарууга даяр.

“Башында кыргыз жана орус тилдерин түшүнө албай, бир кыйла кыйналдык. Бирок азыр баары жакшы”, - дейт Назима (12 жашта). “Эки жыл мурда ушундай тартипте окутуу башталганда абдан кыйын болгон эле. Бирок азыр бул биз үчүн маселе эмес”, - деп тастыктайт Мухтазар (13 жашта).

Назима менен Мухтазар билим алган мектептеги 7-класстын бардык окуучулары өзбек тилинде эркин сүйлөшөт.

Горький атындагы №8 гимназия көп тилдүү билим берүү программасы сыналып жаткан мектептердин бири. Бул программаны КР Билим берүү жана илим министрлиги ЮНИСЕФтин колдоосу менен беш мектепке чейинки мекемеде, 56 мектепте жана эки университетте ишке ашырып жатат.

Максаттуу тилдер

Мектепте дээрлик 41 класс бар жана алардын ичинен 14ү программага катышууда. Бул жерде “көп тилдүүлүк” деген тил сабактары көп окутулат дегенди билдирбейт. Тескерисинче, мугалимдер ар бир класста бирден ашык тилди колдонуп, кадимки предметтерди окутушат.  

Мисалы, сабакты үч бөлүккө бөлүп алса болот жана мында эң оор бөлүгү – мисалы, жаңы концепцияларга киришүү – бул окуучулардын эне тилинде өтүлөт. Ал эми сабактын калган бөлүктөрү “максаттуу тилдерде” окутулат.

Бул мектепте кыргыз жана орус тилдери максаттуу болуп саналат. Айрым класстарда өзгөчө басым бир тилге жасалат. “Мисалы, биз географияны негизинен орус тилинде өтсөк, тарых предмети кыргыз тилинде окутулат”, - деп түшүндүрдү Мухтазар (13 жашта).

Кыргызстанда кыргыз тили мамлекеттик тил болуп эсептелет, ал эми орус тили расмий макамга ээ. Бул эки тилди билбеген жаштар келечекте билим алууда жана жумушка орношууда кыйналышат.

Интеграцияга ачкыч

2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар менен өзбектер ортосунда жаңжал чыгып, анын натыйжасында жүздөгөн адамдар көз жумган. Ал эми жашаган жерин калтырып, башка жакка көчүп кетүүгө мажбур болгондордун саны 200 миңден ашкан. Башаламандыктар негизинен Ош шаарында орун алган. Ошондон бери тынчтыкты орнотуу аракеттери ийгиликтүү ишке ашып, салыштырмалуу саясий туруктуулукка алып келген. Бирок буга карабастан саясий кырдаал туруксуз бойдон кала берүүдө.

Кыргызстандагы ЮНИСЕФ БУУнун Тынчтык орнотуу Фондунун каржылоосу менен өлкөдө туруктуу жалпы тынчтыкты орнотуу боюнча өз ишинин негизги өңүттөрүнүн бири катары көп тилдүү билим берүүнү тандап алган. Азчылыктын мамлекеттик тилди жакшы өздөштүрүүсү алардын коомго терең интеграциялануусуна көмөктөшөт.

Кыргызстан элинин 15 пайызга жакынын түзгөн этникалык өзбектердин басымдуу бөлүгү Ош жана Баткен облустарында жашашат.

Көп тилдүү билим берүү боюнча сабактар мугалимдер предметти интеграциялоо жана тилди үйрөнүү үчүн бир жыл бою даярдыктан өткөндөн кийин 2015-жылы башталган. Горький атындагы №8 гимназия аталган пилоттук долбоорго катышууга абдан ынтызар болгон.

Келечек алдында коркуу сезими

Долбоорго катышуу тууралуу чечим кабыл алаардан мурда мектеп бардык ата-энелер жана окуучулар менен кеңешип чыкканын айтат мугалимдердин бири Хидоят Абылкасымова:

“Биз ата-энелер жана балдар абдан окугусу келгенин билдик. Бул жөн гана каалоо эмес, келечекте жакшы жумушка орношууга кепилдик берген мыкты билим алууга болгон муктаждык экени анык болду. Бул жерде ар бир адамды келечеги ойлондурат, ошондуктан аларда мындай билим алууга каалоо чоң болду”.

