Пан Ги Мун: Климаттын өзгөрүүсү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Париж конференциясынан эмнелерди күтөм?

Башкы катчы кызматында иштеген тогуз жылдан бери мен климаттын өзгөрүүсү тууралуу маселе принципиалдуу түрдө маанилүү деп саналган өлкөлөрдө болдум жана дүйнөлүк лидерлер, ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана катардагы жарандар менен бул темада баарлашып, жалпы дүйнөлүк деңгээлде чукул чараларды көрүү зарыл болгонун түшүндүрүп келдим.

Эмне үчүн бул тема мен үчүн маанилүү?

Биринчиден, чоң ата катары менин неберелерим жашыл планетанын кооздугунан ырахат алып, ал тартуулаган жыргалдарды колдонсун деп каалайт элем. Барган сайын селдердин, кургачылыктын жана өрттүн күчөп жатканын, аралдарда жайгашкан өлкөлөр жоголуп, флора менен фаунанын сансыз түрү жоголуп жатканын көрүү адам катары мен үчүн өтө оор.

Папа Франциск жана башка руханий лидерлер эскертип келгендей, биздин моралдык милдетибиз – климаттын өзгөрүүсүнө баарынан да азыраак салым кошкон, бирок эң көп жабыркаган жана жакыр, өзгөчө аярлуу адамдардын категориясы менен биргелешип иш алып баруу.

Экинчиден, Бириккен Улуттар Уюмунун башчысы катары, мен климаттын өзгөрүүсүн артыкчылыктуу маселелердин катарына коштум. Анткени эч бир өлкө бул маселени өз алдынча чече албайт. Климаттын өзгөрүүсүнүн паспорту болбойт; дүйнөнүн бир бурчунда таштанды ыргытылса, анын кесепети экинчи бөлүгүнө тиет. Климаттын өзгөрүүсү адамдардын өмүрүнө коркунуч жаратып, жашоо үчүн булактарга кесепети оор болот. Бул – бардык өлкөлөрдүн экономикалык туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч жараткан маселе. Бириккен Улуттар Уюму аркылуу гана биз бул глобалдык көйгөйдү чечүү үчүн жамааттык чараларды көрө алабыз.

Сүйлөшүүлөр процесси өтө жай жүрүп, кыйынчылыктар менен коштолууда. Бирок көзгө урунаарлык жыйынтыгы да бар. Бириккен Улуттар Уюмунун чакырыгына жооп катары 166 өлкө климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу максаттуу көрсөткүчтөрү менен улуттук аракеттер пландарын беришти. Зыяндуу заттардын чыгындысынын 90% ушул өлкөлөргө туура келет. Эгерде бул улуттук пландар ийгиликтүү аткарылса, анда жүз жылдыктын соңунда көрсөткүчтөрдү жакшыртып, абанын болжолдонгон глобалдык жогорулоосун болжол менен 3ºС жеткирсе болот.

Бул абдан чоң жетишкендик болгону менен, баары бир жетишсиз. Ушул тапта мындан ары жолду улантып, дүйнө боюнча масштабда зыяндуу заттардын чыгындысын тезирээк кыскартуу үчүн жалпы дүйнөлүк температура 2ºС азайбаш керек. Ошол эле маалда биз болуп жаткан кесепеттерге ыңгайлашууда өлкөлөргө жадам беришибиз керек.

Биз канчалык тезирээк чара көрсөк, ошончолук баары үчүн артыкчылыктар да көбүрөөк болот: туруктуулук жана коопсуздук күчөйт; туруктуулук принциптери сакталган учурда экономикалык өсүштүн ыргагы жогорулайт; тышкы соккуларга каршы туруу деңгээли күчөйт; абанын жана суунун сапаты жогорулайт; адамдардын саламаттыгы жакшырат.

Бирок мунун баары бир заматта боло калбайт. Климаттын өзгөрүүсү боюнча Париж конференциясы – бул соңку максат эмес. Бул биздин иш-аракеттерибиздин натыйжасы эмес, бул – жолубуз башталчу чекит. Ал зыяндуу чыгындыларды кыскартууга жана климаттын өзгөрүүсүнүн кесепеттерине каршы турууну жогорулатууга багыт берет.

