ЮНИСЕФ: күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кошулат

On 11 March 2016, Jan, 16, (background) strums a guitar at her home in the Central Visayas city of Cebu, Philippines while her two brothers look at an iPad. Like most adolescents, she tolerates her siblings, spends time with friends, and a lot of time on the Internet. Social media is a huge influence in children’s lives and being constantly connected to the Internet creates many risks, including online sexual exploitation of children and adolescents. After the loss of her grandfather, together with the pressures of adolescent life, Jan battled depression, and was a victim of cyber-bullying. Like many adolescents, she turned to the Internet for help. She saw a social media post about ‘cutting,’ a form of self-injury, and how the post described it as being an effective way to deal with pain and she tried it. She sought help from a UNICEF-supported programme on CyberSafety providing guidance and training in social media and she now works with UNICEF to help educate her peers about online safety.

Worldwide, children make up one-third of all Internet users. With the rapid expansion of information and communication technologies, protecting children online is an urgent global priority. Among Filipino youth, more than half regularly use the Internet on own devices with easy and unrestricted online access. The lack of awareness of online safety, along with children’s natural inquisitiveness, adolescent sexual curiosity and susceptibility to peer influence, makes children vulnerable to online violence, sexual abuse and exploitation. This can manifest itself in cyberbullying, sexual solicitation online, and victimization through child sexual abuse material and live stream child sexual abuse.  Online sexual abuse and exploitation may involve both contact and non-contact offenses, and often involves subtle forms of manipulation in which a child is coerced into these situations without being able to fully comprehend what is happening to them or give informed consent.  While poverty in the Philippines, and a culture of silence in relation to child sexual abuse, are widely recognised as major underlying factors, the chronic lack of employment and desperation to survive is often used as a justification when families facilitate the exploitation of children. In 2015, the Philippines is reported to be among the top 10 countries worldwide where online child sexual exploitation is prevalent, involving mostly boys and girls age 10-14. Nearly half of Filipino children experience violence on the Internet and the number of children who are victims of abuse of live streaming for payment is estimated in the tens of thousands, with offenders sexually exploiting children using webcams, chat rooms and social media. Live streaming of child sexual abuse is believed by many to be a relatively easy way of making money without consequences. Many people also fail to fully comprehend the illegality involved. The rise of these forms of exploitation has prompted the Philippine government to enact laws and implement programmes to protect children from online sexual exploitation, and garnered  international law enforcement collaboration and support. UNICEF is targeting children in schools and their parents by instituting CyberSafety lesson plans and is working together with the Government, the Child Protection Network, the Department of Justice and NGOs in improving the investigation and prosecution of cases and providing care and support services for child victims of online sexual exploitation. For vulnerable girls living in situations of poverty, life skills training with a particular focus on sexual education alongside measures to strengthen their economic capabilities, are being provided, in addition to public awareness-raising; strengthening parent-child relationships and empowering parents and teachers into becoming aware of their children’s online activities.This photographic documentation was produced with the support of the WeProtect Global Allliance.

ПРЕСС-РЕЛИЗ

 

Күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернетке кошулат

Бүткүл дүйнөлүк коопсуз Интернет күнү ЮНИСЕФ онлайн режиминде отурган балдарды коргоо үчүн күч-аракетти бириктирүүгө чакырат    

НЬЮ-ЙОРК/БИШКЕК, 2018-жылдын 6-февралы. – БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) изилдөөсүнө ылайык, күн сайын 175 миңден ашуун бала биринчи жолу Интернет мейкиндигине кошулат. Жыл сайын 7-февралда белгиленип келген Бүткүл дүйнөлүк коопсуз Интернет күнүн утурлай ЮНИСЕФ ар бир жарым секундада бир бала Интернетке кирип, түрдүү мүмкүнчүлүктөргө, виртуалдык жеткиликтүүлүккө ээ болгондон тышкары ар кандай коркунучтарга да кабылаарын ырастайт. Мисалы, Интернетке биринчи жолу кошулган бала коркунучтуу сайттарга кирип кетиши ыктымал жана жеке маалыматын туура эмес учурларда колдонуп алышы ыктымал.

“Күн сайын миңдеген балдар Интернетке биринчи жолу киришет – виртуалдык мейкиндик аларга аягы көрүнбөгөн тобокелдиктердин жана биз баалай албаган коркунучтардын агымын кошо ачууда”, - деп белгиледи ЮНИСЕФтин маалыматтар жана изилдөөлөр бөлүмүнүн директору Лоуренс Ченди. “Өкмөт жана жеке сектор өзгөчө кооптуу онлайн-коркунучтарын жок кылууда айрым бир жетишкендиктерге жете алганы менен, балдардын онлайн-жашоосун натыйжалуу коргоо үчүн дагы да көп күч-аракетти жумшаш керек”.

