Пикирлер жана баяндамалар

  • Кыргызстандын түштүгүндө көп тилдүү билим берүү жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана жалпы элдин биримдигине шарт түзүүдө

    Биология, тарых жана башка предметтерди үч түрдүү тилде окутуу бир караганда өтө оор тапшырмадай көрүнүшү мүмкүн. Бирок Кыргызстандын түштүгүндөгү бул орто мектеп кыйынчылыктарды жеңип, мындан да оор тапшырмаларды аткарууга даяр.

  • ЮНИСЕФ Кыргызстанда балдар арасында тубаса ооруларды болтурбоо үчүн унду байытуу иш-аракеттерин колдоодо

    Абдурахим* эки ай мурда жарык дүйнөгө келген. Ошондон бери Алима баласы эмне себептен улам тубаса оору менен төрөлгөнүн түшүнө албай келет. Абдурахимге тубаса жүлүн чурку деген диагноз коюлган. Бул нерв түтүгүнүн өнүгүүсүндө өтө олуттуу кемтик бар дегенди билдирет.

  • Ара төрөлгөн ымыркай жашоого укуктуу

    Бир наристебизди колубуздан учуруп жибергенден кийин күтүп жаткан ымыркай мага гана эмес, баарыбызга өзгөчө таттуу сезилип жаткан. Аябай күтүп жатканыбыздан уламбы же өйдө жактан бул жарык дүйнөгө келе турган убакыт-сааты белгилендиби, айтор, кызыбыз бир жарым ай эрте төрөлдү.

  • “Окуу китептери такыр эле сезгич эмес – сүрөттөрдө көз көрүнөө теңсиздик – атүгүл математика боюнча тапшырмаларда эркек баланын алмасы көбүрөөк!”, - деп билдирди депутаттар менен жолугушууга катышкан өспүрүм.

    Бала чагыбыздагы ыр саптары эсиңиздеби? – “Биздин кыздар-кызгалдактар, эмнеден, эмнеден жасалган? Гүлдөрдөн, коңгуроо гүлдөрдөн”. Бүгүнкү күндө кыздар өлкөнүн өнүгүүсүнө толук кандуу катышууда. Буга мисал катары милицияга жардам берген секелек кыздарды келтирсек болот жана мында аларды гүлдөргө салыштыруу орунсуз болчудай.

  • Аял менен эркектин бирдей көрсөтүлүшү чечим кабыл алууда тең укуктуулукту билдирет

    2016-жылдын 6-7-октябрь күндөрү “Саясий партиялардын гендердик рейтинги: жетишкендиктер, көйгөйлөр жана келечеги” аттуу эки күндүк семинар өттү. Семинар Румыния Өкмөтүнүн жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

  • Жер жүзүндө акыйкаттыкты жана бекем тынчтыкты сактоо үчүн секелек кыздарга инвестиция жумшоо зарыл

    Айрым кыздар үчүн өспүрүм кез – бул өз алдынча баамдоонун, дүйнөнү жаңыча таануунун жана улам көбөйүп турган көз карандысыздыктын убагы. Бирок көптөгөн башка секелектер үчүн бул укуктардан жана мүмкүнчүлүктөрдөн ажыраган, же ачык кодулоого дуушар болгон өзгөчө аярлуу учур.

  • Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Разаков Жеңиш Парпиевичтин 20-июнь Дүйнөлүк качкындар күнүнө карата сүйлөгөн сөзү

    Урматтуу айымдар жана мырзалар, Менин атым Разаков Жеңиш Парпиевич, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүмүн. Бүгүн дүйнө жүзүндө Дүйнөлүк качкындар күнү белгиленип жатат. Кыргыз Республикасы качкындардын маселелерине байланыштуу өзүнө алган милдеттенмелерин так аткарып жатат деп сыймыктануу менен айталам. 1996-жылы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө конвенциясына кошулгандан соң, 2002-жылы Борбордук Азияда алгачкы болуп Кыргыз Республикасы качкындар жөнүндө мыйзам кабыл алган.

  • Айыз жөнүндө кеп

    Айрым кыздар аябай азап чегишет, айрымдары өз жанын кыюуга чейин барат. Эмнеге? А мунун баары айыз келе баштагандан улам болот. Кыргызстанда көптөгөн кыздар бул тууралуу билишпейт, аларга бул тууралуу эч ким айтпайт жана алар өз коркунучу менен жападан жалгыз калат.

  • Жапондор менен кыргыздардын дили жакын

    Кыргызстанга келгенде коомдук иш-чараларынын бирине катышып калдым. Ошол жерден менде кыргыз ооз комузчусунун ойногонун көрүү мүмкүндүгү пайда болду. Кооз, бай, куюлушкан музыка мага кыргыздардын байыркы дүйнөсүн, алардын умтулууларын, баалуулуктарын, кубанычын, бакытын жана күрөшүн сүрөттөп жатты. Акыйкатта музыка элдин руханий маңызын ачып, анын ички дүйнөсүн, башынан өткөргөндөрүн жана тарыхын чагылдырып берет.

  • Эрте никесиз дени сак улут

    Кээде маалымат агенттиктеринде жарыяланган кабарларды окуп отуруп, бир маалыматтын өмүрү канчалык кыска болгону тууралуу ойлонуп кетем. Күн сайын ушунчалык көп сандагы кабарлар башка жаңылыктарга аралашып отуруп, кээде адамдын башына бардык нерсени батырса болот деген ой келет. Бирок алардын баары канчалык деңгээлде талданып, кийин тыянактар жасалат? Анткени кезекте башка он чакты жаңылык турбайбы.

  • Өлкө смартфондогу сандарда

    Маалыматтар автордук укук, патенттер жана көзөмөлдүн башка механизмдери тарабынан чектелбестен андан ары колдонуу жана жайылтуу үчүн машина окуучу форматта жеткиликтүү болушу керек деген идеяны карманган ачык маалыматтар Концепциясы дүйнө жүзүндө кеңири жайылды. Data.gov өңдүү өкмөттүк демилгелер ачык маалыматтарга болгон кызыгуунун өсүшүнө таасирин тийгизди.

  • Пан Ги Мун: Климаттын өзгөрүүсү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Париж конференциясынан эмнелерди күтөм?

    Башкы катчы кызматында иштеген тогуз жылдан бери мен климаттын өзгөрүүсү тууралуу маселе принципиалдуу түрдө маанилүү деп саналган өлкөлөрдө болдум жана дүйнөлүк лидерлер, ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана катардагы жарандар менен бул темада баарлашып, жалпы дүйнөлүк деңгээлде чукул чараларды көрүү зарыл болгонун түшүндүрүп келдим.

  • Кыргыз сериалы – эркекте калыптанып калган көз карашка чакырык

    Мен бөлмөгө кирээр замат айланадагы декорациялар көзүмө жылуу учурады. Бул аптасына бир жолу улуттук телеканалдан көрсөтүлүп турган “10-канал” кыргыз комедиялуу телесериалынын студиясы эле. Бул бөлмө өзүнчө эле “согуш талаасы”. Бул жерде сценарий боюнча аялдар өз үнүн жеткирүү үчүн кээде аргасы кеткен чараларга да барышат. Бул оңой эмес кармашта бирде жеңиш аялдар тарапта болсо, бирде алар жеңилүү ызасын тартышат.