ЮНИСЕФ: жаш куткаруучулар чукул кырдаалдарга реакция жасоо ыкмаларын өздөштүрүштү

DRR_simulation_Talas_2016

пресс-релиз

 

Жаш куткаруучулар чукул кырдаалдарга реакция жасоо ыкмаларын өздөштүрүштү.

БИШКЕК, 2018-жылдын 9-февралы – Бүгүн борбор калаадагы №5 мектептин окуучулары арасында алгачкы симуляциялык окуу өттү. Бир ай бою мектептин окуучулары жана администрациясы чукул кырдаал жаралганда эвакуациялоо көндүмдөрүн өздөштүрүшкөн. Ал эми жаш куткаруучулардын атайын тандалып алынган командасы дарыгер келгенге чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча тренингден өтүшкөн.

“Бүгүн балдар чыныгы экстремалдык кырдаалдарга мүмкүн болушунча жакындатылган шарттарда жасай турган иш-аракеттерди кайталап чыгышты. Бул окуулар балдардын дене бой жана психологиялык даярдыгын текшерип алууга жардам берет деп ишенем. Мындай даярдык балдарга чукул кырдаалдар маалында дүрбөлөңгө түшпөй, туура иш алып барууга жардам берет”, - деп белгиледи БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы Өкүлчүлүгүнүн башчысы Юкиэ Мокуо.

Иш-чара “10 ресурстук мектептин базасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча ыкмаларды моделдештирүү” долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат. Бул долбоорду КР Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ жана КР Кызыл Жарым ай Улуттук Коому (КР КЖАУК) биргелешип ишке ашырууда. Жапон Өкмөтүнүн финансылык колдоосу алдында ишке ашкан бул долбоор 2017-жылдын декабрында башталып, табият кырсыктарына реакция жасоого карата мектептердин жана окуучулардын даярдыгын күчөтүүгө багыталган.

Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Чукул жана ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура мырза табият кырсыктарынын кесепеттерин жоюу жаатында эки өлкө ортосундагы кызматташтык өнүгүү баскычында турганын белгиледи. “Ушул өңдүү окуулар табият кырсыктары келтирген зыянды азайтууга гана жардам бербестен, ошону менен бирге адамдарды ушундай учурларда жана андан кийин өзүн туура алып жүргөнгө даярдайт”, - деди элчи.

Иш-чара маалында балдарга чукул кырдаалдардын ар кандай сценарийи сунушталды. Сценарийдин планына жараша жаш куткаруучулар эвакуация жүргүзүп, жабырлануучуларга алгачкы медициналык жардам көрсөтүштү.

Окуулар эки этап менен өттү: 1-этап – чукул кырдаал коркунучу тууралуу жарыялоо, окуучуларды жана мектеп администрациясын эвакуациялоо; 2-этап – окуучулардын арасынан тандалып алынган жаш куткаруучулар командасы шарттуу түрдө жабырлануучулар делген окуучуларга дарыгерлер келгенге чейин алгачкы медициналык жардам көрсөтүү көндүмдөрүн өздөштүрүүсү.

“Мындай окуулардын башкы максаты – чукул кырдаалдар шарттарында да, ага чейин да кырсыктын коркунучун азайтуу жаатында окуучулардын жана мектеп администрациясынын билимин жакшыртуу. Эң негизгиси – чукул жана коркунучтуу кырдаалдарда коопсуз жүрүм-турум көндүмдөрүн үйрөтүш керек”, - деп белгиледи “Чукул кырдаалдарды башкаруу” департаментинин (КР КЖАУК) программалар боюнча координатору Бектур Иманкулов.

Симуляция ыкчам реакцияны өнүктүрүп, өспүрүмдөрдү командада уюшуп иштегенге жана чукул кырдаалдар маалында өзүн туура алып жүргөнгө үйрөтөт. Ушундай эле иш-чаралар Кыргызстандын башка тогуз мектебинде да өтүп жатат. Бул мектептер ресурстук деп эсептелингендиктен алган билимдерин республикадагы башка мектептерге өткөрүп беришет.

Мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин коопсуздугун баалоо максатында ЮНИСЕФ жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй, билим берүүчү мекемелердин 85% коопсуздук деңгээли төмөн болуп чыккан. Ошентип, Кыргызстандагы миллиондон ашуун бала табият кырсыктары тобокелдиги алдында билим алууда.

Кошумча маалымат алуу үчүн:

Айпери Алымбекова, ЮНИСЕФ, 0777 91 91 43, aalymbekova@unicef.org

Бегимай Асанова, КР КЖАУК, 0557 98 90 80, b.asanova@redcrescent.kg

 

Биз жөнүндө:

· Кыргыз Республикасынын Кызыл Жарым ай Улуттук коому (КР КЖАУК) – Кызыл чырым жана Кызыл Жарым ай Коомдорунун Эл аралык Федерациясынын мүчөсү. КР КЖАУК 1926-жылы түзүлгөн жана өлкөдөгү калктын ар кандай социалдык көйгөйлөрүн чечүүдө мамлекеттин жардамчы чынжырчасы болуп саналат.

ЮНИСЕФ ТУУРАЛУУ

· БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) дүйнө жүзү боюнча эң аярлуу балдарга жардам берүү үчүн 190дон ашуун өлкөдө өз ишин жүзөгө ашырып келет. ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы Өкүлчүлүгү 1994-жылы ачылган. ЮНИСЕФ жана анын Кыргызстандагы иши тууралуу кошумча маалыматты https://www.unicef.org/kyrgyzstan сайтынан таба аласыз. Ошондой эле FacebookInstagram жана Twitter социалдык тармактарындагы баракчаларыбызга жазылыңыз.