Кыргызстандагы ооруканалардын коопсуздугун арттыруу жана табигый кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу боюнча өзөктүү сунуштамаларды берүү үчүн жаңы отчет

WHOWHO

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Кыргызстандагы ооруканалардын коопсуздугун жана табигый кырсыктарга даярдыкты жогорулатуу боюнча өзөктүү сунуштамалар берилген отчетту жарыялайт.

Отчет жалпы өлкөдөгү ооруканалар тутумунун коопсуздугун баалоого негизделген. Баалоонун жүрүшүндө кемчиликтер аныкталып, табигый кырсыктарга даяр туруунун улуттук стратегиясынын жана тийиштүү иш-чаралардын алкагында ооруканалардын даярдыгын жана жооп кайтара билүүсүн бекемдөө максатында жагдайды оңдоо боюнча негиздүү чаралар аныкталган.

Баалоо иши 2016-жылдын июнь айынан тартып 2017-жылдын июлуна чейинки мезгилде жүргүзүлгөн жана мында ДССУ иштеп чыккан ооруканалардын коопсуздук индексинин шаймандары колдонулган.  Баалоонун жүрүшүндө жалпы өлкө боюнча райондук, шаардык, облустук жана республикалык деңгээлдеги 70 оорукана каралып чыгып, бааланган. Саламаттык сактоо министрлиги ооруканаларды алардын стратегиялык маанисине жана жайгашышына жараша жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги өзгөчө кырдаалдарды эске алуу менен тандап алган.

Кыргызстан үчүн ооруканалардын өзгөчө кырдаалдар учурундагы коопсуздугу маанилүү

Баалоолорго таянсак, Кыргызстанда жылына 200дөн ашуун антропогендик же табигый өзгөчө кырдаалдар болуп турат, алар оорукана секторунун ишине тикелей же кыйыр түрдө таасир этишет. Өзүнүн географиялык жайгашуусунан улам өлкө табигый кырсыктарга ыктуу болуп саналат, ал эми бул болсо табигый жана антропогендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын тез-тезден болуп турушун жана масштабын эске алганда, ооруканалардын коопсуздугун жана өзгөчө кырдаалдарга даяр турушун камсыздоо маселесинин маанисин арттырат.

Иштин мындай жагдайы медициналык мекемелер кризис учурунда ыктымалдуу коркунучтардан коопсуз жана кыйын кезеңде дарыланууга болгон суроо-талаптын өсүшүн канааттандырууга даяр болушун камсыздоонун зарылдыгын баса белгилейт.Кы ргыз Республикасындагы ооруканаларды баалоо өзгөчө кырдаалдарга жалпы даяр турууну камсыздоо жолундагы маанилүү кадамдардын бири болуп калды.

Улуттук эксперттер, ДССУ шайманы

ДССУнун эл аралык эксперттеринин тобу улуттук эксперттерди ДССУ иштеп чыккан ооруканалардын коопсуздук индексинин шаймандарын колдонуу тематикасына окутуп-үйрөтүштү. Андан соң жарандык инженерлер менен техникалык тейлөө боюнча инженерлер, ошондой эле өзгөчө кырдаалдарды башкаруу жана координациялоо боюнча адистер өлкөнүн ар кайсы аймагындагы ооруканаларды баалап чыгышты. Алар бейтаптарга кечиктирилгис жардам көрсөтүү планын жана коопсуздукка байланышкан башка документтерди карап чыгып, ооруканалардын кызматкерлерин сурамжылап, ооруканалардын инфраструктурасын көрүп чыгышты.

Ооруканалардын коопсуздук индексинин шаймандары 3 категориядан турат: түзүмдүк коопсуздук, түзүмдүк эмес коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар менен табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу шарттарындагы башкаруу дарамети.

Башкы корутундулар жана негизги сунуштамалар

Баалоонун жүрүшүндө баалануучу ооруканалардын жарымынан азыраагы (31 оорукана же 44,3%) коопсуздуктун орточо деңгээлин көрсөткөн «В» коопсуздук тобуна кире тургандыгы аныкталган. Калган 39 оорукана (55,7%) коопсуздуктун төмөнкү деңгээлин билдирген «С» коопсуздук тобуна киргизилген. Бааланган ооруканалардын бири да коопсуздуктун жогорку деңгээлиндеги оорукананын критерийлерине шайкеш келген жок.

Өлкөдөгү ооруканалардын коопсуздугун бекемдөө боюнча негизги сунуштамалар төмөнкүлөрдү камтыйт:

·         медициналык мекемелердин коопсуздугун бекемдөө боюнча улуттук программаларды иштеп чыгууну жана ишке ашырууну;

·         ар бир баалануучу оорукана артыкчылыктуу негизде тийиштүү коррекциялоочу чараларды ишке ашыруу жолу менен аны баалоо учурунда аныкталган кемчиликтерди четтетүү боюнча иш алпаруусун камсыздоо;

·      Саламаттык сактоо министрлигинин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) жана саламаттык сактоо мекемелеринин бюджеттерине өзгөчө кырдаалдарга даяр турууну жогорулатуу жана тобокелдиктер менен коркунучтарды четтетүү үчүн жооп кайтаруу чаралары көрүлүшү үчүн конкреттүү максаттуу каражаттарды бөлүп берүү; ошондой эле

·         ооруканалардын өзгөчө кырдаалдар, кырсыктар жана башка кризистер учурундагы коопсуздугунун конкреттүү параметрлерин аныктоо Ооруканалардын коопсуздугу боюнча көзөмөлдөөчү тизмегине киргизилиши.

ДССУ табигый кырсыктарга даяр туруунун жана өлкө боюнча ыкчам даяр туруунун деңгээлин жогорулатууга умтулат. Ал ооруканалардын коопсуздугун бекемдөө жана өзгөчө кырдаалдарга жалпы даяр турууну жакшыртуу максатында жагдайды жакшыртуу боюнча чараларды ишке ашырууну камсыздоого жана бул жааттагы прогресске көз салуу максатында ар бир беш жылда ушундай баалоолорду өткөрүп турууну пландоодон көрүнөт.

Баалоо боюнча иш Европа Биримдиги, Люксембург Улуу Герцогствосу жана ДССУ тарабынан каржыланган «Саламаттык сактоо жана бардык аймакты медико-санитардык кызмат көрсөтүүлөр менен камтуу жаатындагы улуттук саясатка, стратегияларга жана пландарга карата саясат маселелери боюнча диалогду колдоо» аттуу Саламаттык сактоо жаатындагы универсалдык өнөктөштүктүн колдоосу алдында жүргүзүлдү.