M-report жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, Кыргызстанда өспүрүмдөрдүн 60% Интернетте өздөрүн коопсуз сезишет. Бул изилдөөнү M-report Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту жана ЮНИСЕФ менен биргеликте өткөн жылы өткөргөн. Бирок учурда бар болгон тобокелдиктер балдардын жана өспүрүмдөрдүн Интернетте коопсуз жана сапаттуу маалыматка жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн көп аракеттер жумшалыш керектигин тастыктап турат.

“Кыргызстанда ЮНИСЕФ онлайн коопсуздук маселелеринде окутуучулардын, тартип коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле ата-энелердин билимин жогорулатуу жаатында Өкмөттүн аракеттерин колдоп келет”, - деп айтты ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы башчысы Юкиэ Мокуо. “ЮНИСЕФ онлайн режиминде отурган балдардын коопсуздугу бардык тараптар үчүн артыкчылыктуу маселе боло турган мамлекеттик санарип саясатын иштеп чыгуу үчүн өкмөт, жарандык коом жана жеке сектор менен дагы да тыгыз кызматташуу зарыл болгонун белгилейт”.

ЮНИСЕФ төмөнкүдөй иш-аракеттерди сунуштайт:

1.   Улуттук чараларды координациялоо. Биз балдардын коопсуздугу үчүн принциптерди киргизүү үчүн аткаминерлер, тартип коргоо органдары жана IT тармагынын өкүлдөрү ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салышыбыз керек. Ошондой эле балдарды сатуу, Интернетте сексуалдык асылуу жана башка укук бузган учурларды аныктоого жардам берген чечимдерди биргелешип табышыбыз керек.

2.   Балдардын купуя маалыматын коргоо. Балдардын жеке маалыматтарын коргоо жана туура эмес колдонулушун болтурбоо; Интернетте балдар тууралуу маалыматтарды жыйноо жана колдонууда эл аралык стандарттарды колдонуу боюнча; балдарды өзүн онлайн коркунучтардан коргой алууга окутуу боюнча жеке тармакка жана өкмөткө мындан дагы көбүрөөк милдеттенмелерди алуу талап кылынат.

3.   Сапаттуу байланыш жана санарип сабаттуулугу аркылуу Интернетте балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарыл. Балдар туура маалыматтарды иргей алганды билип, онлайн коопсуздугу тууралуу кабардар болушу керек. Муну өкмөт менен маалыматтык-кибер-коопсуздук платформасын иштеп чыгуучулар ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, кенже класстардан баштап бардык курактагы балдар үчүн окуу программаларын чыгаруу; онлайн китепканаларды колдоо жана санарип көндүмдөргө окутуу үчүн коомдук китепканалардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү; мугалимдерди санарип технологиялар жаатындагы даярдыгына инвестиция жасоо; балдарды өзүн онлайн коркунучтардан жана бурмаланган, терс маалыматтардан коргоого үйрөтүү жолу менен ишке ашырса болот.

4.   Жеке тармактын уникалдуу ролун пайдалануу. IT продукттарын жана маркетингди иштеп чыгууну кошкондо, балдарды Интернетте коргоо үчүн маалыматтарды чогултуу жана купуя маалыматты сактоо тармагында этикалык стандарттарды иштеп чыгып, аларды кармоого зарылчылык курч болуп турат.

5.   Интернетте отурган балдар үчүн жеткиликтүүлүк, мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер тууралуу маалыматка инвестиция жасоо. Бизге онлайн мейкиндигинде отурган балдардын Интернетке жеткиликтүүлүгү жана мындагы иш-аракеттери жөнүндө дагы да деталдуу маалыматтар керек. Мындай маалыматтар ченемдик базаны жана мыйзамдарды иштеп чыгууда колдонуу; санарип дүйнөнүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн глобалдык деңгээлде координацияны күчөтүү жана билим алмашуу; балдар уюмдар менен кызматташтыкты жакшыртып, бул ишке аткаминерлерди активдүү тартуу үчүн зарыл.

"Интернетке кошулган балдардын жаш курагы канчалык төмөн болсо, алардын онлайн коопсуздугу жана санарип технологиялар доорунда окутуу маселеси да ошончолук курч болууда", - деп белгиледи Юкиэ Мокуо.

#####

Сүрөттөрдү жана видеону көрүү үчүн шилтемеси боюнча өтүңүз.

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү

үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин

Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы

иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба

аласыз. Ошондой эле Facebook, Instagram жана Twitter социалдык тармактарындагы

баракчаларыбызга жазылыңыз.

Толук маалымат алуу үчүн: 

Крис Купер, ЮНИСЕФ Нью-Йорк, Тел: +1 917 476 1435, kacooper@unicef.org

Вероника Ващенко, ЮНИСЕФ Бишкек Тел: + 996 777 919 142, vvashchenko@unicef.org