Айыз жөнүндө кеп

ЮНИСЕФ мектептеги кыздардын айыз маалында жеке гигиенага байланыштуу кабылган тоскоолдуктары жана жыныстык жетилүүгө байланыштуу суроолор боюнча жаштар, ата-эне менен мугалимдер арасында иликтөө жүргүздү.

Кыздар коркушат. Алар өзүндө эмне болуп жатканын түшүнбөйт, ар кандай суук ойлордун кучагында эмне кылуу керектигин билбеген абалга тушугат.

Айрым кыздар аябай азап чегишет, айрымдары өз жанын кыюуга чейин барат. Эмнеге? А мунун баары айыз келе баштагандан улам болот. Кыргызстанда көптөгөн кыздар бул тууралуу билишпейт, аларга бул тууралуу эч ким айтпайт жана алар өз коркунучу менен жападан жалгыз калат.

Бул опурталдуу ачылыш БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана Save the Children жүргүзгөн иликтөөдөн кийин белгилүү болду. Иликтөөнүн максаты – мектеп жашындагы кыздардын айыз маалында кабылган көйгөйүн жана тоскоолдуктарын аныктоо эле. Иликтөө мындан тышкары жаштар, ата-энелер жана мугалимдер арасында жыныстык жетилүү боюнча суроолорго байланыштуу ыкма жана тажрыйбаларды ачыкка чыгарат. Иликтөө 2015-жылдын экинчи жарымында Кыргызстандын Чүй жана Ош облусундагы жети мектепте жүргүзүлдү.

Мени өкүндүргөнү, иликтөөдөгү тыянактар Кыргызтандын жашоочулары үчүн жаңылык болбогону. Аны менен таанышкандын баары буга байланышуу өзүнүн кайгылуу окуясын айтышты.

ЮНИСЕФ мындан улам “жымжырттыкты” бузуп, кырдаалды өзгөртүүгө кадамдарды ачык талкуулоочу тарапташтарды топтой алды. Жыйынтыгында Кыргызстандын биринчи айымы Раиса Атамбаева 2016-жылдын апрель айында өтө турган өсүрүм-кыздардын гигиенасына байланыштуу улуттук конференцияда өз оюн айтуу үчүн ЮНИСЕФ менен Билим берүү министрлигине кошулду. Атамбаева айым репродуктивдүү саламаттык жана өспүрүмдөрдүн гигиненасы боюнча табуну бузуп, ачык сүйлөшүүгө мезгил жеткенин ырастады.

Иликтөө мындан тышкары кыздарда жана балдарда айыз тууралуу түшүнүк жок экенин көргөздү. Көпчүлүк ата-энелер айыз тууралуу аз билишерин жана бул тууралуу балдарына түшүндүргөндө өзүн ыңгайсыз сезерин моюнга алышкан.

Иликтөөнүн жыйынтыгына таянып, биз ата-энелер үчүн да, мугалимдер үчүн да так, кабыл алууга жеңил китепче түзүү үчүн бардык жетекчиликтерге жана маалымат булактарына бул тууралуу кулак кагыш кылдык. Менин кесиптешим, суу, санитария жана гигиена боюнча бөлүмдүн башчысы Эсен Турусбеков ЮНИСЕФ тарабынан жаралган “Керемет көч” мультфильминин каармандарын катыштырып, аңгеме жазуу сунушун киргизди.

“Керемет көч” Кыргызтандагы жана тыштагы балдардын жүрөгүн багындырганы маалым. Азыр аталган мультфильмдин 400 мүнөттүк эпизоду даяр. Алты жаштагы Актан жана Акылай өз достору менен дүйнө таануу үчүн көптөгөн кыйынчылыкты басып өтүшөт. Жаңы китепте чоңоюп калган Актан менен Акылай жаш окурмандарды жашоонун маанилүү баскычтары менен тааныштырат. Китеп алгач Кыргызстандын 100 мектебиндеги балдар жана кыздар үчүн чыгат, бир катар донорлор аны өлкөдөгү ар бир бала жана кыз алуусуна кызыкдарлыгын билдирди.

Мен бул китепти өзүмдүн он жаштагы балам менен талкуулоону пландап жатам. Мен азыр табунун бузуп, балам менен айызды талкуулоо алдында толкундап жатам. Мен космонавттар космоско учар алдында дал ушул сезимди баштан кечирет деп ойлойм. Мен достук маанайдагы баарлашуу ага жыныстык жетилүү тууралуу суроолорду так түшүнүүгө, айыз темасын башка балдар менен сүйлөшкөндө өзүн ишенимдүү сезерине жардам берерине көзүм жетет.  

Галина Солодунова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өнүктүрүү коммуникациялары боюнча адиси.