ЮНИСЕФ: Сузак районунун мектеп окуучулары аймактарды өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу жана бул багыттагы жетишкендиктери жөнүндө айтып беришет.

photo_Children_2018

ПРЕСС-РЕЛИЗ

Сузак районунун мектеп окуучулары аймактарды өнүктүрүүдөгү жаштардын ролу жана бул багыттагы жетишкендиктери жөнүндө айтып беришет.

2018- жылдын, 19- апрель, саат 13:30 Сузак районунун администрациясында «Аймактарды өнүктүрүүгө жаштардын катышуусу»  аталышындагы iTalk иш чарасы өткөрүлөт.

iTalk – Бул жаштардын пикир айтышуу аянтчасы, ал жерде жаштардын регионалдык жана жергиликтүү деңгээлдеги чечим чыгаруу процесстерине катышуусунун маанилүүлүгү талкууга алынат. Ошондой эле жаштар туруктуу өнүктүрүү максаттары локалдаштырууга жаштардын катышуусун талкууга алышат. Иш чарага Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев жана БУУнун балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Юкиэ Мокуо айым дагы катышат.

Иш чарада Сузак районунун орто мектептеринин мектеп парламенттери,мугалимдер жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу уюмдарынын өкүлдөрү сөз сүйлөшөт.Ар бир сүйлөчүүгө 6 мүнөт негизги убакыт жана аудиториянын суроолоруна жооп берүү үчүн 3 мүнөт убакыт берилет. Сүйлөөчүлөр жаштардын чыр чатактарды алдын алуудагы орду, мамлекет жаштарды чечим чыгаруу процесстерине катышууга кантип чакыра алат, жол коопсуздугу жана мектеп окуучулары, мектеп, жаштар жана айыл ортосундагы көпүрө жана айылда жаштар кантип ишкердүүлүк менен алектенсе болот деген темалардын үстүндө өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

«Бул иш чара Сузак районунун мектеп окуучулары үчүн маанилүү, себеби алар өз коомчулуктарынын жашоосундагы маанилүүлүгүн түшүнүшөт. Ошондой эле алар долбоордун алкагында өз коомчулуктарынын муктаждыктарын аныктап, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте коомдук талкууларды өткөрүштү. Мен бул иш чараларды абдан манилүү деп эсептейм, себеби жаштар өз коомчулуктарына кайдыгер карабастан, өздөрүнүн активдүү жарандык позициясын көрсөтүүгө  үйрөнүп жатышат.Ошондой эле райондук администрация аларга колдоо көрсөтүп, алардын ойлорун угуп, аларга катышуу мүмкүнчүлүгүн берип жатабыз» - деди Сузак районунун акими Эрмекбай Омошев, Сузак райоунун акими.  

«Бул iTalkтун өзгөчөлүгү мектеп окуучуларынын сүйлөөчү катары катышуусунда, анткени алар өз коомчулуктарында лидер жана жарандык активист калыптанып жатышат. Алар өз мисалдары менен жаштардын өз коомчулуктарында өзгөрүү кыла ала тургандыгы көрсөтүштү. Аймактарда өз коомчулуктарынын өнүгүүсүнө активдүү катышкан жаштардын өсүп келе жаткандыгы бизди кубандырат» - деди долбоордун координатору Бексултан Рустамов.

Бул iTalk “Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан” долбоорунун алкагында Борбордук Азиядагы билим берүүчү Дебат ассоциациясы (IDEA СА) жана  БУУ нун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулуп жатат.

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоору жаштардын жана өспүрүмдөрдүн, коомчулуктун өнүгүүсүнө бирдей катышуусу үчүн потенциалын жогорулатууга жана диалогторду түзүүгө багытталган.

ЖМК менен байланыш жолдору:

Вероника Вашченко, Коммуникациялар боюнча бөлүмдүн башчысы, ЮНИСЕФ Кыргызстан

Телефон: +996 777 919 142

Email: vvashchenko@unicef.org

ЮНИСЕФ тууралуу: БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча балдардын жашоосун жакшы жагына өзгөртүү үчүн 190дон ашык өлкөдө өз ишмердигин жүзөгө ашырып келатат. Ошону менен бирге фонд балдардын эң аярлуу топторуна өзгөчө көңүл бурат. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн 1994-жылы ачкан.

ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan/ky/ сайтынан таба аласыз.

Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.