Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Жеңиш Парпиевичтин 20-июнь Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата сүйлөгөн сөзү

Урматтуу айымдар жана мырзалар,

Менин атым Разаков Жеңиш Парпиевич, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүмүн.

Бүгүн дүйнө жүзүндө Дүйнөлүк качкындар күнү белгиленип жатат. Кыргыз Республикасы качкындардын маселелерине байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелерин так аткарып жатат деп сыймыктануу менен айталам. 1996-жылы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына кошулгандан соң, 2002-жылы Борбордук Азияда алгачкы болуп Кыргыз Республикасы качкындар жөнүндө мыйзам кабыл алган.

Борбордон эң алыс жайгашкан Баткен облусу Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш. Алгачкы жолу качкындарды 1990-жылдарда Кызылкыяда милиция кызматкери катары иштеп жатканымда жолуктургам. Алар Тажикстандагы жарандык согуштан качкан тажик качкындары эле. Кыргызстан Тажикстандан 20 миңдей качкындарды кабыл алган, алардын жарымы кийинчерээк Кыргызстанда отурукташып калды. 2005-жылы жүздөгөн өзбек качкындары Андижан окуяларынан улам Кыргызстанга качып, кийинчерээк башка өлкөлөргө көчүрүлгөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссарынын Башкармалыгынын жардамы менен Баткенде мектеп курулган. Мектептеги 140 окуучун жарымы тажик качкындарынын балдары болгон. Мектепке ошол учурдагы Качкындардын иштери боюнча Жогорку Комиссары, Садако Огата айымдын аты коюулуп, ал киши өзү 1997-жылдын апрелинде мектепке келип кеткен.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, 2010-жылкы июнь окуяларынан кийин Кыргызстанга жардам бергени үчүн БУУ Качкындар Агенттигине ыраазычылыгымды билдирем. Жаңжалдан жабыркаган 400 миңдей адамга турак-жайлары менен документтерин калыбына келтирүүгө жардамдашкан. Акыркы жылдары Качкындар Агенттиги 100дөн ашуун тынчтыкты бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырды. Баткен облусу боюнча долбоорлор бир шаар жана алты айылдык аймакта ишке ашырылган. Жыйынтыгында, тургундар сугат жана таза суу менен камсыз болуп, алгачкы медициналык жардам жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  кызматтары менен пайдаданууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш аркылуу Качкындар Агенттигинин Оштогу кеңсесинин мурунку жетекчиси Игорь Чобану менен достоштум. Ал учурда Грецияда күн сайын миңдеген качкындарды кабыл алып, иштеп жатат.

Быйыл Тарых жана маданият жылынын алкагында Үркүндүн 100 жылдыгын белгилейбиз. Бир убакта кыргыз эли өзү башпаанек издеп качкандыктан, качкындарга карата айкөл мамиле жасап келүүдө.

Качкындар Агенттиги менен чегарада башпаанек издегендер менен иштөө, качкындардын келишине байланыштуу өзгөчө кырдаалга даярдык көрүү, жарансыздыкты жоюуу сыяктуу маселелер боюнча кызматташтыгыбызды улантабыз.  

Көңүл бурганыңыздарга рахмат.