Кыргыз сериалы – эркекте калыптанып калган көз карашка чакырык

 Caption from "Channel 10" TV series

Мен бөлмөгө кирээр замат айланадагы декорациялар көзүмө жылуу учурады. Бул аптасына бир жолу улуттук телеканалдан көрсөтүлүп турган “10-канал” кыргыз комедиялуу телесериалынын студиясы эле. Бул бөлмө өзүнчө эле “согуш талаасы”. Бул жерде сценарий боюнча аялдар өз үнүн жеткирүү үчүн кээде аргасы кеткен чараларга да барышат. Бул оңой эмес кармашта бирде жеңиш аялдар тарапта болсо, бирде алар жеңилүү ызасын тартышат.

Сериалдагы негизги каарман – телекомпаниянын башкы директору болуп эмгектенген аял. Ал компаниянын кызматкери, жергиликтүү шайлоодо депутаттыкка аттанып жаткан таланттуу келинге жардам берүүгө аракет жасап келет. Компаниянын башка кызматкерлери болсо жеке кызыкчылыктарын көздөп, уюмдун “тизгини” кимдин колунда болуп, кызматтык тепкчитен кимдер көтөрүлүшү керектигин гана ойлошот. Мындан улам алар директорго ар кандай жолдор менен бут тосуп, анын ордун ээлеп калуунун айла-амалын издешет. Тилекке каршы, бул күнүмдүк турмушубузда биз күбө болуп жаткан реалдуу көрүнүш.

Сериал бизге көнүмүш болуп калган тиричилигибизди чагылдырып турат. Бул жерде гендердик теңсиздик, аялдарга карата калыптанып калган стереотиптер, толук патриархат жана чечим кабыл алуу эркектин гана укугу деген бекем ишеним өкүм сүрөт. “705-Арт-топ” даярдаган мультфильмде да бул көрүнүш өтө таамай берилген.

"Аялдарга “эркектин иши” деп айтылып келген иш менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк берүү – бул өтө сезимтал маселе, - деп айтты директордун жардамчысынын ролун ойногон Нурбек Юлдашев. – Мисалы, менин каарманым кандай гана жол менен болбосун, айтор жетекчи аялдын ордун ээлеп калууга аракет жасап келет. Анткени ал – эркек, ал компаниянын башында турушу керек, бул – анын орду”.

Мен Нурбектин пикирине кошулам, коомдо калыптанып калган түшүнүк менен күрөшүү, атүгүл муну коомго ачык айтып чыгуу оңой эмес. Бирок тандалып алынган комедиялык жанр бул көйгөйгө юмор аркылуу көз чаптырууга жардам берет. Менин баамымда, бул акыйкатсыздыкты ар кимге айтып наалый бергенге караганда бир кыйла майнаптуу аракет”.

Сюжет боюнча, депутаттыкка аттанган аялдын максаты ишке ашпай калат. Мунун себебин өзүңөр деле баамдап турсаңар керек. Анткен менен, маңызы дал ушунда жатат – сценарий “аял болосуңбу, же эркексиңби, кандай болгон күндө да алдыга койгон максатка жетүүдө тең укуктуусуң” деген идеяны кеңири пропагандалайт.

Менин сүйүктүү каармандарымдын бири – директордун жардамчысы Роза. Бул каармандын ролун Айдина Камчыбекова мыкты аткарган. Роза – ушакчы жана чыр-чатакка жакын келин. Ал бейформал лидери болгусу келип, жеке кызыкчылыктарына жетүү үчүн бузукулукту мыкты өздөштүргөн. "Роза бет алганынан кайтпаган, өжөр, куу, бирок ошол эле маалда өзүнө ишенбеген адам. Менимче, кыздын мүнөзүндөгү бул сапаттар балачагында үй-бүлөсү жана айлана-чөйрөсү “Сен аялсың! Сенин ордуң ашканада, сенде тандоо укугу жок, сенде такыр эле укук болбойт” деп айта бергенден улам пайда болсо керек. Ошондо эмне болот? Ал баарынан чарчап, өз үнүн жеткирүүгө аракет жасай баштайт. Менин каарманым – айланасындагылардын мактоосуна муктаж, айласы түгөнгөн аял”, - деп айтып берди Айдина.

Бул макалада сүрөттөбөй турган каармандар да бар. Болгону айтаарым, сериал жакшы окуялар менен аяктайт. Баса, сиз бул сериалды шилтеме боюнча таба аласыз. Көрүп чыккандан кийин ой-пикириңиз менен да бөлүшсөңүз болот.

БУУнун агенттиктеринин бири болгон ПРООН гендердик теңдик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү адилеттүү жана демократиялуу коомду түптөөдө негизги шарттардын бири деп эсептейт. Кыргызстанда сериал ПРООНдун гендердик программаларынын бири менен башталып, аны учурдагы көйгөйлөр тууралуу коомго маалымат жеткирүүдө инновациялык аспаптардын бири катары Тынчтык куруу фонду колдоого алган. Идеянын демилгечиси Эльмира Шишкараева буларды белгиледи: “Чечим кабыл алуу процессине аялдардын толук кандуу катышуусу маселеси негизги идея болгон жана чыгармачыл топтогу балдар аны жеткире алышкан. Ар бир көрүүчү өзү үчүн тийиштүү тыянактарды жасайт деп ишенем”.

Албетте, биз жарым жолго гана жеттик, бирок жеке мен бул идеяны колдойт элем. Сизчи?