ЮНИСЕФ: Баткенде жаш таланттардын кыргыз-өзбек фестивалы өтөт

DSC00108 (002)

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Баткенде жаш таланттардын кыргыз-өзбек фестивалы өтөт

БАТКЕН, Кыргызстан, 2018-жылдын 17-апрели. –  17-апрелден 20-апрелге чейин Баткен шаарында “Маданият – достуктун көпүрөсү” аттуу жаш таланттардын фестивалы өтүп жатат. Кыргыз-өзбек фестивалы БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Баткен шаарынан жана Өзбекстандын Фергана өрөөнүнөн жүздөн ашуун жаш таланттар эки өлкө ортосундагы достукту бекемдөө үчүн фестивалга катышып, Баткен шаарынын ажайып жайлары, маданияты жана музыкасы менен таанышат.

"Эгерде биз бардык өлкөлөрдө тынчтык орносун десек, анда жаштардан башташыбыз керек. Балдар жана жаштар ынтымактуу жашоо үчүн тынч коом курууга жардам бере алышат. Жаштар үчүн бул фестивалды өткөрүү демилгесин Баткен шаардык администрациясы жана Фергана акимиаты көтөрүп чыкканы кубандырат. Жергиликтүү башкаруу органдарынын, айылдардын жана жамааттардын деңгээлинде кызматташуу узак мөөнөттүү мамиле куруу жана достукту бекемдөө үчүн өтө маанилүү”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Бул фестиваль Баткен шаарынын жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдары менен ЮНИСЕФтин узак мөөнөттүү өнөктөштүгүнүн уландысы болуп калды. Бул мезгил аралыгында Баткен облусунда жаштардын алты борбору, анын ичинде Баткен шаарында бир борбор түзүлдү. Чек ара аралык кызматташтык боюнча долбоордун алкагында Тажикстан менен чектешкен айылдарда жашаган өспүрүмдөр жана жаштар арасында достукту бекемдөө жана мамилелерди жакшыртуу үчүн ЮНИСЕФ жети айылдык аймакта бир катар демилгелерди ишке ашырган. Долбоордун натыйжасында 5335 өспүрүм жана жаштар өлкө ичиндеги иш-чараларга, ал эми 1830 кыз-жигит Тажикстандагы биргелешкен иш-чараларга катышты.

Толук маалымат алуу үчүн Гульнара Женишбекова кайрылууңузду өтүнөбүз, ЮНИСЕФ Ош, тел: +996 772 570741 эл. дареги: gzhenishbekova@unicef.org

####

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.