«Жашоого кошул», БУУ БКБ кылмыштуулуктун алдын алуу шайманы катары спорттун күчү жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу боюнча кампанияны баштоодо

UNCT-KYRG-UNODC_launch1

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттик БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы (БУУ БКБ) менен өнөктөштүктө төрт социалдык, шыктандыруучу мүнөздөгү «Жашоого кошул» роликтерин жайылта баштады. Бул роликтер жаштарды спортко тартуунун маанилүүлүгүнө арналган.

Социалдык роликтер спортту жашоонун сергек мүнөзү жана укук бузуулардын, зомбулуктун жана баңгизаттарды колдонуунун алдын алуу үчүн шайман катары жайылтуу максатында иштелип чыккан. Ошондой эле БУУ БКБнын Глобалдык Программасынын алкагында 2015-жылы Катарда Бириккен Улуттар Уюмунун Кылмыштуулуктун алдын алуу жана кылмыш-жаза сот адилеттиги боюнча конгрессинде кабыл алынган Доха Декларациясын колдоо максатын көздөйт.  

«Жашоого кошул» аттуу 13-18 жаштагы жаштардын турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча спортко багытталган окутуу программасы Доха Декларациясынын Глобалдык Программасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат. «Жашоого кошул» программасы жаштардын жеке жана социалдык көндүмдөрүн, ошондой эле алардын кылмыштуулукка, зомбулукка жана баңгизаттарды колдонууга байланышкан тобокелдиктер жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу менен бул көрүнүштөргө каршылык көрсөтө билүү жөндөмдөрүн бекемдейт.

Социалдык роликтердин бет ачаар аземинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар, дене тарбия жана спорт иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун жаштар саясаты боюнча орун басары Мирлан Парханов бул демилгенин маанисин баса белгиледи: «Бул биргелешкен долбоор Мамлекеттик агенттикке өлкөнүн машыктыруучулук курамынын дараметин жогорулатууга, ошондой эле жеке көндүмдөрдү өнүктүрүүнүн инновациялык жана интерактивдүү ыкмаларын ишке киргизүүгө жардам берди, ал эми бул болсо, өз кезегинде, жаштарга күнүмдүк турмуштагы жагдайлардан чыга билүүгө жана кылмыштуулук менен баңгизаттардан оолак болууга жардам берүүдө».

Бардыгы болуп 4 социалдык ролик иштелип чыккан. Алардын ар бири спорттун аркасы менен кантип антисоциалдык жүрум-турумду болтурбай коюунун жана жаштарга алдыларына максат коюп, аларга жете билүүгө жана жашоонун сергек образын карманууга кантип жардам берсе боло тургандыгынын өзүнчө аспектилерин чагылдырат.

Биринчи ролик «Он-спорт» деп аталат жана анда ар кайсы адамдардын жашоосу, спорт кандайча алардын турмушун жакшы жагына өзгөртүп, жашоодогу  кыйынчылыктарга  каршылык көрсөтүү жөндөмдөрүн, социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө жардам берип, натыйжалуу баарлашууга үйрөткөндүгү жөнүндө сөз болот. Экинчи жана үчүнчү ролик болсо спорттун Кыргызстандын аялдар арасындагы футбол боюнча улуттук курама командасынын футболчу айымы, жакында эле испаниялык Madrid CFF клубу менен контрактка кол койгон Айдана Оторбаева менен триатлончу, Кыргызстандагы биринчи «айрон мэн» Канат Келсинбековдун турмушундагы ролун чагылдырат. Төртүнчү ролик спорттун терс таасирге, кылмыштуулукка туруштук берүүнү өнүктүрүүдөгү ролун көрсөтөт, ошондой эле спорт кандайча аң-сезимди, терс таасирлерге (теңтуштарынын) каршы турууга болгон жөндөмдүүлүктү бекемдей тургандыгы жөнүндө сөз кылат.

Аталган социалдык роликтерди жайылта баштоо БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Программалык кеңсеси 18-июндан 27-июнга чейин өткөрүп жаткан иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Бул иш-чаралар жылына 26-июнда өткөрүлө турган Баңгизат каражаттарын ашыкча колдонуу жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлап өткөрүлүүдө.  

