ЮНИСЕФ: ымыркайлардын өлүм саны боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат

VIV_0673 (002)

Ымыркайлардын өлүм саны боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунда турат

НЬЮ-ЙОРК/БИШКЕК, 2018-жылдын 20-февралы. – БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) жаңы отчетуна ылайык, дүйнө жүзү боюнча ымыркайлар арасында өлүм саны жогору бойдон кала берүүдө. Пакистан менен Ооганстанда жарык дүйнөгө келген ымыркайларга караганда Жапонияда, Исландияда жана Сингапурда төрөлгөн балдарда жашап кетүү шансы жогору. Ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү боюнча Кыргызстан 184 өлкөнүн ичинен 79-орунду ээлеп, мисалы, Азербайжан жана Молдова өңдүү өлкөлөрдөн озуп чыкты. Кыргызстанда ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү 11.6 болду. Бул демек, 2016-жылы аман төрөлгөн миң баланын ичинен 86 ымыркай чарчап калган дегенди билдирет. Өлкөлөрдүн толук тизмесин бул шилтеме боюнча таба аласыз.

“Чейрек кылымдын ичинде беш жашка чейинки балдар арасында өлүм санын эки эсе кыскартканыбызга карабастан, бир айга толо элек ымыркайлардын арасында өлүм санын азайтууда ушундай эле жыйынтыкка жете алган жокпуз”, – деп белгиледи ЮНИСЕФтин Аткаруучу директору Генриетта Фор. “Бул өлүмдөрдү болтурбай коюу мүмкүн болгонун эсепке алганда, өтө жакыр өлкөлөрдө жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын жашап кетүүсүнө шарт түзө албай жатканыбыз анык”.

Отчетко ылайык, жашоо деңгээли төмөн өлкөлөрдө орточо эсеп менен алганда аман төрөлгөн миң баланын ичинен 27 бала чарчап калат. Жашоо деңгээли жогору өлкөлөрдө аман төрөлгөн миң баланын үчөө жарык дүйнө менен кош айтышат. Жакыр өлкөлөрдө төрөлгөн ымыркайлар арасында өлүм көрсөткүчү бакубат өлкөлөргө салыштырмалуу 50 эсе жогору.

ЖМК менен байланыш жолдору

Вероника Ващченко, Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы

ЮНИСЕФ Кыргызстан

Эл. дарек: vvashchenko@unicef.org

Телефон: +996 777 919 142