Эрте никесиз дени сак улут

UNCT-KG-UNDP-LucioPhoto Credit: Participant of the "Y-peer" Forum Theatre on Early Marriages . National Forum of Women of the Kyrgyz Republic, Bishkek, March, 2015, Umutai Dauletova, UNDP Gender Mainstreaming Specialist

Кээде маалымат агенттиктеринде жарыяланган кабарларды окуп отуруп, бир маалыматтын өмүрү канчалык кыска болгону тууралуу ойлонуп кетем. Күн сайын ушунчалык көп сандагы кабарлар башка жаңылыктарга аралашып отуруп, кээде адамдын башына бардык нерсени батырса болот деген ой келет. Бирок алардын баары канчалык деңгээлде талданып, кийин тыянактар жасалат? Анткени кезекте башка он чакты жаңылык турбайбы.

Албетте, биздин талкуу чөйрөбүздө бир нече күн бою жашаган жаңылыктар да бар деңизчи. Тилекке каршы алар терс маанайдагы кабарлар – мындай кабарларда мыкаачылык, кимдир бирөөгө карата кордук жасалганы, же жашы жете элек кыздын мажбурлап турмушка узатылганы тууралуу айтылат.

Эмне үчүн биз бир жаман нерсе болгондо гана ошол темага көңүл буруп калабыз?

Коом жаман окуя болгонго чейин эле анын кесепеттерине көңүл бурушу үчүн эмне кылыш керек?

Ушул жана башка суроолор жакында эле Ош шаарында өткөн жолугушууда жаңырды. Эрте никенин социалдык-укуктук кесепеттерине арналган жолугушууга Кыргыз Республикасынын Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин өкүлдөрү катышты.

Иш-чара албетте, парламенттин, жарандык коомдун жана өнүгүү боюнча уюмдардын өкүлдөрү чогулган кадимки отурумга окшошуп кетет. Бирок дал ушул иш-чарада биз бардык бойго жете элек кыздардын укуктары тууралуу сөз кылдык.

Элестетип көрүңүзчү, жыл сайын миңден ашуун бойго жете элек кыз эне болот (Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматтары боюнча). Ал эми 2008-жылдан тартып бул сан жыл сайын өсүп келатат.

Балалуу балдар... Алар кимдер? Эмне үчүн алар мынчалык эрте көз жарышууда? Баарлашуу маалында түрдүү версиялар айтылды: кыздардын эрте жетилүүсү, үй-бүлө курууга умтулуусу, азыркы жаштардын жеңил ойлуулугу.

Тартип коргоо органдары белгилегендей, өткөн жылы жашы жете электерди турмуш курууга мажбурлаганы үчүн болгону үч кылмыш иши гана козголгон.

КР вице-премьер-министри Гульмира Кудайбердиева бул көйгөйдү так аныктады – эрте төрөткө эрте никенин жайылуусу себеп болууда. Көптөн бери аялдардын жана жаштардын бейөкмөт уюмдары “коңгуроо кагып келаткан” маселе алгачкы жолу жогорку трибунадан айтылды – биздин коомдо бойго жете элек кызын турмушка узатуу кадимки көрүнүшкө айланды. Кыргыз Республикасында Балдар тууралуу кодекс жана башка ченемдик укуктук актылар менен бойго жете элек өспүрүмдөр деп 18 жашка чыга электер таанылат. Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодексинде үй-бүлө куруу үчүн минималдуу жаш курак деп 18 жаш белгиленген.

“Бул уюшулган сексуалдык эксплуатация, анткени 14-15 жаштагы кыздар дене боюнан да, моралдык жактан да жетиле элек. Алар алсыз келип, күйөөсүнүн, ата-энесинин каалоосунун курмандыгына айланышат. Жашы жете элек өспүрүм менен никеге туруу – кылмыш. Мечитте никени каттоо тууралуу айта турган болсок, түгөйлөргө мечитте нике кыйылат. Молдолор аларга нике кыйылганы тууралуу күбөлүк беришет, бирок анын юридикаллык күчү жок. Аялдар болсо өздөрүн күйөөсүнүн мыйзамдуу жубайымын деп ойлошот”, - деп айтты “Балдар укугун коргоо лигасынын” өкүлү Эркайым Алиева.

Көп учурда бойго жете элек кыздарга нике кыйылып, расмий каттоодон өтүшпөйт. Андан соң бул кыздардын жашоосу кандай болоорун мага Өзгөн шаарындагы жолугушууда аймактык кеңештердин өкүлдөрү айтып беришти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кыздарды “жаңы үйүнөн” жөн эле кууп чыгышкан жана алар турмушка чыкканын эч далилдей албай, эч кандай укуктарга ээ болбой калган окуяларга күбө болушууда. Бойго жете элек өспүрүмдүн организми эне болууга даяр эмес, ошондуктан кош бойлуулук да кыйынчылыктар менен коштолот. Көптөгөн көйгөйлөрдүн кесепетинен улам жаш энелердин турмушу да өп-чап болуп, социалдык-экономикалык келечеги чектелип, балдарынын ден соолугу да чабал болуп калат деген ыктымалдуулук жогору. Бул жерде Кыргыз Республикасы көп жылдардан бери КМШ өлкөлөрүнүн ичинен энелер өлүмү боюнча алдыда келе жаткан факт менен тикелей байланыш бар.

Биз бул талкуу кыздар үчүн көптөгөн позитивдүү өзгөрүүлөрдүн башаты болсо экен деп үмтөтөбүз: Жогорку Кеңеш жашы жете электер үчүн расмий каттоосуз нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорун карап чыгып, кабыл алат; муфтияттын, жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, милиция жана прокуратура 18 жашка толо элек кызды мажбурлап турмушка узатууга жол беришпейт, ал эми кыздар ден бою жетилип, психологиялык жана социалдык жактан даяр болгондо гана өз эрки менен турмушка чыгат.

Эльмира Шишкараева, Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун гендер боюнча өлкөлүк координатору, elmira.shishkaraeva@undp.org

Фото: эрте турмушка чыгуу темасына "Y-peer" форум-театрынын катышуучусу. Кыргызстан Аялдарынын Улуттук Форуму, ПРООНдун Кыргыз Республикасындагы гендер боюнча адиси