Бул импульс дүйнө жүзү боюнча күч алууда. Шаар бийлиги, ишкерлер жана инвесторлор, руханий лидерлер жана катардагы жарандар зыяндуу чыгындылардын көлөмүн кыскартып, каршы туруу даражасын жогорулатуу үчүн чара көрүшүүдө. Эми өкмөттөр Парижде баары үчүн милдеттүү болгон макулдашууну түзүшөт. Бул макулдашууда глобалдык максатка жетүүгө багыт алган жүрүм-турумдун так эрежелери аныкталган. Бул үчүн сүйлөшүүлөрдүн катышуучуларына жогору жактан берилген так көрсөтмөлөр зарыл.

Алар бул көрсөтмөлөрдү алат деп ишенем. Бул айда Түркиянын Анталья шаарында “Чоң жыйырмалыкка” кирген өлкөлөрдүн лидерлери климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу чара көрүү ниети бекем болгонун билдиришти. 120 мамлекеттин лидерлери жакында эле орун алган террордук чабуулдарга карабастан Париж конференциясына катышарын тастыкташты.

Менимче, Париж конференциясынын ийгилигинин кепили – төрт өзөктүк элемент болуп эсептелет: ырааттуулук, ийкемдүүлүк, тилектештик жана ишеним.

Биринчиден, ырааттуулук. Парижде температуранын жогорулоо деңгээлин эки градустан төмөн эмес сактоо үчүн узак мөөнөттүү стратегияны түзүп алуу зарыл жана углеводороддон көз карандуулукту азайтууга дүйнөлүк экономиканын кайра багыт алуусу сөзсүз болчу, пайдалуу иш экени жана бул ишке ашып жатканы тууралуу рынокторго так белги бериш керек.

Экинчиден, түзүлө турган макулдашуу үзгүлтүксүз кайталана берчү сүйлөшүүлөргө муктаждыкты жок кылуу үчүн ийкемдүүлүктү камсыздаш керек. Ал дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөрдү эсепке алууга жана өнүккөн өлкөлөрдүн жетектөөчү ролу менен өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн улам күчөп бараткан таасири ортосундагы балансты камсыздоого тийиш.

Үчүнчүдөн, бул макулдашуу өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө каржылоону жана технологияларды берүүнү кошкондо, тилектештик принцибин бекитүүгө тийиш. Өнүккөн өлкөлөр 2020-жылга чейин кесепеттерге ыңгайлашуу жана аларды жумшартуу максатында жыл сайын 100 млрд. АКШ долларын берип туруу милдеттенмесин аткарышы керек.

Төртүнчүдөн, мындай макулдашуу климаттык көрүнүштөрдүн улам барган сайын талкалоочу күчүнө реакция жасоонун иштиктүү чараларын караштырат. Анда өкмөттөр илимдин жетишкендиктерин эсепке алуу менен, климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү боюнча улуттук иш-аракеттер пландарын ар бир беш жыл сайын баалоо жана өркүндөтүү тууралуу жоболорду бекитүүгө тийиш. Ошондой эле Париж конференциясында баалоонун, мониторинг жүргүзүүнүн жана отчеттуулуктун ачык-айкын жана иштеп кете турган механизмдерин иштеп чыгуу зарыл.

Бириккен Улуттар Уюму мындай макулдашууну жүзөгө ашырууда өлкөлөргө жардам берүүгө толугу менен даяр.

Эгерде Парижде климат боюнча толук кандуу макулдашуу кабыл алынса, анда бул учурдагы жана болочок муундардын турмушун жакшыртуунун кепили болуп берет. Ал жакырчылыкты токтотууга, абаны тазартууга жана Дүйнөлүк океанды коргоого, адамдардын ден соолугун оңдоого, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана экологиялык технологияларды жайылтууга дем берет. Ал туруктуу өнүгүү жаатындагы бардык максаттарга жетүү процессин тездетет. Мына ушул себептен улам климаттын өзгөрүүсү өңдүү маселе мени тынчсыздандырууда.

Дүйнөлүк лидерлерге кайрылып жатып, жеткиргим келген ой өтө жөнөкөй – Париж конференциясынын ийгилиги сиздерден көз каранды. Сергек ой жүгүртүп, мунаса чечим кабыл алып, консенсуска келүүгө убакыт келди. Кууш улуттук түшүнүктүн алкагынан чыгып, дал чордонуна жалпы кызыкчылыкты алып чыгыш керек. Дүйнө элдери жана болочок муун бул тарыхый учурду колдонуп калууда сизде даанышмандык жана эрктүүлүк жетиштүү болот деп үмтөтөт.

Пан Ги Мун
БУУнун Башкы катчысы