Эмне үчүн окуучулар көп тилдүү билим берүү боюнча пилоттук долбоорго кошулууну чечишти? Негизги себептердин бири – жалпы республикалык тестирлөө (ЖРТ). 17 жаштагы окуучулар университетке өтүү үчүн бул тестирлөөгө катышууга милдеттүү. Сынак орус жана кыргыз тилдеринде өткөрүлгөндүктөн өзбек тилинде билим алгандар абдан кыйналышат.

“Биз бул программаны негизинен ЖРТ үчүн тандап алдык. Биз университетке өтүш үчүн жалпы республикалык тестирлөөнү ийгиликтүү тапшыргыбыз келет”, - деп айтты Диёра (12 жашта).

Биз окуучулардан “университетте билим алууну каалайсыңарбы?” деп сураганыбызда баары бир добуштан “ооба” деп жооп кайтарышты.

“2013-жылы тестирлөөнү өзбек тилинде өтүү мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылгандан кийин окуучуларда тандоо болбой калды”, - дейт мектептин директору Зульфия Кадырова. “Көп тилдүү билим берүү балдарга жогорку билим алууга көбүрөөк шарт түзүү үчүн зарыл болду”.

Кыйынчылыктарга ыңгайлашуу

Жаңы методологияга ыңгайлашуу мугалимдерге бир топ эле кыйын болду:

“Түрдүү предметтер боюнча терминологияны окуучуларга кыргыз жана орус тилдеринде түшүндүрүп берүү биз үчүн абдан кыйын болду”, - дейт 28 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келаткан Абылкасымова. “Биз дайыма сөздүктү колдонуп турууга мажбур болдук. Чынын айтсам, башында класстарда окутуунун сапаты көңүлгө толоорлук болгон жок”.

Бирок мугалимдер адаптацияланган соң окуучулар да көнүп кетишти:

“Биз программага кошулганга чейин орус жана кыргыз тилдерин бир аз билчүбүз. Бирок азыркыдай жакшы деңгээлде эмес болчу”, - дейт Азиза (12 жашта). Ал өзбек жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөгөнү менен, азырынча орус тилин жакшы өздөштүрө элек.

Иш жүзүндө окуучулар бүгүнкү күнгө чейин орус тилинде бир нече ай гана билим алышты. Кыргыз тилинде окутуу андан мурдараак башталган болчу. Ошондуктан группада билим деңгээли өзгөчө таасирлендирет.

“Азыркы заманда башка өлкөгө баргың келсе, бир нече тилди билишиң керек”, - дейт Севара (12 жашта). Ага жаңы программа жакты. “Бирок мен мындан дагы көп тилди үйрөнгүм келет, орус жана англис тилдерин өздөштүрсөм жакшы болоор эле”, - дейт ал.

Севара бул сөзүн орус тилинде эркин айтты. Себеби бир аз сынамакчы болуп биздин котормочубуз суроону орус тилинде узаткан эле.

Программанын тынчтык орнотууга тийгизген таасири

“Биз көп тилдүү билим берүү программасын баштагандан кийин 2010-жылдагы жаңжалга алып келген көптөгөн маселелерди чечүүгө жардам берген бир топ оң натыйжаларды байкадык”, - деп белгиледи мектеп директору Кадырова.

“Башка азчылыктарга кирген окуучулар биздин мектепте окуй баштаганы биз үчүн өтө жакшы белги болуп эсептелет. Азыр бизде башка топтордон 14-15 окуучу бар, алар негизинен кенже класстарда окушат. Мурда окуучулардын баары өзбек улутунан болчу”.

Зульфия Кадырова кыргыз жана орус тилдерин жакшы өздөштүрө баштаган балдар мектептер арасындагы олимпиадаларга ийгиликтүү катышып жатканын сыймыктануу менен белгиледи. Окуучулар жолугушууларга жана фестивалдарга катышып, өзүнүн этностук тобунун тышында да досторду таап жатышат.

“Мурда башка окуу жайлардан балдар бул мектептин окуучуларын урушка чакыруу үчүн келишчү”, - деп айтат Кадырова.

“Бирок акыркы эки жылдан бери мындай көрүнүш байкалбайт. Себеби биздин окуучулар кыргыз тилинде сүйлөп, башкалар менен баарлашып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышат”.