“Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”, - деп билдирди депутаттар менен жолугушууга катышкан өспүрүм.

UNCT-KG-UNDP-BoysPhoto Credit: UNFPA in the Kyrgyz Republic

“Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”, - деп билдирди депутаттар менен жолугушууга катышкан өспүрүм.

Бала чагыбыздагы ыр саптары эсиңиздеби? – “Биздин кыздар-кызгалдактар, эмнеден, эмнеден жасалган? Гүлдөрдөн, коңгуроо гүлдөрдөн”. Бүгүнкү күндө кыздар өлкөнүн өнүгүүсүнө толук кандуу катышууда. Буга мисал катары милицияга жардам берген секелек кыздарды келтирсек болот жана мында аларды гүлдөргө салыштыруу орунсуз болчудай.

Жыл сайын 11-октябрда Кыздардын эл аралык күнү белгиленип келет. Бул күн 2012-жылы БУУнун резолюциясы менен кабыл алынган. Бул күндү белгилөөнүн максаты – дүйнө жүзүндө кыздар жыныстык белгисине байланыштуу башынан өткөрүп жаткан социалдык көйгөйлөргө жана теңсиздикке коомчулуктун көңүлүн буруу. Алардын катарына билим алуу, толук кандуу тамактануу, медициналык тейлөөгө жетүү, социалдык укуктар мүмкүнчүлүктөрү, басмырлоодон, зордук-зомбулуктан жана эрте куракта турмуш куруудан коргоо кирет.

Кыргыз Республикасы бул күндү 2012-жылдан тарта белгилей баштаганын, ал эми Бириккен Улуттар Уюмунун Калк фонду кыздардын коомдогу ролуна дагы бир жолу көңүл буруу үчүн БУУнун башка агенттиктеринин аракеттерин координациялаган агенттик болгонун белгилей кетүү зарыл.

Бул багыттагы оң жагына өзгөрүүлөр байкала баштаганын да айтпай коюуга болбойт. Бул өзгөрүү 11-октябрда КР Жогорку Кеңешинин депутаттары менен кыздар БУУ Үйүндө жолукканда абдан байкалып турду. Бул жолугушуу ПРООН менен БУУнун гендердик-тематикалык тобунун колдоосу алдында өттү.

Иш-чаранын бейформалдуу бөлүгү суроолор-жооптор форматында өттү. Кыздар аялдар кантип депутат болооруна, “аялдын орду ашканада” өңдүү стереотипти жеңүү жолунда кандай тоскоолдуктар болгонуна кызыгышты.

Кыздар 18 жашка толо элек болсо да, суроолорду биринин артынан бири “жаадырып” жатышты: “Сиздер бюджетти бөлүштүрүп жатканда кыздардын муктаждыктарына көңүл бурасыңарбы?”, “Эмне үчүн жогорку окуу жайларында билим алуу кымбат болуп жатат? Бизге, кыздарга эки эсе кыйын, анткени ата-энебиз акчаны эркек баланын окуусу үчүн гана топтошот жана бизге да билим керектигин, биз да окугубуз келе турганын далилдешибиз керек”, “Окуу китептерине көңүл бургулачы! – деп абдан суранды жолугушуунун катышуучуларынын бири. – Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”.

Парламент мүчөлөрү кыздарды таң калуу менен угуп отурушту. Депутат Эльвира Сурабалдиева жолугушуудан кийинки таасирлери менен бөлүштү: - “Силер ушунчалык прогрессивдүү, эркинсиңер жана мааыматка да ээ экенсиңер. Аял депутаттардын кийинки мууну тууралуу тынчсызданууга негиз жок болгонуна кубанып турабыз. 20 жылдан кийин силер мени көчөдөн көргөндө, араңардан бирөө басып келип, “Эльвира Жыргалбековна, бир жолу жолугушууда сиз мага “алдыга умтул, эч бир кыйынчылыктан коркпо” деп айтканыңыз эсиңиздеби? Мына, мен көп нерсеге жеттим...” деп айтасыңар деп ишенгим келет”.

Албетте бүгүн чоң өзгөрүүлөр тууралуу сөз кылуу азырынча эрте. Анткени кыздардын жолугушууга катышып жаткан бөлүгү – бул өз укуктары тууралуу ачык жана эркин айта ала турган бардык кыргызстандык кыздар дегенди билдирбейт эмеспи. Эгерде өспүрүмдөргө нике кыюуга тыюу салган мыйзам долбоорунун демилгечиси, депутат Аида Салянова келтирген статистиканы ала турган болсок, ал мындай экен: “кыздардын 1% 15 жашка чейин турмушка чыккан, 10-15% 18 жашка чейин, 60 миң кыз 15 жашына чейин чоң турмушка аттанса, 160 миң кыз 18 жашка чейин турмушка чыккан”.

Макул болсоңуз, бул өтө кооптондуруучу сандар биздин кыздар товар катары бааланарынан кабар берүүдө: “чыныгы соода жана баланы кордоо болууда. “Бузулган” жана “уят” деген сөздөр көп жаңырып, ата-энелер өз кыздарынын тагдырына балта чаап, сатышууда. Болочок күйөө жана анын достору кызды ала качса, күйөөсүнүн ата-энеси баш көтөрбөй, үй тиричилигин кыңк эттирбей аткарчу күңдү алышат. Аны мазактап, бул кулчулук салттарды сактоо максатын көздөй турганын, бул анын милдети болгонун таңуулашат. Келин дайыма бардык нерсе үчүн күнөөлүү болот – күйөөсү ичип келип, кол көтөрсө да, балалыгы бүтө элек өспүрүм кыз кош бойлуу кезинде боюнан түшүп калса да, үй тиричилигин ойдогудай аткара албаса да күнөөлүү. Кыздарыбызды ким коргойт? Бул туңгуюктан чыгууга ким жардам берет?” деген суроолорду узатат БУУ-Аялдар программаларынын Улуттук координатору Нургуль Асылбекова. Бул тууралуу адис БУУ-Аялдар, ЮНФПА жана Эл аралык миграция уюму жүргүзгөн жаңы изилдөөнүн жыйынтыктарын карап жатканда билдирди.

Менин баамымда, мунун баары кайсы мекеменин же институттун кызматкери болгонубузга эмес, жеке ар бирибизге тиешелүү. Кыздар – бул биздин азыркы учурубуз. Алар ушул жерде жана ушул чакта жашап жатат. Ошондуктан алар биздин келечегибиз деп айтканыбыз рационалдуу болбой калат. Дал азыр баштаңыз. Алар менен сүйлөшүңүз, маселелерди талкуулагыла, модага болобу, же космоскобу, айтор алардын кызыкчылыктарын аныктаңыз. Аларды болочокто эркектин кулу болууга даярдабаңыз, биринчи жолу айызы келсе уяткарбаңыз, “түрүң кантет” деп урушпай, үйдөгү болгон жумушту моюнуна артпаңыз. Эркек балага билим, кызга болсо үй жумушу дебестен, артыкчылыктарды баланын керектөөлөрүнө жараша аныктаңыз. Эң негизгиси – кыздарда билимге тырышуучулукту, өз алдынчалуулукту жана өзүнө болгон сүйүүнү ойготуңуз. Эгерде айткандарымды назарыңызга алсаңыз ыраазычылык бидирем. Кыздардын күнү менен куттуктайм!

Материалды Кыргыз Республикасындагы ПРООНдун Гендер боюнча адиси Үмүтай Даулетова даярдады