«2018-жылдагы Баңгизат каражаттары менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнүн темасы - «Баарынан мурда уккула». Балдар менен жаштарды уга билүү – бул алардын дени сак болуп, өздөрүн коопсуз сезишине карата болгон алгачкы кадам болуп саналат. «Жашоого кошул» демилгеси спорт балдар менен жаштардын, алардын үй-бүлөлөрү менен коомдун бакубаттуулугуна кандай натыйжалуу салым кошуп жаткандыгын көрсөтөт», - деп кошумчалады БУУ БКБнын Борбордук Азиядагы программасынын эл аралык координатору Кун Маркверинг.

«Жашоого кошул» окуу программасы – бул 10 баалуу сабактан турган жана жаштарга арналган, ошондой эле спортко багытталган уникалдуу окутуу курсу болуп саналат. Алар күнүмдүк турмуштагы күндүн талаптары, стресстер жана адамдардын ортосундагы жаңжалдарды натыйжалуу башкара билүүгө жардам берген негизги турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган, адамдарга позитивдүү таасир берет, жаштардын антисоциалдык жана девианттуу жүрүм-турумун болтурбайт. Программа атайын сертификациядан өткөн машыктыруучулар тарабынан мектептерде, ошондой эле башка окуу мекемелеринде жүргүзүлөт.   

2017-2018-жылдар ичинде программанын алкагында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жакын жайгашкан райондорунда, ошондой эле Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында 64 спорттук машыктыруучулар жана дене тарбия мугалимдери окутуудан өткөн. Бул 42 пилоттук борбордогу, анын ичинде орто жана спорттук мектептердеги, ошондой эле башка билим берүүчү жана өнүктүрүүчү борборлордогу 800гө чамалаш жаштардын турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүү боюнча спортко багытталган курс катары өткөрүлгөн.

Кошумча түрдө: социалдык роликтерди жайылтуу боюнча өнөктөштөр: бардык мамлекеттик КТРК, ЭлТР, Пирамида, 5-канал, «Ынтымак» КТРК жана облустук теле-радио компаниялар; New TV, RTV, Lubimii TV санариптик телеканалдары; «Kaktusmedia» интернет-порталы, «Новые Лица» гезити, Tuz.kg маалыматтык-аналитикалык порталы, «Регион» Борбордук-Азиялык сайты, «Жол» маалыматтык-көңүл ачуучу порталы; OLOLO (arts,events & coworking space), ошондой эле LaLaFo. Булардын бардыгы «Жашоого кошул» аралыкка чуркоо Cross Country иш-чарасын колдоого алышты.

***

Кошумча маалымат алуу үчүн

Василина Бражко айымга кайрылсаңар болот,

БУУ БКБ/БААБ, Коомчулук менен байланыштуу жана ЖМК менен иштөө боюнча улуттук координатор

тел. +996 312 32 17 32; +996 775 98 78 17

эл. почта: vasilina.brazhko@un.org

Facebook: @UNODCCentralAsia

 

МААЛЫМАТ ИРЕТИНДЕ

Аталган социалдык роликтерди жайылта баштоо БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча Программалык кеңсеси жылына 26-июнда өткөрүп жүргөн Баңгизат каражаттарын ашыкча колдонуу жана алардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлап өткөрүлүүдө.  Күндүн урааны – «Баарынан мурда - уккула».

Бул күндүн алкагында БУУ БКБ бир катар иш-чараларды уюштурат:

-18-июнда – «Жашоого кошул» социалдык роликтерин жайылта баштоо;

- 20-июнда «Кордай» чек ара өткөрүү пунктунда чек арачылар төш белгилер менен магниттерди таратышат;

- 22-июнда  Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакта «Жашоого кошул» урааны алдында “Cross Country” аттуу жаштар үчүн аралыкка чуркоо иш-чарасы өтөт;

- 26-июнда Баңгизат каражаттарына, психотроптук каражаттарга жана прекурсорлорго көзөмөл кылуу боюнча Мамлекеттик координациялык комитеттин отуруму өтөт (БКМК);

- 27-июнда Ош шаарында көчө баскетболу, волейболу жана футболу боюнча спорттук иш-чаралар өткөрүлөт.