Эне-баланын ден соолугун бекемдөө жана баңгизатка көзөмөлдү күчөтүү үчүн Жапон өкмөтү Кыргызстанга 6,2 миллион доллар берет

UNCT-KRG-UNODC-ceremony

БИШКЕК, 2018-жылдын 6-марты. – Жапон Өкмөтү эки программаны ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга
6,2 миллион доллар бөлөт. "Эл аралык кылмыштуулукка, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана терроризмге каршы туруу" жана "Эне-баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө" деп аталган эки программаны БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) жана БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы (БУУ БККБ) ишке ашырууда.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков ачкан расмий аземде тиешелүү ноталарга Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Чукул жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура, БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өкүлү Юкиэ Мокуо, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгынын Борбор Азиядагы Регионалдык өкүлү Ашита Миттал кол коюшту. Долбоорлор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен жүргүзүлгөн консультациялардан кийин улуттук артыкчылыктарды эсепке алуу менен БУУ агенттиктери тарабынан даярдалган.

"Кыргызстан эгемендик алган учурдан бери Жапония достук мамилелерди бекемдеп келатат. Биздин өлкө демократияны орнотууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана өлкөнүн жарандарына дайыма колдоо көрсөтүп келген. ЮНИСЕФтин жана БУУ БККБнын буга чейинки долбоорлорунун жыйынтыктарын баалоо менен, бул долбоорлор Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык кырдаалды жакшыртууга көмөктөшөт деп ишенебиз”, - деп айтты Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Чукул жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура.

Эне-баланын саламаттыгын коргоо системасын бекемдөө боюнча долбоор өлкөдөгү беш жашка толо элек 

924 миң балага жана 150 миңден ашуун кош бойлуу аялга багытталат. Жапония Өкмөтүнүн 3,5 миллион доллар суммасындагы колдоосу менен ЮНИСЕФ жана Саламаттык сактоо министрлиги 18 ооруканадагы жылытуу жана суу менен жабдуу системаларын оңдоп, медициналык кызматкерлерди окутуп, балдардын өмүрүн сактаган медициналык жабдууларды сатып алат. Мындан тышкары долбоор саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү артыкчылыктуу муктаждыктарды аныктап, бала багуу боюнча практикаларды жакшыртуу үчүн энелерге колдоо көрсөтүү максатында ата-энелерге окуу өткөрүп, жергиликтүү жамааттардын бул процесске тартылуусун жана катышуусун күчтөндүрөт.

 

“Жапон Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин өнөктөштүгү балдардын өмүрлөрүн сактап калуу үчүн биздин программаны кеңейтүүгө жол ачат. Кыргызстандагы ар бир баланын кызыкчылыгында биргелешкен аракеттерди мындан ары да уланта берүүгө жардам бергени үчүн Жапон Өкмөтүнө ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деп айтты ЮНИСЕФтин КРдагы өкүлү Юкиэ Мокуо. “Саламаттык сактоо министрлигинин аракеттерин колдоого алуу менен, бул программа мындан ары да балдар арасындагы өлүм санын азайтууга багытталат”, - деп кошумчалады Мокуо айым.

Баңгизаттарга көзөмөлдү күчөтүү боюнча Жапон Өкмөтүнүн колдоосу өтө актуалдуу болуп турат.
Себеби Кыргызстан Ооганстанга жакын жайгашкан. Ооганстанда 2017-жылы эле апийим өндүрүшү 63% өскөн. Баңгизаттарды түндүк маршруту аркылуу алып өтүү аракеттери күчөшү ыктымал, ошондуктан БУУ БККБ жакында эле бул чөйрөдө жүргөн реформаларды эсепке алуу менен маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча  иш-аракеттерди камсыз кылууда КР Өкмөтүнө комплекстүү колдоо көрсөтөт. Жапон Өкмөтү бөлүп жаткан 2,7 миллион АКШ доллары көлөмүндөгү грантты колдонуп, Борбор Азиядагы мамлекеттер үчүн 2015-2019-ж.ж. Программанын алкагында БУУ БККБ маңзаттарын көзөмөлдөө жаатында техникалык колдоо көрсөтөт.

Бул аракеттер ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, кызматкерлерди окутууга, материалдык-техникалык жабдууларды бекемдөөгө, ошондой эле наркотикалык каражаттарды, психотроптук заттарды БУУнун ратификацияланган конвенцияларына ылайык жүгүртүү жаатында компетенттүү органдардын потенциалын бекемдөөгө багытталат. Мындан тышкары долбоор маңзат колдонгон жаштардын жана калктын аярлуу топторунун өкүлдөрүнө жардам берип, баңгизаттардын ден соолукка тийгизген терс кесепеттерин жоюуга көмөктөшөт.

Жапон элине ыраазычылыгын билдирүү менен, БУУ БККБнын Борбор Азиядагы Регионалдык өкүлү Ашита Миттал айым буларды белгиледи: “Коопсуздукка, башкарууга жана өлкө жарандарынын саламаттыгына түз таасирин тийгизип жаткан көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн маңзаттардын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө каршы турган системаны түптөө өтө маанилүү. Бул аракеттер 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жардам берет”.

 

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Василина Бражко, БУУ БККБ, тел: 0775987817, vasilina.brazhko@unodc.org

Айпери Алымбекова, ЮНИСЕФ, тел: 0777919143, aalymbekova@unicef.org

###

БУУ БККБ мыйзамсыз баңгизаттар, эл аралык кылмыштуулук жана терроризм менен күрөшүүдө КР Өкмөтүнө жана жарандарга колдоо көрсөтүп келатат. Биз өнөктөштөрүбүз менен түрдүү чөйрөлөрдө, анын ичинде уюшкан кылмыштуулукка, коррупцияга жана адам сатууга каршы турууда, юстиция системасын реформалоодо 

жана баңгизаттарга көзөмөлдү күчөтүү чөйрөсүндө биргелешип иш алып баруудабыз. БУУ БККБ тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн www.unodc.org сайтына кирип, “Фейсбуктагы” баракчабызга жазылыңыз.

 

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.