ЮНИСЕФ: Ата-энелерде көндүмдөрдүн жоктугу жана коомдун кайдыгерлиги балдарга карата зомбулуктун күчөшүнө шарт түзүүдө

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына ылайык, 2018-жылдын 12 ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөргө карата орой мамиле жасаган 136 факты катталган. Анын ичинде 13 факты жашы жете элек өспүрүмдөрдү өлтүрүү болсо, алтоосу 3 жашка чейинкилер).  

БИШКЕК, 2019-жылдын 14-январы – Балдарга кол салууларга карата жүргүзүлгөн глобалдык баалоолор көрсөткөндөй, 5тен 14 жашка чейинки курактагы балдарга караганда ымыркайлар жана төрт жашка толо элек наристелер эки эсе көбүрөөк зомбулук тобокелдигине кириптер болушат.

ЮНИСЕФтин изилдөөлөрүнө ылайык, ата-энелик көндүмдөрдүн жана ата-энелерге колдоонун жоктугу күч колдонуп тарбиялоо практикасынын өзөгүн түзөт.

“Аягы өлүмгө алып келген, балдарды күч колдонуп жазалаган окуялардын көбөйүшү коомчулук жана чечим кабыл алган органдар үчүн өтө олуттуу коңгуроо. Бул – күч колдонулган зомбулук тарбиялоонун жалгыз ыкмасы болуп калган мындай социалдык нормаларды өзгөртүүгө учур жеткенинен кабар берет. ЮНИСЕФ балдарга карата зомбулукка кайдыгер болбоого үндөп, ишеним телефону иштеп жатканын эске салат. Ишеним телефону – 111”, - деп белгилейт ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

111-ишеним телефону күнү-түнү иштейт жана республика боюнча чалуулар акысыз. Ишеним телефонуна чалган бала, ата же эне, же камкочу адистештирилген психологиялык жардам, кеп-кеңеш алса болот. Ошондой эле адистер балага жана анын үй-бүлөсүнө кызмат көрсөтүүлөр тууралуу маалымат беришет.

 “Өзүн коргой албаганга кол көтөрүү – бул алсыздыктын белгиси. Адатта баласын урган ата же эне ушундай жол менен өз күчүн көрсөтүүгө умтулат. Тилекке каршы зомбулукка күбө болгондор да үн катпайт. Балдарга карата зомбулук көйгөйүн чечүүнү ар бир ата-энени же камкорчуну эч качан баласына кол көтөрбөгөн жакшы ата-эне болууга үйрөтүүдөн башташ керек”, - деп кошумчалады ЮНИСЕФтин жүрүм-турумду өзгөртүү боюнча коммуникация боюнча адиси Галина Солодунова.

   

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Айпери Алымбекова, ЮНИСЕФ, aalymbekova@unicef.org, 0777 91 91 43

 

ЮНИСЕФ тууралуу

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана Кыргызстандагы биздин ишибиз тууралуу толук маалыматты сайттан таба аласыз: https://www.unicef.org/kyrgyzstan. Ошондой эле Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.